Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Дүйнөлүк таймашуулар уланууда


Ганалык чабуулчу Асамди Гьян
Ганалык чабуулчу Асамди Гьян

Түштүк Африка өлкөсүндөгү дүйнө чемпионатында 13-июнда Алжир менен Словения, Германия менен Австралия жана Сербия менен Гана өлкөлөрү беттешти.

Футбол - дүйнөдөгү эң кызыктуу оюндардын бири, спорт падышасы деп да айтылганы айкын болууда. Бул оюнга кары-жашына, аял-эркегине карабай жан-дили менен күйөрман болгон адамдардын катары жылдан-жылга өсүп барат.

Учурда бардык элдердин башын бириктирген Түштүк Африка республикасында өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын таймашуулары курчуп баратат.

13-июнда кечинде “С” тобундагы атаандаштар Алжир менен Словения өлкөлөрүнүн командалары күч сынашып, мөрөй талашты. Калыстар оюндун эрежесин бузуп, топту колу менен кармаган словениялык Абдел Газеллге кызыл кагаз көрсөтүү менен футбол талаасынан четтетти.

Ошондой болсо да оюндун акыркы мүнөттөрүндө словениялык Роберт Корен атаандаштарынын дарбазасына жеңиштүү топ киргизди. Натыйжада 1:0 эсеби менен Словения Алжирди утуп, алгачкы 3 упайга ээ болду.

13-июнда “Д” тобундагы атаандаштар Сербия менен Гана өлкөлөрүнүн командалары беттешти. Сербиялык жарым коргоочу Александр Лукович оюн эрежелерин бузгандыгы үчүн ага калыстар кызыл түстөгү жазалоо кагазын көрсөтүп, ал беттешүүдөн четтетилди.

Оюндун акыркы мүнөттөрүндө калыстар сербиялык Кузминович топту колу менен тосуп, эреже бузду деген чечим чыгарып, ганалыктарга он бир метрден айып тобун тебүүгө мүмкүндүк беришти.

Натыйжада ганалык чабуулчу Асамди Гьян 11 метрлик айып тобун сербиялыктардын дарбазасына таамай тээп киргизип, командасын жеңишке жеткирди. Ошентип ганалыктар сербиялыктарды 1:0 эсеби менен утуп, 3 упайга ээ болушту.

“Д” тобундагы атаандаштар футбол боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Германия менен Австралия өлкөсү беттешти. Германиялык футболчулардын жакшы даярдыгы байкалды.

Германиялык Лукас Подольски сегизинчи мүнөттө эсепти ачып берсе, анын өнөгү Мирслав Колзе 27-мүнөттө топту башы менен сүзүп киргизди.

Биринчи тайм 2:0 эсебинде германиялыктардын пайдасына аяктаса, экинчи бөлүктө да алар артыкчылык кылышты. Германиялык чабуулчулар Томас Мюллер менен Какау австралиялыктардын дарбазасына эки топ киргизип, 4:0 эсебинде жеңишин бекемдеп коюшту.

14-июнда “Е” тобунда Голландия менен Дания өлкөлөрүнүн командалары Йоханнесбург шаарындагы Соккер Сити стадионунда мөрөй талашка чыгат.

“Е” тобундагы кийинки атаандаштар Жапония менен Камерун командалары да 14-июнда түндөсү беттешет.

“F” тобунда футбол боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Италия менен Парагвай өлкөлөрүнүн командалары таймашууга чыгат.

11-июндан бери Түштүк Африка өлкөсүндө башталган футбол боюнча дүйнө чемпионатын беттешүүлөрүнүн Бишкек убактысы менен Улуттук телерадиодо көрсөтүп жатат.

11-июнда “А” тобундагы атаандаштар Түштүк Африка республикасы менен Мексика өлкөсүнүн футболчулары биринчи ирет беттешип, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Бул эки команда бирден упайга ээ болушту.

Дүйнө чемпионатынын экинчи беттешүүсүндө “А” тобунда дүйнөнүн эки жолку чемпиону Уругвай өлкөсү менен Франция командасы күч сынашып, 0:0 болуп, эсеп ачылган жок.

12-июнда үч оюн болду. “В” тобундагы атаандаштар дүйнөнүн эки жолку чемпиону Аргентина менен олимпиада чемпиону Нигерия командалары беттешип, аргентиналыктар 1:0 эсебинде утуп алышты.

“В” тобундагы Түштүк Корея менен Грекия өлкөлөрүн футболчулары мөрөй талашып, 2:0 эсебинде кореялык футболчулар жеңишке жетишти. 12- июнда “С” тобундагы атаандаштар Англия менен АКШ командалары 1:1 эсеби менен тең чыгышты.

1904-жылдын 21-майында Франциянын борбору Парижде Голландия, Бельгия, Швеция, Швейцария жана Испаниянын футбол адистери чогулушуп, эл аралык футбол федерациясын негиздешкен.

1921-жылы Эл аралык футбол федерациясынын жетекчилигине (ФИФА) француз Жюль Риме бекитилип, ошондон баштап футбол дүйнөсүндө чоң өзгөрүүлөр башталат.

1930-жылы тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк таймаш өткөрүүгө Италия, Испания, Швеция, Голландия жана Уругвай өлкөлөрү белсенишет. Акыры ФИФАнын чечими менен биринчи дүйнө чемпионаты Уругвай өлкөсү уюштурууга мүмкүнчүлүк алат. Ошентип биринчи дүйнө чемпионаты Уругвайда өтүп, финалдык таймашта талаанын ээлери менен Аргентина өлкөсү мөрөй талашка чыгат. Жыйынтыгында, Уругвай Аргентинаны 4:2 эсебинде утуп, дүйнөнүн футбол боюнча эң алгачкы чемпиону аталган.
XS
SM
MD
LG