Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Жаштар Конституциянын жаңы долбоорун талкуулашты


11-майда Ошто бир катар жаштар уюмдары Баш мыйзамды жаңы долбоорун талкууга алышты. Иш-чараны “Биримдик” жаштар кыймылы уюштурду. Буга чейин борбордо да жаштар форумдары уюштурулуп, Конституцияны өзгөртүү боюнча сунуштар берилген эле.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери бийлик сересине тартылбай келген жаштар уюмдары 7-апрелдеги окуялардан кийин саяcий аренада жанданып, башкарууга жаштардан да өкүлдөр болушун талап кылып жатышат.

“Диалог куруунун жаңы көпүрөлөрү жана маселелерди чечүүнүн жаңы жолдору” аттуу жаштар форумунда Конституциянын жаңы долбооруна карата талкуу уюштурулуп, жаштарды саясатка активдүүрөк аралаштыруу боюнча сунуштар айтылды. “Биримдик” жаштар кыймылынын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Искендер Субанкуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, форумга чогулган жаштарды шайлоолордо талапкер үчүн каралган жаш курагы үчүн чекти төмөндөтүү боюнча суроолор көбүрөөк кызыктырды.

- Президенттикке талапкерлерди 35 жаштан эмес 28, ал эми депутаттыкка 21 жаштан деген сунуштар түшүп жатат.

Форумга өлкөнүн бардык аймактарынан баш-аягы 15 жаштар уюмдарынан өкүлдөр катышты. Жаш юристтерден турган “Жаңы максат” уюмунун координатору Улугбек Бакиров да бул форумга катышып, өз уюму атынан бир катар сунуштарды көтөргөнүн “Азаттыкка” маалымдады.

Айталы жаш юристтер сотторду дайындоодо алардын иш тажрыйбасы 15 жыл, ал эми бул чөйрөдөгү үзгултүксүз иш-тажрыйбасы кеминде 10 жылдан кем болбосун деген сунуштарын киргизип жатышат.

Юристтер бүгүн форумда шайлоо чегин төмөндөтүү боюнча да өз ойлорун ортого салышты. Форум уюштуруучулары жаштар сунуштары камтылган резолюция Убактылуу өкмөт өкүлдөрүнө жолдоноорун убада кылышкан.

- Резолюция кабыл алынат. Бул жерге Ош облустук бийлик администрациясынан да өкүлдөр бар экен. Ошолор аркылуу бүгүн түшкөн сунуштар Убактылуу өкмөткө жолдонуп, биздин талаптар каралат деп атышат.

7-апрелдеги окуялардан кийин саясий аренада активдеше баштаган жаштар уюмдары эгер өлкө парламенттик башкарууга өтө турган болсо Жогорку Кеңеште жаштар кырк пайыздан кем болбошун белгилеп жатышат. Форумга чакыруу алып, бирок ага катыша албай калган Жаштар конгресcинин өкүлү Максат Жолдошбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, мындай талаптарды коюуга жүйө бардай. Анткени эгемендик алганы өлкөдө бийлик сересине жаштар дээрлик тартылбай келет.

- Биз бүгүнкү күнгө даяр болуп калдык. Качанкыга чейин эле жүрө беребиз? Элге кызмат кылууга билим көрөңгөбүз, акыл-эсибиз, ишти алып кетүүгө жөндөмүбүз да бышып жетилди. Ошон үчүн ушундай талап менен чыгып атабыз.

27-июнда Конституциялык кеңешме талкуулап жаткан Баш мыйзамдын долбоору жалпы элдик добуш берүүгө коюлганы жатат. Бирок анда көрсөтүлгөн өлкөнү парламенттик башкаруу системасынын жаатында талаш тартыштар басыла элек. Жаштар арасында да бул боюнча бирдиктүү пикир жоктой. Жаштар конгресcинин өкүлү Максат Жолдошбековдун оюнча Кыргызстан бүгүнкү күнү парламенттик башкарууга даяр эмес.

- Парламенттик башкарууга биз азырнча даяр эмеспиз. Президенттик башкарууга коюп эле, президенттин үстүнөн көзөмөл кылчу Элдик Курултайды түзсө, байкоочулар кеңеши сыяктуу. Ошол система биз үчүн жөндүү болмок. Эгер парламенттик башкарууга партиялык тизме менен келсек баягы эле “Ак Жолдун” системасына түшөбүз. “Ак Шумкар”, Социал-демократтар, “Ата Мекен” кайрадан эле “Ак Жолдой”,, коммунисттердей болот. Анда биз - жаштар эмес, улуу муундун ортосунда да бийлик талашуу оор болуп калышы мүмкүн.

11-майда Ошто уюштурулган форумда мамлекеттин калыптануусунда, билим берүү, жумушка орноштуруу, улут аралык байланыштар сыяктуу мамлекеттик маселелерди чечүүдө жаштардын ролу, жаштар саясатынын келечеги жана Жаштар министрлигин түзүү маселелери талкууланды.

XS
SM
MD
LG