Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Элдин үнү бийликке жетеби?


“Азаттыктын” апта сайын чыгуучу “Эл үнү” программасына телефон чалган угармандардын көпчүлүгү генерал Исамил Исаковдун камалышына тынчсыздануусун билдиришип, ар кандай көйгөйлүү маселелердин чечилбей жатканын айтып кайрылышты.

Учурдагы ардагер, Чүй облусунун салык инспекциясынын мурдагы бөлүм башчысы Данияр Момунов “Азаттыктын” студиясына келип, мындан он алты жыл мурда Жумакадыр Акенеев “Жергиликтүү салык жыйноо жөнүндө” мыйзамды бузганын айтып, бул мыйзамды калыбына келтирүүгө азыркы президент Курманбек Бакиев да көңүл бурбай жатканын айтты.

- 20-февраль 1995-жылы мыйзам менен токтомду жокко чыгарып, Жумакадыр Акенеев “Жергиликтүү салык жыйноо жөнүндө” мыйзамды бурмалап, салыкты Статкомитетке кызмат кылганы үчүн деп “кассовый ордер” менен чогулттурган. Ал “кассовый ордер” атайын документ болуп эсептелбейт. Ошентип Статкомитет элден мыйзамсыз акчаны уурулук жол менен жыйнап, эки эсе маяна, акчалай сыйлыктарды алып келишкен. Дагы эле элдин эсебинен жан багып келатат. Мына ошол Ж.Акенеевдин буйругун жокко чыгарып, салык жергиликтүү казынага түшүүсү керек деп К.Бакиевге да кайрылсам майнап чыкпады. Ошол Статкомитеттен ашыкча алган маяналарын, акчалай сыйлыктарын элге кайра кайтарып берүү керек.

Данияр Момуновдун мындай дооматы негизсиз, дейт Жумакадыр Акенеев.

- Өз убагында 1994-жылы президент Аскар Акаевдин жарлыгы чыккан. Улуттук Статистикалык комитетти милдеттендирип, жеке менчик ишкердик менен аракеттенем деген адам Статкомитетке келип номер алчу. Ага 20 сомдон төлөөчү. Тогуз айдан кийин аны Адилет министрлигине өткөрүп берген. Данияр Момунов мырза дайыма гезиттерге жазып, мага ар кандай дооматтарды коюп келатат. Мен ага “келиңиз, жакшылап түшүндүрүп берейин” деп айттым. Бирок ага болбой эле ар кайсы жерде менин үстүмөн арызданып келатат. Анын дооматтарында негиз жок.

Ош облусунун Өзгөн районунан телефон чалган Маматурсун аттуу угарман өткөн аптада калың кар жаап, карапайым эл кароосуз калып кала таштаганын, жергиликтүү бийлик, айыл өкмөттөрү калкка камкордук көрбөгөнүн билдирди.

Маматурсундун мындай пикирине Өзгөн районунун өкүлү калың кардан электр зымдары үзүлүп, эки-үч күнгө жарык болбой калганын, бирок калыбына келтирилип, айылдар жарык менен камсыз болгонун белгиледи.

Райондун өкүлүнүн айтымында, кардан кийин жаан жаап, Өзгөн районунда кар калбай калган. “Каттам жолдор тазаланбай жатат дегенге негиз жок” дейт ал.

“Эл үнү” программасына телефон чалган угармандардын көпчүлүгү генерал Исмаил Исаковдун 8 жылга камалышына тынчсыздануусун билдиришти. Алардын көпчүлүгү сот туура эмес чечим чыгарды деген пикирде болушуп, генералды колдоп чыккан элдин суроо-талаптарына бийликтин көңүл бурбай жатканына нааразылыгын айтышты.

Эгерде сизди түйшөлткөн суроолор болсо, кубанычтуу кабар же жеке көз карашыңызды “Эл үнү” программасына билдирем десеңиз 0312 коду менен 31-61-53 жана 31-61-71 номурлуу телефондорго чалыңыз.
XS
SM
MD
LG