Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Эл аралык Музыка күнү Бишкекте белгиленди


Улуттук Консерваторияда эл аралык Музыка күнүнө арналган симфониялык концерт
Улуттук Консерваторияда эл аралык Музыка күнүнө арналган симфониялык концерт

30-сентябрда Кыргыз Улуттук консерваторияcында эл аралык Музыка күнү белгиленип, окуу жайдын студенттеринен жана окутуучулардан турган симфониялык оркестр чоң программадагы концерт тартуулады. Айрым музыка адистери Кыргызстанда кийинки мезгилдерде анчейин маани берилбей келаткан классикалык музыканы эл арасына жайылтуу үчүн мамлекеттик программа кабыл алуу керектигин айтышса, өнөрпоздор болсо музыкалык аспаптардын эскилиги жеткенин белгилешүүдө.

Кыргыз Улуттук консерваториясы менен мындан беш жыл мурда уюштурулган Бишкек шаарынын симфониялык оркестринин музыканттары Улуттук консерваториянын чоң залында 1-октябрь эл аралык Музыка күнүнө карата атайын даярдалган концерттик программада Иоганн Штраус, Иоганн Себестьян Бах, Жоаккино Антонио Россини, Жорж Бизе, Петр Чайковский, Калый Молдобасанов, Мурат Бегалиев жана башка учурда Европа, АКШдагы белгилүү композиторлордун музыкалык чыгармаларын тартуулады.

Маданият жана маалымат министрлигинин Көркөм өнөрдү өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Совхозбек Айтыкеев ааламдашуу доорунда, телеберүүлөрдөгү жеңил шоу-концерттер, компьютердик-техникалык музыкалардын таасири жеке Кыргызстанга эле эмес, жалпы дүйнө жүзүнө тийгенин белгиледи.

Анын айтымында, учурда классикалык музыканын абалы өтө мактанарлык болбогону менен адамзаттын жан дүйнөсүн азыктандырууга, руханий жактан эс алуусуна өтө зарыл болуп турат:

- Ачыгын айтыш керек, азыр кыргыз жана дүйнөлүк классикалык чыгармаларга, симфонияларга коомчулук болобу, мамлекеттин болобу мамиле анчейин эмес. Бул көйгөй жеке эле Кыргызстанда эле эмес, жалпы дүйнө жүзүндө бар. Анткени ааламдашуу, техникалык прогресс адамдардын аң сезимин өзгөртүп жатпайбы. Ошого карабай бизде классикалык музыканы өнүктүрүүгө бардык аракеттер көрүлүп жатат.

Совхозбек Айтикеев Кыргызстандагы салттуу жана классикалык музыканын өнүгүүсүнө өлкөдөгү саясий-экономикалык абал терс таасирин тийгизбегенин, музыка чеберлери ар кандай кыйынчылыктарга карабай чыгармачылыгын арттырып келатышканын билдирди.

Айрым музыка адистери кийинки 20 жыл аралыгында композиторлорго, дирижерлерго, музыканттарга мамлекет тарабынан тиешелүү көңүл бурулбай, калем акы төлөнбөй калганынан улам мыкты симфониялык чыгармалар жазылбай калганын, жазылса да аны оркестрдин коштоосуна салууга мүмкүн болбой жатканын айтышты. Алардын пикиринде мыкты музыканттар, таланттуу жаштар коңшу өлкөлөргө же чет мамлекеттерге чыгып кетишүүдө.

Улуттук консерваториянын ректору Мурат Бегалиев
Кыргызстандагы музыкалык окуу жайларда, опера жана балет театрында, филармонияда музыкалык аспаптар тээ илгерки союз учурунан бери келатканын белгилеп, симфониялык оркестрлерди музыкалык аспаптар менен да жаңылоо керек деп эсептейт:

- Өзбүздүн салттуу музыкалык аспаптарды бул жерден чыгарабыз. Ал эми чоң музыкалык аспаптар, мисалы, фортепиано, рояль, скрипка, контрабас, виолончель, үйлөмө аспаптарды Кыргызстандан жасай албайбыз. Бизде аларды чыгарган фабрикабыз да жок. Учурда Консерватория, Күрөңкеев атындагы окуу жай болобу, Абдыраев атындагы музыкалык мектеп болобу, опера жана балет театры менен филармония болобу музыкалык аспаптарга зар болуп турушат. Мындан бир нече жыл мурда жапон өкмөтү тарабынан жардам берилип, консерваториянын бир катар музыкалык аспаптарын жаңылап алганбыз. Бирок ал да жетиштүү эмес. Өкмөт тарабынан Кыргызстанга музыкалык аспап алуу маселесин кароого мезгил келип жетти.

Айрым музыкалык эксперттердин көз карашында прокуратура, милиция, соттордун кесиптик күнү, транспортчулар, темир жолчулар, бажычылар, салыкчылар күнү деген сыяктуу эле Кыргызстанда да эл аралык Музыка күнүн өкмөттүк деңгээлде өткөрүү зарыл.

Белгилүү композитор Дмитрий Шостаковичтин демилгеси менен 1975-жылы эл аралык Музыка күнүн белгилөө сунушталган. Аны ЮНЕСКОнун Эл аралык Музыкалык кеңеши колдоого алып, жылына 1-октябрда эл аралык Музыка күнү белгиленип, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө атактуу музыкант, дирижер, композиторлордун катышуусунда чоң программадагы концерттер, музыкалык спектаклдер көрүүчүлөргө тартууланып, музыка майрамына айланып келет.

XS
SM
MD
LG