Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:08

У. Барктабасов: «Эл даяр болсо, мен даярмын»


«Мекеним Кыргызстан» партиясынын эмиграцияда жүргөн лидери Урмат Барктабасов Кыргызстанда эл бийликти алмаштырууга чечкиндүү кадам жасаса, эки саатта келип, жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

- Урмат мырза Кыргызстанда оппозиция да, бийлик да курулутайларды өткөрүп жатышат. Сиз ушул курултайлардан эл эмне табат деп ойлойсуз?

- Эч пайда алып келбейт. Бийликти сактап калуу гана амалы. Элдин курсагы ач, курултайга тоюп бүттү. Ошондуктан көңүл тойчу иштер жасалса, жаратман иш жасалса жакшы болот. Жерди, алтынды, дегеле улуттук байлыктарды сатпай, элди кантип багасың деген суроого эч кимиси жооп бере албай жатпайбы? Демек президенттик программа деген чыгат. Ал эмне? Президент деген биринчиден элге зыянын тийгизбеш керек.

-Элдик курултайчы?


- Азыр оппозиция деле толук бириге албай атпайбы. Эң биринчи жаман нерселерден тазаланып туруп анан ошондой кадамга баруу керек. Антпей эле адегенде эле орун бөлүштүрүп атышпайбы. Жанагы туула элек тайдын терисин талашып аткандай да. Мурунку беш жыл жалаң ошону менен өтпөдүбү.

- Элдин жашоосун жакшыртуу үчүн кандай кадам керек деп ойлоносузбу же маани бербей калдыңызбы?

- Менин негизги максатым ошол да - кыргыз элинин жашоосун жакшыртуу. Чечкиндүү кадамдарга баруу керек.

- 2005-жылы 17-июнда сизди Ак үйдү басып алган атат деп айыптады да, максатыңыз ошол беле?

- Кеп бийликти басып алуу эмес болчу. Мен элдин таламын талашкам. Ошондо эл келечек жашоосун көрө билгенде Бакиевди шайламак эмес да. Мен ошондо айтып кыйкырып, Ак үйгө чейин барбадымбы. Эл ошондо айткан сөзгө дил төшөбөй койду, мына кыйналып отурат. Мен жалгыз эмне кылат элем.

- Ошол мезгилде сиз президентикке талапкер болом деп «Мекеним Кыргызстан" деген партияңыз аркылуу ар бир айылга көп каражат берип жүрдүңүз, ошол Акаевдин акчалары деген кеп жүрөт.

- Эмне аны көргөн киши бар бекен, анда келип бетиме койсун. Акаев мага акча бермек тургай 15 жыл азапты берди да. Мен элге акча таратканым өрнөк болсун дедим. Башка ишкерлер да ушинтип жардам берсин деп чакырып баштадым эле, баары эле баштыгын кармап алып унчукпай койбодубу.

- 2009-жылкы президенттик шайлоо учурунда чыккан чатак менен жердештериңиз соттолуп кетти, эмне дейсиз?

- Буга бийлик да, балдар өздөрү да күнөөлүү. Оппозиция да ошол таймашта максатына жетпей калбадыбы. Кандай болгон күндө да карапайым балдардын кызыкчылыгы баары бир талаада калмак экен.

- Демек жакында биздин жашоо оңолбойбу?

- Эгерде эл ушу адилетсиздиктин баарын түшүнүп, чечкиндүү кадамга барып, азыркы бийликти алып түшүп, татыктуу адамды алып келсе, анда жакшылыктын башталышы болоор эле. Эл ошого даяр болсо, мен деле эки саатта гана тез эле жетип бармакмын. Анан татыктууларды тандоо керек болмок.

- Рахмат сизге.

XS
SM
MD
LG