Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:19

Эмил Алиев: өткөөл мезгилдеги президент - туура кадам болду


«Ар намыс» партиясынын төрага орунбасары Эмил Алиев өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу боюнча өзүнүн ой-пикирин бөлүшөт.


- Апрель окуяларын жана жакында Жалал-Абад, Ошто болгон окуяларды иликтөө боюнча комиссия түзүп, ушул окуяларга саясий баа берүү боюнча оюнуз кандай?

- Бул окуялардын баары тарыхый нерсе, объективдүү нерсе, болуш керек эле. Эгерде бийлик элдин таламын талашпай, өз ишин гана жасаганда болот мындай окуялар. Биз аны тарыхтан деле билебиз, 17-жылы, Спартак кезинде деле болгон. Жакында эле 2005-жылы болгон, мына эми 2010-жылдын апрелине алып келди.

- Азыр өлкөдөгү кырдаалды жөнгөрүү үчүн тез арада бардык саясий күчтөр сүйлөшүү процессин башташ керек дегун сунуштар айтылып атат. Бул Кыргызстандагы азыркы абалды оңдоого канчалык жардам берет?

- Бул кескин эле жардам берет, себеби мамлекет бир эле кишилердин, же бир эле топтун кызыкчылыгын карабаш керек, мамлекет баардык тараптарды караш керек. Кыргызстандагы стабилдешүүнү бул Кыргызстандагы турган ар кандай саясий көз караш, ар кандай жарандык коомдордун баарынын оюн эске алыш керек. Ошон үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек.

- Сиздердин партиянын лидери Ф.Кулов коопсуздук боюнча коомдук кеңештин жетекчиси болуп шайланганы белгилүү. Бул кеңеш эмне иш кылып атат. Түштүктөгү окуялар боюнча кандайдыр бир реакция жасап, иш аракеттерди көрдүбү?

- Биз элдик кошуун болгону Кыргызстандагы азыркы акыбалды мамлекеттик органдар колуна ала албай, жетектей албай атканынан элдер өздөрү уюшулуп, ар кайсы жерден элдик кошуун деп уюштуруп иштеп аткан. Ошолордун баарын бириктирип туруп, МВД болобу, кайсы мамлекет тараптан күч орган болсо, ошолор менен бирдикте иштегенге жасалган болчу.

Бишкек боюнча көп эле иштер жүрүп атат, түштүк тарапта жаңыдан уюшулуп атат. Оштон бизге кабар жеткен, ал жерде дагы ошондой кошуундар уюшулуп атат. Жалал-Абад тарапка деле ошондой эле болот.

- Түштүктөгү окуяларды алдын алса болот беле?

- Болот эле, ал түздөн түз мамлекеттик атайын органдардын иши, алар билип турган, бирок колунан келген жок, ошонун баарын алдын ала иш жүргүзгөнгө.

- Убактылуу өкмөткө кандай сунуштарды берет элеңиздер ушул кырдаалды жөнгө салуу боюнча. Мына бир айдан ашык убакты өттү, бирок өлкөдө олку-солку абал дагы эле тынчыбай атат?

- Убактылуу өкмөт бардык жерге жетишейин деп атат, бирок адистери аз. Булар эч нерседен уялбай, азыркы буга чейин болгон маекте биз гана жасашыбыз керек, калгандардын кандай тиешеси бар дегени туура эмес. Кайрадан бейтарап кишилер болгону туура болот эле, аларды чакырыш керек. Себеби алар калыс болот.

- Роза Отунбаева өткөөл мезгилдеги президент болуп дайындалды. Бул азыркы Убактылуу өкмөттү мыйзамдаштыруу үчүн жасалган аракет деп айтылды. Бул канчалык деңгээлде мыйзамдаштырууга жол ачат?

- Бул жакшы иш болгон. Себеби бүгүнкү күнгө жараша туура жасалган кадам болуп атат саясий жагынан, юридикалык жактан дагы. Себеби биз деле апрель окуялары болот деп эч ким пландаштырган эмес, өздөрү эле ошол жерге алып барган жок. Баардык иш чаралардын баары бийлик жок болуп калып, аны тез арада орнотуш үчүн башка мыйзамда көрсөтүлгөн жол болбогондон кийин мындай иштерди жасаган бул абдан туура дейм.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG