Падышалык 1750 жоокер жана 15 пушка менен куралданган орус аскерлери 1860-жылдын бул күнү Пишпек чебин басып алышкан. Пишпек чеби Кокон хандыгынын Чүй өрөөнүндөгү бийлик тиреги эсептелинип, аны мыкты куралданган 500 сарбаз кайтарган. Орус аскерлери Пишпекти беш күн камашып, аткылоочу куралдын артыкчылыгы менен чепти басып алууга жетишкен. Кокон хандыгынын урагыс тириги деп кабыл алынган Пишпек чебинин кулашы, Чүй өрөөнүндөгү кыргыздарга зор таасир тийгизген жана алардын мындан ары хандык залимдигинен кутулуу максатында орус армиясына көмөк көрсөтүшүнө себеп болгон.
Пишпек шаарында 1885-жылдын бул күндөрү үзгүлтүксүз жер титирөөлөр болуп турган. Жер титирөөнүн жогорку чеги 6 баллдык көрсөткүчкө жетсе, шаарга 40 км жакын жайгашкан Беловодск айылында жер титирөөнүн күчү 9-10 балл менен өлчөнгөн. Метеорологдордун айтымында, мындай даражадагы жер титирөө Чүй өрөөнүндө буга чейин катталган эмес.
Пишпек уезддик жумушчу, дыйкан жана мусулмандар Советининин II съезди 1918-жылдын 4-сентябрында ишин баштаган. Жыйында жер-суу комитеттерин уюштуруу маселеси, тамак-аш тартыштыгын жоюу, жер иштетүүнү өнүктүрүү, соода жана өнөр жайды жөнгө салуу, армияны кайра куруу иштери каралган. Мындан тышкары жыйын катышуучулары өлкөдөгү билим берүү тармагы менен саламаттык сактоо маселелерин козгошкон.
Чоң Алай районунун түштүгүндө өлкө чегин бузган исламчыл согушчандардын отрядын талкалоо боюнча аскердик операция 1999-жылдын 4-сентябрь күнү башталган. Кыргызстандын Коргоо жана Ички иштер министрликтеринин аскерлери Бок башы ашуусундагы маанилүү бийиктикти ээлешип, душмандар Тажикстанга чегинишкен.
Испания менен 4 жыл согушуп жатып португалдыктар 1479-жылдын 4-сентябрында Канар аралдарына ээлик кылууга жетишкен.
Орус-швед согушунун жүрүшүндө Гельсингфорско камалган швед армиясы 1742-жылдын 4-сентябрында толугу менен багынууга мажбур болгон.
Испандык 44 көчкүн 1781-жылдын 4-сентябрында Лос-Анжелес жана Калифорнияны негиздешкен.
Людовик XVI 1791-жылдын 4-сентябрында Франциянын биринчи Конституциясына кол койгон.
Айтылуу немис филологу Георг Гротофенд 1802-жылдын 4-сентябрында дүйнөдө биринчи болуп вавилондук клинопис жазуусун окуган.
Александр I 1821-жылдын 4-сентябрында Американын Аляскадан Орегонго чейинки жерди Орусиянын кызыкчылык аймагы деп жарыялап, чет элдик кемелер үчүн Алясканы жаптырган.
Немис акыны Август Генрих Гоффманн фон Фаллерслебен кийин Германиянын гимнине айланган «Дойчланд, Дойчланд, юбер аллес» деген ырын 1841-жылдын 4-сентябрында жарыялаган.
Император Наполеон III 1870-жылдын 4-сентябрында тактан кулатылып, Францияда Υчүнчү Республика орнотулган.
Томас Эдисон 1882-жылдын 4-сентябрь күнү дүйнөдө биринчи жолу электр жарыгын коммерциялык максатта колдонуп, Нью-Йорктун көчөлөрүнө жарык берген.
Жорж Истман 1888-жылдын 4-сентябрында фотоаппаратты патенттеп, «Кодак» соода маркасын каттоодон өткөргөн.
Англияда бойскауттардын биринчи парады 1909-жылдын 4-сентябрында өткөн.
Британия, Орусия жана Франция 1914-жылдын 4-сентябрында Германия менен сепараттык келишим түзбөө тууралуу макулдашкан.
Украинадагы кызыл профессура Институту 1932-жылдын 4-сентябрында ачылган.
НКВД агенттери троцкисттерге өтүп кеткен Коминтерндин лидерлеринин бири - И. Рейсти 1937-жылдын 4-сентябрында Лозанна шаарында өлтүрүшкөн.
«Эгерде мени өлтүрүп кетишсе, анда мени коммунист деп эсептегиле» деген учкул термин биринчи жолу «Красная Звезда» маалымдоо каражатынын 1938-жылдын 4-сентябрь күнкү санында колдонулган.
Финляндия 1944-жылдын 4-сентябрында Советтер Союзуна каршы согуш аракетин токтоткон.
Советтер Союзунун Мамлекеттик Коргоо комитети 1945-жылдын 4-сентябрында жоюлган.
Ааламды согуш отуна түрткөн Кариб кризиси 1962-жылдын 4-сентябрында башталган.
«Что? Где? Когда?» аттуу оюн биринчи жолу 1975-жылдын 4-сентябрында обого чыккан.
Свердловск шаары 1991-жылдын 4-сентябрында кайрадан Екатеринбург аталышын алган.
1997-жылдын 4-сентябрында Москванын 850-жылдыгы белгиленген.