Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

Борбор Азия геосаясий таймаштын чордонунда


Батыш басма сөз каражаттары апрель окуяларына байланыштуу ызы-чуу менен коштолгон сот жараянын талкуулашууда.

The Jamestown Foundation аталган кордун баракчасында чыккан макала 17-ноябрда башталып, 22-ноябрга жылдырылган апрел окуялары боюнча соттук териштирүүгө арналган.

Макалада апрель окуяларына байланыштуу сот жараяны Бишкектеги спорт ордосунда ызы-чуу менен башталып, анда жабырлануучулардын туугандары айыпталуучуларга, алардын адвокаттарына кол салганы жана сот залынын алдында жүздөгөн адам митинг уюштуруп, айыпталуучуларга оор жазалардын берилүүсүн талап кылганы баяндалат.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев башында турган 28 адам, анын ичинде мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев массалык кыргынга себепкер болду деген айып менен соттолуп жатканы белгиленген макалада, апрелдеги окуяларда 86 киши өмүрүнөн ажырап, 1000 чакты киши жарадар болгону эске салынат.

Бул окуя тууралуу Лондондогу Financial Times гезити да макала жарыялап, 17-ноябрда чоң ызы-чуу менен башталган сот жараяны апрель козголоңунан кийин бийликке келген жана өлкөдө тартипти калыбына келтирүүгө тырышып жаткан убактылуу өкмөт үчүн чоң сыноо болорун билдирет.

Айыпталуучу 28 кишинин ичинен 6 киши, анын ичинде мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын иниси жана уулу сыртынан соттолуп жатканы баяндалган макалада, айрым чөйрөлөр спорт сарайында өткөрүлүп жаткан сот жараяны өлкөдө дагы башаламандыктарга себепкер болушу ыктымал “көргөзмө” сотко окшошуп жатканы бышыкталат.

Макалада сот жараянынын адилет өткөрүлүүсүн, айыпталуучулар менен алардын коргоочуларынын коопсуздугун кепилдикке алууга чакырган АКШнын билдирүүсү жарыяланган.

Daily Telegraph гезити Кытай, Орусия, Казакстан, Куба, Марокко жана Ирактан турган 6 өлкө кийинки айда кытайлык диссидент Лю Шиабаого Нобелдин Тынчтык сыйлыгын тапшыруу аземине катышпай турганын жазып чыкты.

Жыл сайын 10-декабрда Ослодо Нобелдин Тынчтык сыйлыгы тапшырылып, ага бардык өлкөнүн лидерлери катышып келет. Бирок бул жылы Кытайдын эскертүүсүнөн улам аталган өлкөлөр аземге катышуудан баш тарткан. Макалада Кытайда реформаларга үндөгөнү үчүн 11 жылга эркинен ажыратылган Лю Шиабаого Нобелдин Тынчтык сыйлыгы ыйгарылганы кытай бийлигин нааразы кылып, аземге катыша турган өлкөлөргө эскертүү берилгенине карабастан, АКШ, Британия, Франция жана Германия жана башка бир топ Батыш өлкөлөрү аземге катыша турганы баяндалган.

“Борбор Азияда таасирин арттыруу максатында АКШ, Кытай жана Орусия ортосунда жүрүп жаткан геосаясий таймашта Бээжин энергетика тармагынан тарта, стратегиялык өнөктөштүк программасынын чегинде аскердик кызматташтыкты өнүктүрүүгө чейин колунда болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланууга киришти” деген пикир билдирилет The Jamestown Foundation корунун баракчасында чыккан бир макалада.

Ноябрдын башында Казакстандын “Самрук Казыйна” аттуу мамлекеттик кайрымдуулук коомунун жетекчиси Кайрат Келимбетов менен Кытайдын “Датанг” аттуу чет элдик инвестиция компаниясынын төрагасы Лиу Шен Данын ортосунда кол коюлган энергетика тармагындагы кызматташтыкты көздөгөн меморандум мисалга тартылган макалада, “Кытайдын Казакстандагы экспанциячыл саясаты жаңы бир кадам таштады” деген ой айтылат.
XS
SM
MD
LG