Казакстандын адам укуктары боюнча бюросунун башчысы Евгений Жовтис адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, ушул жылдын сентябрь айында Алматы облусунун Балкаш сотунун чечими менен төрт жылга кесилген.
Бир катар укук коргоочулар Е.Жовтисттин соттолушун артында саясий жүйөө турганын айтышууда. “Жарандык коом коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова казак бийлиги Е. Жовтистин кырсыгын пайдаланып, аны саясий куугунтукка алып жатат деген көз карашта:
- Казакстанда адам укуктары, сөз эркиндиги боюнча абал оор. Активисттер, ошол эле укук коргоочулар кысымга алынып келет. Казак бийлиги Жовтистин кырсыгын пайдаланып, аны саясий куугунтукка алып жатат да. Жовтистин коопсуздугуна да азыр кооптонуп атабыз.
Т.Исмаилованын айтымында, Е. Жовтистин иши боюнча ушул аптада боло турган сот отурумуна бир катар укук коргоо уюмдары көз салып турушмакчы:
- Сотко “Хюман Райтс Вотч” жана “Сорос” фондусунун өкүлдөрү барышат. Биз да сотко баралы дегенбиз, бирок каражатка байланыштуу болбой калды. Бирок биз ошол жердеги укук коргоочулар түйүнүнөн түздөн түз маалымат алып турабыз.
Е.Жовтистин иши акыйкат каралсын деген талап менен эки апта мурда кыргызстандык укук коргоочулар Бишкектеги казак элчилигинин маңдайында нааразылык акциясын өткөрүшүп, казак элчилигине Е.Жовтистин жактоочулары сотко тең укуктуу катышсын, соттун алдында укуктук маселелер ачык
Болушу керек деген эки талаптан турган кат жолдошкон.
Укук коргоочу Асия Сасыкбаева элчиликтен алар жолдогон катка азырынча жооп боло электигин “Азаттыкка” берген интервьюсунда айтты:
- Өзгөчө казак президенти Нурсултан Назарбаев ойлонушу керек, анткени эмки жылы ЕККУга төрагалыкка талапкер болуп атпайбы.
Батышытык укук коргоочулар да Е. Жовтситин кесилишин айыптап, тергөө иши мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыгышкан.
Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Ербол Давлетов Е. Жовтистин ишинин артында эч саясий негиз жок деп буга чейин “Азаттыкка” берген интервьюсунда бидирген эле:
- Бул саясий процес эмес, жөн гана жол кырсыгы. Биз соттун чечимине каршы чыга албайбыз. Сот деген көз карандысыз да.
Укук коргоочу Евгений Жовтис өзү да бул иш кимдир бирөөнүн тапшырмасы менен болушу мумкүндүгүн айтып, соттун чечимине макул эместигин билдирип чыккан.
Кыргызстандык дагы бир укук коргоочу Бакыт Рыскулов Е.Жовтистин иши эл аралык деңгээлде көзөмөлгө алынганы менен сот чечимин өзгөртүп коюшу күмөндүү деп эсептейт:
- Казакстанда, ошондой эле Тажикстанда да укук коргоочулар кысымга алынып, Өзбекстанда да буга чейин жаш келинди камашканы маалым. Кыргызстанда деле мындай көрүнүш бар. Бул эми Борбор Азия чөлкөмүндө башчылардын бийликти сактап калуу боюнча ыплас аракеттери. Булар укук коргоочуларды коркутуп жатканы акыры жакшылыкка алып келбейт.
Кыргызстандык укук коргоочулар кесиптеши Евгений Жовтистин камалышына байланыштуу акыйкат чечим чыкмайынча нааразылык иш-чараларын өткөрө берерин айтышууда:
- Биз сөзсүз акцияларды өткөрөбүз, анткени бүгүн Жовтис, эртең дагы бирөө болот да. ЕККУнун, БУУнун мүчөсү катары биз мыйзамдуулукту талап кылабыз. Анткени бул чөлкөмдө мыйзам иштемейинче акыйкат болбойт, дейт Т.Исмаилова.
Е.Жовтистин соттолушуна байланыштуу нааразылык акциялар буга чейин Москвада жана Варшавада да өткөн эле.