Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

“Биримдик! Сабырдуулук! Ынтымак!”


“Биримдик! Сабырдуулук! Ынтымак!” акциясынын уюштуруучулары маалымат жыйынында, 22-июль 2010-жыл
“Биримдик! Сабырдуулук! Ынтымак!” акциясынын уюштуруучулары маалымат жыйынында, 22-июль 2010-жыл

Кыргызстандын аймактарында улуттар аралык араздашууну басаңдатууга жана элди биримдикке, сабырдуулукка чакырган акция өтүп жатат.

Бул акция элди ксенофобия, же кайсы бир улутту жаман көрүүгө каршы туруп, биримдикке үндөөнү максат кылат.

Улуттар аралык ынтымак жана биримдик гана ксенофобия жана улутчулдукка каршы туруп, элде туруктуу абалды сактайт. Бул ойдун айланасында өткөрүлүп жаткан акцияда Кыргызстандын бир катар аймактарында тегерек үстөлдөр өткөрүлөт. Эл ичинде жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери менен бирге биримдик, сабырдуулук, ынтымактын белгиси катары сары түстөгү тасмалар калкка таркатылат.

Акциянын уюштуруучуларынын бири “Интербилим” борборунун мүчөсү Жибек Койчукулова белгилегендей, мындай акциялар улуттар аралык араздашууну басаңдатуунун бирден бир жолу:

- Биз жарандарды урааныбыз жазылган сары тасмаларды жүрөктүн тушуна, же автоунааларга тагып жүрүшүн өтүнөбүз. Жарандар бул жол менен улуттар аралык ынтымакка, биримдикке, тынчтыкка жана Кыргызстанда жашап жаткан улуттардын достугуна болгон мамилесин билдире алышат.

“Биримдик! Сабырдуулук! Ынтымак!” аталышындагы акция Бишкек шаарында жана Кыргызстандын айрым аймактарында 18-июндан бери өткөрүлүп жатат. Иш-чаранын уюштуручулары, Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн окуялардан кийин элдер элдешип, ынтымакта болушу үчүн мындай акциялар өз салымын кошоорун билдиришет.

“Интербилим” борборунун мүчөсү Назира Абдылдаеванын айтымына караганда, бул иш-чара Кыргызстандын аймагындагы абалдын жакшырышына аз да болсо жардам берет:

- Ош менен Жалал-Абаддагы кырдаал биринчи себеп болду. Биз башында ойлондук. Интернет сайтта отурганда көп эле кишинин ой-пикирлерин окуйбуз. “Гуманитардык жардам жетет, жетпейт. Алып жатабыз, алган жокпуз” деген ой-пикирлерди окуп, анан ойлондук. Ишкерлер гуманитардык жардамды берип жатышат. Биз бул абалга кандай жардам берсек болот деп ойлонуп, анан ушул акцияга келдик.

Иш чаранын жүрүшүндө элге таратуу максатында 21 миңге жакын сары тасмалар даярдалган. Учурда тасмалардын бир бөлүгү Бишкек шаарынын көчөлөрүндө да калкка таркатылып жатат. Ал эми бул ишке каалаган ыктыярчылардын катышууга мүмкүнчүлүгү бар.

Акциянын катышуучусу ыктыярчы Эркин Рыскулбеков азыркы кырдаалда жаштар кайсы бир саясий кыймылдын алдында эмес, “Биримдик! Сабырдуулук! Жана Ынтымак!” деген ураандын алдында биригүү туура болоорун белгилейт:

- Мен бул иш-чарага жаран катары катышып жатам. Себеби саясий уюмдарга, саясий кыймылдарга бириккенден көрө жалгыз “Биримдик! Сабырдуулук! Ынтымак!” деп бириккенибиз оң эмеспи. Акциянын башталганына мына бир-эки эле күн болду. Жаштар жакшы көп келип жатат. Анан бардык каалоочуларды чакырып кетем. Бул акциянын эч кандай саясий же идеологиялык максаты жок. Жалгыз бир багыт - тынчтык жана биримдикке келели деген багыт.

“Биримдик! Сабырдуулук! Ынтымак!” акциясы июль айынын жарымына чейин өткөрүлмөкчү. Уюштуруучулар бул убакыттын ичинде сары тасмаларды таркатуу жана элди биримдикке үндөө менен улуттар арасындагы ынтымактын өсөрүнө ишенимин билдиришет.

XS
SM
MD
LG