Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

А. Мамбеталиев: Азыр амбициябызды басып туралы


Расмий Москва Кыргызстандагы убактылуу өкмөт менен мамилени өнүктүрүү боюнча атайын өкүл кылып Владимир Рушайлону дайындашы эмнеден кабар берет? Мына ушул маселенин айланасында көз карандысыз талдоочу Аскарбек Мамбеталиев менен маектешебиз.

- Расмий Москва Кыргызстандагы убактылуу өкмөт менен мамилени өнүктүрүү боюнча атайын өкүл кылып Владимир Рушайлону дайындашы эмнеден кабар берет?

- Рушайлонун Кыргызстанга келишин Роза Отунбаева жана башкалар бул бизге жакшы деп айтып аткан соң, мен андан ашык кетпейин. Мурда акчаны бергенде Бакиев жеп коюп, эми дагы акча берип атпайбы 20-30 млн доллар, ошону дагы алдатпайлы деп Рушайлону жибериши мүмкүн. Анын үстүнө азыр бизде легитимдүү өкмөт жок болгондуктан ушундай атайын өкүлдөрдү жибергени бул кадимки эле көрүнүш деп эсептейм.

- Владимир Рушайло кечээ Маевка айылында жабык жолугушууларды өткөрдү. Муну азыр Кыргызстандын ички турмушуна ачыктан ачык кийлигишүү деп жоромолдогондор бар. Кимдер менен жолугушушу мүмкүн?

- Ушактар тарап аткан орустардын үйүн өрттөп атат, түркөрдү жок кылып атат деп. Эгер бул чын болсо Кыргызстанга жакшы аброй алып келбейт. Ушак болсо анда Рушайлонун жолукканы бул туура эле иш. Туура эмес жагы, жабык эшик артында жолукканы боюнча мага каттар келип атат. Келген катта айтылып атат, бирөө келип алып эле менин үйүмө кирип алып балдарымды бир бөлмөгө жаап алып, мени эшике чыгарып коюп алар менен сүйлөшкөнү бул туура эмес адептик жактан деп. Бирок муну мен Орусиянын тике саясаты деп эсептебейм. Балким бул Рушайлонун өзүнүн кетирген кемчилиги, эгер ал эшикти жаап алып бирөөнүн аймагында сүйлөшсө, журналисттерди киргизбей койсо, албетте, бул туура эмес көрүнүш.

- Убактылуу өкмөт азыр өлкөнүн ички проблемаларын чечүү менен алагды болуп тышкы саясат жакшы жөндөлбөй калды деген пикирлер айтылууда. Бул айтылгандарды жөнү барбы?

- Азыркы өкмөт убактылуу болгондуктан чыдай туруу керек деп ойлойм. Анткени биз азыр жардын кырында турабыз, түштүктөн шамал соксо түндүккө кулап, түндүктөн шамал соксо түштүккө кулап, ошондой акыбалда турганда демди ичке батып, бийлик талашпай, оң колубуз менен сол колубузду, амбициябызды басып турганыбыз туура. Антпесе, биз калың элдин убалына калып, башка элге кул болуп кетебиз. Ошондуктан убактылуу өкмөт убактылуу ишин жасаш керек.

Албетте, Убактылуу өкмөт биз күткөндөй көп нерселерди жасабай атат, муну ачык айтыш керек. Аанткени булардын арасында эски аппаратчиктер бар экен, эски менталитет, жаңы нерсени түшүнбөгөн адамдар турат. Бирок жаман болсо дагы бар болуп атат. Ошого ыраазы болуп, шайлоолор өтүп алганча аман-эсен ушуну кармап турушубуз керек. Антпесе көрүп атпайбызбы, азыр аябай кыйын учур болуп атат, бир жакта өзбектер, тияктан казактар, бияктан орустар. Ошондуктан абайлаш керек азыр.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG