Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Нурайым Азыкбаева Крымдагы сынакка катышты


Крымда өткөн ”Чыгыш базары” деп аталган сынакта музыкант Нурайым Азыкбаева Кыргызстанды таанытты. Буга чейин скрипкада ойноп Кыргызстанда гана эмес, башка өлкөлөрдө да таанылган Нурайым бул сынакта биринчи жолу үнүн сынап, ырдап чыкты. Нурайым Азыкбаева чет өлкөлүк продюсерлердин да көзүнө илинип кайтты.

Чоң сахнага үч жашында келген Нурайым Азыкбаева учурда өзүн музыкант катары да, аткаруучу катары да сынап жаткан кези. Буга далил – ал жакында эле Крымда өткөн эл аралык деңгээлдеги “Чыгыш базары” деп аталган сынакка катышып, биринчи жолу кыргыз тилинде үч ыр ырдап чыккан. Музыканттын айтымында, эстрадага аралашып, ырдап чыкканын себеби, өзүн ар тараптан сынап көргүсү келет.

- Элдин баары мени скрипкада жакшы ойнойт, бирок ырдай албайт деп ойлойт. Андай эмес деп айткым келет. Бул сынакка да ырдап катыштым. Анткени бул жаатта да өзүмдү сынап көргүм келди. Сынакта талаптар катуу болду деп айтсам да болот. Аларды суктандырган нерсе- мен кийген кыргыздын көйнөгү жана кыргыз кыздары абдан эле ыймандуу келет экенсиңер деп баа берип жатышты.

Улуттук аспаптарда мыкты ойногон Нурайым Азыкбаева алгачкы жолу 14 жашында Прибалтика өлкөлөрүндө өткөн сынакка катышкан. Андан кийин 2007-жылы АКШда өткөн сынакта 120 музыканттын ичинен суурулуп чыгып, баш байгеге ээ болгон. Мындан тышкары 2009-жылы Лос-Анжелес шаарында өткөн “Мыктылардын мыктысы” сынагына катышып, скрипкада ойноо боюнча мыкты көрсөткүчтөргө ээ болуп, алтын медаль жеңип алган. Бул ирет Крымда өткөн сынакта байгелүү орундарга ээ болбосо да чет өлкөлүк продюсерлердин көзүнө илинип, мекенине бир катар сунуштар менен кайтты:

- Мага катышуучулардын таланттары абдан жакты. Алар менен келечекте биригип ыр жаздырабыз деп сүйлөшүп келдим. Ошондой эле бир топ чет өлкөлүк музыканттардан иштешкенге сунуштар болду. Макулдугумду бердим.

“Чыгыш базары” эл аралык сынагында 50дөн ашуун ар улуттун ырчылары күч сынашкан. Сынакта катышуучулар аткарып жаткан ырларда фольклордук да, эстрадалык да белгилер болушу керек деген талап коюлган. Нурайым Азыкбаева бул сынакта эң жаш аткаруучу болгон. Бирок, Нурайымдын продюсери Назгүл Айдаралиеванын айтымында, калыстар тобу туура эмес чечим кабыл алып койду:

- Башында баары эле жакшы келе жаткан. Андан кийин эле топтогон упайлар өзгөрүп, чечим башкача чыгып калды. Бул нерсе бир эле мени эмес, көпчүлүктү таң калдырды деп ойлойм. Анткени такыр эле ырдай албайт деп айта албайм, бирок аткаруучулук деңгээли өтө төмөн ырчы биринчиликти алып кетти.

Бала кезинен бери скрипканы колдон түшүрбөй келе жаткан Нурайым Азыкбаева учурда вокалдан сабак алып, ошол эле маалда Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде билим алат. Жаш болсо да бир топ таанылып калган талант тууралуу акын жана обончу Асылбек Өзүбеков “Азаттыкка” буларды айтты.

- Өзүбүздүн улуттук аспаптардан баштай турган болсом, комузда черткен күүлөрдүн тактыгы, өзгөчөлүгү, шаң болсо шаңды бере алгандыгы менен өзү курактуулар арасында эч кимди алдыга чыгарбайт деп айтар элем. Ошондой эле ар дайым обондуу ырларды тазалык менен ырдап келет. Диапазонунун өтө бийиктиги менен өзгөчөлөнүп келет.

Сырларга бай чыгармачыл дүйнөдө канатын таптап жүргөн Нурайым Азыкбаева учурда Түркияда өтө турган эл аралык фестивалга катышууга даярдык көрүп жаткан кези.
XS
SM
MD
LG