Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

20-август: Тарых барактары


Адольф Гитлер 1941-жылдын 20-августунда «Фау» ракетасын иштеп чыгууга көрсөтмө берген.
Адольф Гитлер 1941-жылдын 20-августунда «Фау» ракетасын иштеп чыгууга көрсөтмө берген.

Падышалык бийликке каршы көтөрүлгөн кыргыздардын 1916-жылкы күрөшү Ысык-Көл аймагында айрыкча катуу мүнөздө өткөн. Кыргыз козголоңчуларынын Сазановка, Покровка кыштактарына жасаган тынымсыз чабуулу орустардын жашоосуна жана мал, мүлкүнө коркунуч туудурган.

Жергиликтүү бийлик орус кыштактарын сактап калуу максатында колдо бар аскер күчтөрүн жиберишип, болбосо аскерди сырттан чакыртышкан. «Семиреченская жизнь» гезитинин жазганына караганда, хорунжий Угринов баштаган аскерлер 1916-жылдын 19-августунан 20-августка караган күнү Пржевальк шаарын коргоого келген. Жетисуу аскер губернаторунун буйругуна ылайык Кравченко Яркенттен чакырылып, ал да ушул эле күнү Каркыра аркылуу Пржевальск шаарына кирген.

Бийликке каршы көтөрүлгөн кыргыздардын чакан колу 1916-жылдын 20-августунда Чүй суусун бойлой Токмок шаарына кирген. Казак орустардын аскер взводу аларды астынан тосуп, шаардын чет жакасына сүрүп чыгарган. Шаардын айрым жерлеринде жөө аскерлер менен пулеметтук күчтөр колдонулган. Кыргыздардын айрым бөлүктөрү Соловьевканын башкы көчөсүнө чыгышкан. Күбө катары тартылган айрым адамдардын көрсөтмөсүнө караганда, кыргыз колу кеминде 3000 кишиге жеткен.

Токмок шаарына казак орустар менен пулеметчулардын командасы киргизилгенден тарта, кыргыздардын кол салуусу Покровка кыштагына ооп, ал туруктуу мүнөз ала баштаган. Чабуул койгондор кыштактын түндүк тарабындагы саздак аймактан чабуул жасашып, орус дыйкандары Покровканын көчө башына баррикадаларды курууга киришкен.

Алматылык көркөм фильм студиясы «Манастын уулу Семетей» аттуу кыргыз улуттук тасмасын тартуу үчүн 1945-жылдын бул күндөрү Фрунзе шаарына келип, даярдык камылгасын көрүп баштаган. «Манастын уулу Семетей» тасмасынын сценарийин К. Исаев менен Ж. Бөкөнбаев жазган. Тасманын масштабы жана чыгымы буга чейин Советтер Союзунда тартылган «Иван Грозный» менен «Георгий Саакадзе» тасмаларына теңелип, ага миңдеген киши тартылган.

Жон Мильтондун «Кайып болгон бейиш» эпикалык поэмасы 1667-жылдын 20-августунда жарык көргөн.

Биринчи орус деңиз сүзүүчүсү капитан-командор Витус Беринг 1741-жылдын 20-августунда Алясканы ачкан.

Император Александр I 1812-жылдын 20-августунда орус армиясынын башчылыгына Михаил Кутузовду дайындаган.

Герцендин «Полярная звезда» журналынын биринчи саны 1855-жылдын 20-августунда жарык көргөн.

Христ Коргоочу храмында П. И. Чайковскийдин «1812-жыл» увертюрасы 1882-жылдын 20-августунда аткарылган.

«Отечественные записки» журналы 1884-жылдын 20-августунда жабылган.

Рональд Росс 1897-жылдын 20-августунда безгектин вирусун тапкан.

Томас Эдисон 1912-жылдын 20-августунда фонограф менен электр батареясын патенттеген.

Антанта мамлекеттери Латвия, Литва жана Эстония өлкөлөрүн 1918-жылдын 20-августунда таанышкан.

«Всемирная литература» басмасы 1918-жылдын 20-августунда уюшулган.

Рим метросунун биринчи багыты 1925-жылдын 20-августунда ачылган.

Лев Троцкийге 1940-жылдын 20-августунда Мехико шаарында кол салынган.

Нацисттик Германиянын фюрери Адольф Гитлер 1941-жылдын 20-августунда «Фау» ракетасын иштеп чыгууга көрсөтмө берген.

Советтер Союзундагы ДОСААФ уюму 1951-жылдын 20-августунда уюшулган.

Советтер Союзу 1953-жылдын 20-августунда водороддук бомба ийгиликтүү сыналганын жар салган.

Космоско учурулган Белка жана Стрелка аттуу иттер 1960-жылдын 20-августунда Жерге ийгиликтүү кайтарылган.

«Дунай» операциясынын алкагында Варшава келишимине кирген өлкөлөрдүн аскерлери 1968-жылдын 20-августунда Чехословакияга киргизиле баштаган.

Италиялык альпинист Райнхольд Месснер 1980-жылдын 20-август күнү биринчи жолу өзү жалгыз жана кислород маскасыз Эвересттин чокусуна чыккан.

Америка Кошмо Штаттары 1983-жылдын 20-августунда Советтер Союзуна курулуш түтүктөрүн алып келүүгө эмбарго киргизген.

Иран-ирак согушу (1980—1988) 1988-жылдын 20-августунда соңуна чыккан.

Эстония 1991-жылдын 20-августунда эгемендик алган.

Мамлекеттик төңкөрүштүн (ГКЧП) экинчи күнү 1991-жылдын 20-августунда Ленинграддын Дворцовой аянты менен Москва шаарынын Ак үй алдында миңдеген адам катышкан нааразылык митингдери өткөрүлгөн.
XS
SM
MD
LG