Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Жаштардын жаңы бийликтеги ролу


Өлкөдө болуп өткөн окуялар 80 адамдын өмүрүн алып кетти. Алардын көпчүлүгү жаштар. 8-апрелде шаарда каракчылыкка жана талап тоноочулукка каршы чыккан жаштар биригип, өз ыктыяры менен топ түзүшкөн. Чет өлкөдөгү жогорку билим алган жаш кыргыздар “Эгемендик” коомдук бирикмесин түзүп, утурумдук өкмөткө кайрылуусунда өлкөгө кызмат кылууга даяр экендигин билдирди. Жаштардын жаңы бийликтеги орду кандай?

Кыргызстанда болгон окуялар "жаштардын жаңы бийликтеги орду кандай?" деген суроону өкмөткө кабыргасынан койду. “Ак Шумкар Кут” жана “Эгемендик” аттуу жаштардын коомдук бирикмелеринин жаңы өкмөткө болгон кайрылууларында бийликте жаштардын да өкүлдөрү болгону жакшы болот эле деген билдирүүлөр чагылдырылды. Мындай көрүнүштү жаш жарандар жаштардын талап тоноочулукка каршы күрөшүүдө да, Ак үйдү басып алууда да болгон салымы чоң болгондугу менен байланыштырат.

Кыргызстандын "Жаштар" корпорациясы билдиргенине караганда, 8-апрелде шаардын тургундарын талап тоноочулуктан сактап калуу максатында демилге тобун түзүп, ал жакка өз ыктыяры менен келген жаштарды каттап, шаарды түнү менен коргогон.

- Биз бүгүн курман болгондорго аза тартып жатабыз. Алар айрыкча жаштар болчу. Биз Кыргызстандын "Жаштар" корпорациясы тарапкерлерин чогултуп, кечээ түнү шаардын коопсуздугун камсыз кылдык. Түнү бою жаш уюмдардын өкүлдөрү телефон чалып, бизге кошулуп жатты. Эгер кошуундар болбосо, эгер эч нерседен корпогон активдүү жаштарыбыз болбосо шаарыбыз таланып тонолгон объекттерге айланмак.

Айрымдар жаштардын бийликте болушу туура эмес деген ойдо. Эгер чынында эле жаш саясатчылар берилген алты айдын ичинде мыкты экендигин далилдеп, өздөрүн жакшы жактан көрсөтө алса анда аларды эл өзү эле тандап алат, деди Аскарбек Тойгонбаев.

- Роза Отунбаева жаштарга 60 пайызга чейин орун берилерин айтты. Азыркы учурда да президент болобуз деген жаш балдар көп экен, бирок жаштар быша элек. Мен деле жаш саясатчылардан эч кимди тааныбайм. Тажрыйбасы бар балдар албетте эртеби кечпи бийликке келет. Азыр барына алты ай мөөнөт берилет. Алты айдан кийин эл өзү керектүүсүн тандап алат. Азыр Роза Отунбаева Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Владимир Путин жаштар менен албетте антип иш алып барбайт да.

Айрымдар бийликте жаштардын да өкүлдөрү болушун толук колдойт. Бишкектин жаш тургуну Мухаммед Алинин пикиринде, жаштар эл үчүн кызмат кылат, ошондуктан алар депутат болушу керек.

- Бийликке оппозиция бара берсин, бирок парламентте сөзсүз түрдө жаштар отурсун. Депутаттыкка жаштарды көрсөтсүн, улуулар менен аралашып жүрүшсүн. Убакыт өтүп, бышкандан кийин алар дагы өкмөткө барат.

Бишкек шаарынын дагы бир жаш тургуну Жыргалбек жогорудагы пикирлердин бирине да кошулган жок. Анын айтымында, бардык нерсе өз убактысы менен болот жана бийлик башында турган улгайган саясатчылар жаштарды үйрөтүп, таптап, күчтүү саясатчыларды даярдашы керек.

- Баары өз убактысында болушу керек. Азыркы саясатчылар бизге – жаштарга жол көрсөтүп, эл аралык мамилелерди түзүүнү үйрөтүшү керек. Мамлекетти башкаруу оңой иш эмес да. Бир күндүн ичинде эч нерсени чечүү мүмкүн эмес.

Ар кимдин ою ар кандай болгону менен бардыгы кыргыз элине тынччылык каалап, азыркы учурда өлкөгө эң биринчи биримдик керек экендигин белгилешти.

Бишкектеги нааразылык акциясы: 2-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00

XS
SM
MD
LG