Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Кайсы адистерге талап күч болот?


Алдыдагы 10 жылда блогчу-журналисттерге талап күчтүү болот.
Алдыдагы 10 жылда блогчу-журналисттерге талап күчтүү болот.

Белгилүү “Форбс” журналы алдыдагы он жылда эң керектүү, көп талап кылына турган кесиптердин тизмесин жарыялады. Алар: генетикалык инженер, жоокер, мунай запастарын изилдөө жаатындагы адис, блогчу-журналист, калааларды өнүктүрүү боюнча адистер.

Белгилүү “Форбс” журналына таянсак, учурда дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр жаңы кесиптердин пайда болушуна алып келет. Өндүрүштө алектенгендер азайып, кызмат көрсөтүү жаатында иштегендерге талап өсөт.

Мисалы, акыркы мезгилде дүйнөдө согуш, терактар көбөйгөндүктөн, алдыдагы он жылда атайын жоокерлер талап кылынат. Ошондой эле дүйнөнү каптаган энергетика каатчылыгынан улам, отун-суунун альтернативдүү булактары боюнча адис, дүйнө эли көбөйүп, ал эми азык-түлүк проблемасы күч алып жатканда өсүмдүктөр боюнча генетикалык инженерлер керек болот. Мындан сырткары Африка өлкөлөрүндө бизнес жүргүзүү боюнча адистер менен блоггер-журналисттер да “Форбстун” кесиптер тизмесине кирген.
Эки-үч адам аткарчу ишти бир эле адам аткарса, иш берүүчү да ага тийиштүү маяна төлөп берет.


Социолог Топчугүл Шайдуллаеванын пикиринде, заман өзгөргөн сайын улам жаңы кесиптердин пайда болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш:

- Албетте убакыт өтүп, техника-технология өнүккөн сайын жаңы адистер пайда болууда. Мисалы, мындан жыйырма жыл мурда интернет жаатындагы адистер тууралуу уккан да эмеспиз да. Эми болсо аларга суроо-талап жогору. Бирок турмуш өзгөрүп, жашоо өнүккөн сайын согуштар көбөйүп, энергетика, азык-түлүк таңсыктыгы пайда болуп атпайбы. Албетте адамзаты өзү жасаган проблемаларды чечүү үчүн “Форбстун” тизмесиндеги адистиктер пайда болот.

10 жыл мурда - экономисттер, алдыдагы 10 жыл - эсепчилер

Адистердин айтымында, мындан бир канча жыл мурда экономисттер, юристтер жана эл аралык мамилелер боюнча адистерге суроо-талап жогору болчу. Мындан улам көптөгөн мектеп бүтүрүүчүлөрү дал ушул кесиптерге ээ болууну каалаган. Эми болсо юристтер менен экономисттердин доору өткөнүн, башка кесип ээлеринин мезгили келгенин кадр агенттигинин өкүлү Светлана Косолапова айтат:

- Учурда өндүрүшчүлөргө болгон суроо-талап өстү. Иш берүүчүлөр арасында бухгалтер, башкача айтканда эсепчилер, офис-менеджерлер, IT-технологиялар боюнча адистер, менеджерлер популярдуу.

Светлана айымдын айтымында, акыркы кезде өндүрүш жаатындагы ишканалар, майда заводдор көп ачылгандыктан технологдор, сүт, эт азыктарын кайра иштетүү тармагындагы адистерди иш берүүчүлөр колдон-буттан алып кетишүүдө. Муну сезген ата-энелер да балдарын ушул кесиптерге окутууну каалашат, дейт Светлана айым.

"Нанга тыйын табалам"

Мисалы, тамак-аш өндүрүү факультетинде окуп жаткан Баяман диплом алган соң ар кыл эшиктерди каккылап, иш издебесине көзү жетет:

- Анткени мен окуган факультетте аз эле студент бар. Анан албетте бизге атаандаштык аз болот да. Керек болсо азыр эле ар кыл фирмалардан иш сунуш кылып келип атышат. Мен ырас эле ушул кесипти тандаптырмын.

Адистер ошондой эле куруучу, ширетүүчү, экскваторчу өңдүү кесипчилик-техникалык билими барлар да эмгек рыногунда жетиштүү эместигин айтышат.
Иш берүүчүлөр арасында бухгалтер, башкача айтканда эсепчилер, офис-менеджерлер, IT-технологиялар боюнча адистер, менеджерлер популярдуу.


Билим берүү жатындагы адис Гүлзада Дүйшөбаеванын айтымында, акыркы кезде бир эле эмес, бир нече багытта иш алып баралган кызматкерлер көбүрөөк талап кылынууда:

- Азыр жакшы иш табууну каалаган адам ийкемдүү болуп, тилди да, компьютерди да үйрөнүүсү зарыл болуп турат. Мисалы, котормочулук жөндөмү бар офис-менеджер же бир эле маалда жарнама боюнча жана ММК менен иштеген агент. Эки-үч адам аткарчу ишти бир эле адам аткарса, иш берүүчү да ага тийиштүү маяна төлөп берет.
Гүлзада айымдын пикиринде, жашоо кандай нукка өзгөрбөсүн, мугалим болобу, дүкөнчү же менеджер болобу, айтор өз ишин мыкты билген, билимин жогорулатууга даяр, ийкемдүү кадрлар качан жана кайда болбосун иш таба алат.

"Азаттыктын" архивинен: Билим - жашоо чырагы (1-бөлүк)

Билим берүү тармагындагы абал, окуу жайлардагы паракорчулук тууралуу "Азаттык+" сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында сөз болду.

Билим - жашоо чырагы (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:36 0:00
XS
SM
MD
LG