Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

21-сентябрь: Тарых барактары


Б. Н. Ельцин 1993-жылдын 21-сентябрында Жогорку Кеңешти тарата турган жардыкка кол койгон.
Б. Н. Ельцин 1993-жылдын 21-сентябрында Жогорку Кеңешти тарата турган жардыкка кол койгон.

Пишпекте салынган үйлөрдүн саны 1881-жылдын бул күнү жүзгө чамалаган. Алардын 89у шаардыктарга таандык болсо, 7 үй коомдук жана 2 үй мамлекеттик менчикке караган. Шаардыктардын жер менчиги өзүн-өзү бакканга эле эмес, ашыкча жерди ижарага берип, байыганга да жеткен.

Петербург университетинин бүтүрүүчүсү, 24 жаштагы Василий Бартольд 1894-жылы «Туркестанские ведомости» гезитине кыргыз тарыхына байланыштуу макалалар түрмөгүн жарыялай баштаган. Анын «О христианстве в Туркестане до монгольский период», «Туркестан в XIII веке», «К вопросу об археологических исследованиях в Туркестане» сыяктуу макалалары адистер арасында зор кызыгууну жараткан. Кийин ал макалалар болочок академиктин «Кыргыздар» аттуу эмгегине негиз болуп берген.

Кыргыз областтык соту 1918-жылкы “Беловодск козголоңу” аталган ишти 1926-жылдын 21-сентябрында териштире баштаган. Сот ишинин 8 жыл өткөндөн кийин кайра карала башталганы козголоңчулардын ана башчыларынын бири Петр Благодаренко «бүткүл союз старостасы» М. И. Калининге «акыйкаттык сурап» кайрылып, аны актап берүүсүн өтүнгөнүнөн улам келип чыккан. М. И. Калинин Фрунзе ОГПУсуна маселени жеринде териштирүү тапшырмасын берген. Ошентип унутулган маселе кайра калкып чыгып, аны менен кошо унутулган Пухов жана Глуховскихдердин сот иши башталган.

Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев 2005-жылдын 21-сентябрында киши колдуу болгон. Түнкү саат он чамасында депутат үйүнө кайтып келе жаткан маалда, жанкечти аны «Макаров» системасындагы тапанча менен атып, оор жарадар депутат ооруканага жетпей жан берген. Б. Эркинбаев №16 Кадамжай шайлоо округунан парламентке шайланып, бир эле маалда Улуттук олимпиада комитетин башкарып келген.

Азимбек Бекназаровдун баш прокурордук кызматтан бошотулганына нааразы болгон он миң чамалуу адам 2005-жылдын бул күнү Аксыда митинг уюштурушкан. Алар А. Бекназаровду кайра кызматка коюу талабын билдирип, К. Бакиевди Аксы окуясында набыт болгон 6 адамдын өлүмүнө тиешеси бар деп айыпташып, анын Аксыга келишин талап кылышкан.

Бу күнү, 1380-жылы Дмитрий Донской Куликов талаасында монгол-татарларды талкалап, 1853-жылы голланд физиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты Хуан Камерлинг-Оннес, 1911-жылы айтылуу актер Марк Бернес, 1916-жылы советтик актер Зиновий Герд жарык дүйнөгө келген.

21-сентябрь - Тынчтыктын эл аралык күнү. Бул дата Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 1981-жылдын 30-ноябрында өткөн 36-сессиясында кабыл алынып, 2002-жылдын 21-сентябрынан тарта белгиленип келет. Башкы Ассамблея бул күнү дүйнө жүзүндөгү зордук, зомбулук менен ок атышууну токтотууга чакырат. Ар жылы 21-сентябрь күнү Тынчтык коңгуроосу кагылып, Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы кайрылуу жасайт.

Новгороддуктар варягдык бир тууган Рюрик, Синеус жана Труворду 862-жылдын 21-сентябрында башкарууга чакырышкан.

Бургундия герцогу Сулуу Филипп 1435-жылдын 21-сентябрында Франция королу Карл VII менен Аррасск келишимине кол коюп, Англия менен мамилесин бузган.

Голландиядагы жөөттөргө 1451-жылдын 21-сентябрында белги коюлган кийим кийүүгө буйрук берилген.

Тевтон орденинин магистри Вальтер фон Плеттенберг 1525-жылдын 21-сентябрында Ригага толук дин эркиндигин ыйгарган.

Франциядагы Улуттук Конвент 1792-жылдын 21-сентябрында королдук бийликти жокко чыгарган декрет чыгарган.

Украина элдик кеңеш комитети 1920-жылдын 21-сентябрында мектептерге сөзсүз түрдө украин тилин окутуу туурасында токтом кабыл алган.

АКШ президенти Уоррен Гардинг 1922-жылдын 21-сентябрында Палестинада жөөт мамлекетин куруу идеясын жактырган.

Рейхстагды өрттөгөн деген айып коюлган коммунисттерге каршы сот 1933-жылдын 21-сентябрь күнү Лейпциг шаарында ишин баштаган.

Польша 1938-жылдын 21-сентябрында Чехословакиядан 1920-жылы тартылып алынган Заользиянын бир бөлүгүн кайтарып берүүсүн талап кылган.

Львов опера жана балет театры 1940-жылдын 21-сентябрында ачылган.

Сан-Марино 1944-жылдын 21-сентябрында антигитлердик коалицияга кошулган.

Мальта 1964-жылдын 21-сентябрында Британиядан эгемендик алган.

Филиппин президенти Фердинанд Маркос 1972-жылдын 21-сентябрында өлкөдө чукул кырдаал жарыялап, Конституцияны жокко чыгарган.

СССР Ички иштер академиясы 1973-жылдын 21-сентябрында уюшулган.

Армениянын 99 % шайлоочусу 1991-жылдын 21-сентябрь күнкү референдумда өлкө эгемендиги үчүн добуш беришкен.

Орусия президенти Б. Н. Ельцин 1993-жылдын 21-сентябрында Жогорку Кеңешти тарата турган жардыкка кол койгон.
XS
SM
MD
LG