-Анаш мырза, өткөн жума күнү парламент Мамлекеттик мүлк министрлигиндеги акцияларды Өнүктүрүү фондуна берүүгө мүмкүнчүлүк берген мыйзамды кабыл алды. Кайсы ишканалардын акциялары кандай шартта берилиши мүмкүн?
- Негизи бул мыйзамды өкмөт сунуштаганда биздин фракция каршы эле болгонбуз. Айтып кеткенибиз мындай. Бул фонд түзүлгөндө Орусиядан 300 млн. доллар келген акча мамлекетке, кыргыз элине, өнүгүү процессине жумшала турган акча болчу. Камбар-Ата-2нин бүтүшүнө акча жетпей атат, анан ушул акчаны түздөн-түз бералбайбыз, ошон үчүн Камбар-Ата-2ни күрөөгө койгонго, же жеке менчикке өткөнгө түздөн-түз жол ачылып кетти деп берип атат биздин өкмөтүбүз. Азыр Турдумамбетов Мамлекеттик мүлк министри болбодубу, ошолордун иши болуп атат.
-Бул жерде Камбар-Атадан башка ишканалар да бар да. Өнүктүрүү фондуна Мүлк министрлигинин карамагындагы ошол эле "Манас" аэропорту, "Кыргызалтын" жана башка ишканалардын акцияларын да берүүгө уруксат берилип атабы?
- Бул жерде каралып атканы негизи Камбар-Ата-2 эле болуп атат бүгүнкү күндө. Кыргызалтын жөнүндө жок. Бул кабыл алынган мыйзам түздөн-түз Камбар-Ата-2ге жетишпеген акча каражатын Өнүктүрүү фонддунан алуу деген максатта каралуда. Мен ошондо суроо бердим, эмене үчүн ушуга чейин Камбар-Ата-2ге Өнүгүү фондунан акча берилип атты, ал эми бүгүнкү күндө тоскоолдук болуп атат деп. Бул жерде ГЭСтердин холдингинин, акционерлердин укуктары тебеленип атат деген маселе коюшту.
Мен айттым, 16 жылдан бери акционерлер эмне үчүн ушул маселени койгон жок Камбар-Атаны куруу боюнча. Бүгүнкү күндө президент Курманбек Салиевич ушуну улуттук программа, улуттук иш деп ошону баштап, Камбар-Ата-2нин бүтүшү жакындап калгандан кийин акционерлердин баары ойгонуп эле кашыктарын көтөрүп алып казанга чуркагандай болуп калды. Биз дагы үлүш алып калышыбыз керек деп.
-Жерүй алтын кени да ушул Өнүктүрүү фондуна берилиптир. Ал кандай ишке ашканы тууралуу кабарыңыз барбы?
- Мен командировкада болуп калдым, Жерүй жөнүндө менин маалыматым жок.
- Мамлекеттик акциялардын жалпы эле Өнүктүрүү фондуна берилиши боюнча кабыл алынган мыйзамда дагы жалпысынан эле Өнүктүрүү фондуна Мүлк министрлигиндеги акциялар берилген деп жалпылап айтылган. Мына ушул аракеттерге коммунисттик фракция кандай баа берет?
- Башынан эле Өнүктүрүү фондунун түзүлүшүндө маселе болуп атат. Бул мамлекеттин акчасы, мамлекетке келген акча деп атат. Ошол эле Өнүктүрүү фондунун өзүнүн иштеп аткан формасы жеке менчик болуп атат. Анан бизге таң калыштуу болуп атат. Ушул мамлекеттин өзүндө Каржы министрлиги бар, казначействосу бар, ошого ишенбей Өнүктүрүү фонду деп жеке менчик адамга ушунча акчаны берип коюп, анан ошонун колун карап турган мезгил болуп атат бүгүнкү күндө.