Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Милиция коргойбу же кордойбу?


2-мартта Бишкектеги убактылуу кармоочу жайга 14 улан жеткирилип, алар укук коргоочу Азиза Абдирасулованын кийлигишүүсү менен гана бошотулду. Жаш укук коргоочулар кеңеши өлкөдө милиция тарабынан жазыксыз кармалып, апталап эркинен ажыратылган жаштар көбөйүп жатканына тынчсыздануу билдирүүдө.

Шамил Файзулаев эртең менен эч нерседен бейкапар досун жолго узатып, Бишкектеги Батыш бекетинен келе жаткан. Алдынан милиция кызматкерлери чыгып, аты-жөнүн тастыктаган документин сураган. Шамил документти үйдө калтырганын айтканына карабастан, аны Бишкектеги убактылуу кармап бөлүштүрүүчү жайга күчтөп алып кетишкен.

- Келе жаткам. Маршруткадан чыгайын деп атсам бирөө келди. Сыягы капитан го. Ал менден докмунет сурады. Документим жанымда жок эле. Камап кетишти. Арыз жазды. Ал жерде бир сааттай турдук. Анан “эски толчокко” маршрутка менен алып барды. Ал жерде 15 күнгө камалсын деп айтып атышкан. Бирок ага жетпей эле кутулдук.

Шамил менен бирге бул күнү 17-18 жаштагы он төрт бала кармалып, Бишкектеги убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. Алардын арасында дүкөнгө нан алганы көчөгө чыгып, милицияга кабылгандары да бар.

“Кылым шамы” укуктук борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулованын билдиришинче, балдар кандай айыбы үчүн кармалганын милиция кызматкерлери тжакшылап түшүндүрүп бере алышкан эмес.

- Бул милициянын эле аша чапкан аракети болду. Балдар өздөрүнүн укуктарын билип эле турушат. Жөндөн жөн эле кармалганын билишет. Бирок милициянын деңгээли ошондой болуп атпайбы.

Укугун билбеген, кордолгон жаштар

Соңку кезде милициянын оопузоолосуна кабылып, апталап абакка түшкөн жаштар көбөйүп бара жатканы тынчсыздануу менен белгиленип жатат. Жаш укук коргоочулар кеңеши өткөн жылы уюштурган сурамжылоо жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда укуктары эң көп бузулгандар – жаштар экени аныкталып, бул укук бузуулардын көбү милиция тарабынан жасалаары ачыкталган.

Жаштардын укуктарынын бузулушун аныктоо үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоого өлкө боюнча 550 респондент катышкан. Сурамжылоо ноябрь-декабрь айларында Кыргызстандын бардык аймактарында жүргүзүлүп, ага негизги фокустук топ катары мектеп окуучулары, студенттер, убактылуу кармоочу жайлардагы жаштар тартылган.

Документи жоктугун шылтоолоп, көчөдөн жаштарды токтотуп, милициянын акча өөнөп калуу аракетинен тышкары жаштарга карата укук бузуу фактылары ЖОЖдордо орун алат.

Бул тууралуу Жаш укук коргоочулар тобунан Алмазбек Абдраипов “Азатыкка” билдирди. Анын маалыматына ылайык “укугум бузулду” деген арыз менен топко ириде сессия убагында студенттер коомчулугунан жаштар көп кайрылышат.

- Кыргызстанда студенттердин билимге болгон укугу көп бузулат. Биздун уюм азыр региондордо студенттердин демилгелуү топтору менен иштеп атат. Ал демилгелүү топтор студенттердин кандайдыр бир проблемасын алып, аны чечүүнүн үстүнөн иш алып барышат. Көпчүлүк проблемалар бул – сессия мезгилиндеги коррупция. Мугалимдер тарабынан акча алуу. Паракорчулук.

Жаштарды убактылуу кармоочу жайларга апталап камап салуу көрүнүштөрү жана ЖОЖдордо пара алуу менен студенттердин билимге болгон укугун тепсөөдөн тышкары жаштар шайлоо маалында административдик ресурс катары колдонулуп, укуктары тепселенет.

Кимди ким көрдү...

Мындан улам Респубикалык жаштар союзу ушу күндөрү жаштардын укуктарын коргоого алып, “Мыйзам чыгаруу демилгеси” долбоорун баштады. Долбоор алкагында ушул күндөру Бишкектеги ири ЖОЖдордо студенттердин катышуусу менен сурамжылоо жүрүүдө. Союздун жетекчиси Рустам Юсупов буларды айтат:

- Болочок юристтерди чогултуп, алар жаштар арасында сурамжылоо уюштурушат. Жаштар баарын ачык-айкын айта албайт. Андыктан сурамжылоо жашыруун түрдө өткөрүлөт. Юристтерибиз баарын иликтеп бүткөндөн кийин аналитика жүргүзөт. Мунун жыйынтыгында өздөрүнүн долбоорлорун даярдашат.

Респубикалык жаштар союзу бир айдан кийин бул сурамжылоо жыйынтыгында мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, аны парламенттеги жаш депутаттарга жолдошмокчу.

Ал арада айрым бейөкмөт уюмдар жаштарды опузалап, укуктарына шек келтирген айрым милиция кызматкерлеринин укуктук жактан түркөйлүгүн жою сунушун киргизүүдө. “Перемена” инновациялык билим берүү борборунун жетекчиси Алмаз Тажыбай мындай дейт:

- Мектеп жашындагы жаштардын гана эмес, жалпы эле укук жөнүндө билишпейт. Мисалы, биз милиция менен да иш алып барганбыз. Ошондо ошол эле милиционер, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү юридикалык билими менен адам укугу эмне экенин, анын аныктамасын билбей турганы аныкталган.

Алмаз Тажыбай ошол эле убакта жаштардын өздөрүнүн да укуктук билим деңгээли төмөн болуп жатканын айтып кейийт. Бул үчүн ал жетектеген борбор Билим жана илим министрлигине мектеп программасына “Адам жана коом”, “Укук” сабактары боюнча кошумча сааттарды киргизүү сунушун айтып, бирок ал сунушка эч кандай жооп болбогонун билдирет.

"Азаттык+": Азыркы жаштардын бейнеси. 1-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00

XS
SM
MD
LG