Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Дүйнөдөгү эң узун кыргыз ооруп калды


Жер жүзүндөгү бою эң узун адамдардын бири Жеңишбек Ырайымбаев бутуна суук тийгендиктен баспай калып, Бишкектин жанындагы санаторийге келип жатты.

Жеңишбек быйыл туура 30 жашка толду. Ал Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя айылынын кулуну. Орто мектептин 8-классында бою тез өсүп, 10-класска барганда партага батпай калгандыктан жана кийими жоктугунан мектептен окубай калган. Анын бою 2 метр 30 сантиметр, салмагы 160 килограмм, 56-өлчөмдөгү бут кийим киет.

Женишбек өзүнүн айылында чарба жумуштарын кылып жүргөн. Соңку мезгилде ден-соолугу начарлап, баспай калган. Бирок дарыланууга өзүнүн каражаты жетпей, ошон үчүн ооруп баштаганына эки жыл болуп калса да, айылда өз алдынча дарыланып жүрө бериптир. Азыр санаторийде багып аткан иниси Айбектин айтымында, дарыгерлерге көрүнбөй жүрүп алган үчүн Жеңишбектин саламаттыгы аябай оорлоп кетиптир.

-Негизи эки жыл болуп калды ооруп калганына. Жаздан бери болсо таяк менен басып калган. Бут кийим жок кездерде буттарына суук тийиптир. Ички аппараттары да ооруйт экен. Заңы да катып калыптыр. Бул жерден клизма жасашып, анан заңдады. Үйдөн өзүбүз эле айыгып кетет го деп ойлогонбуз. Азыр эми жакшы,- деди Айбек.

Казармандык Конок аттуу адам барып калбаганда Жеңишбек дагы эле жүрө бермек беле айыгып кетем деп. Жакында ошол боорукер адам Жеңишбекке учурашканы келип, анын акыбалын көргөндөн кийин өзүнүн каражатына Бишкектин жанындагы санаторийге алып келип жаткырыптыр. Азыркы учурда Жеңишбектин дарылануусуна кеткен каражатты бүт өзү көтөрүп жатат.

Жеңишбекти келгенден бери ортопед, невролог, кардиолог жана башка дарыгерлер карап дарылап жатышат. Санаторийде бир топ күн дарылангандан Жеңишбек азыр эки таяк менен басканга жарады. Бирок ал биротоло сакайыш үчүн дагы көп жатып дарыланууга туура келет.


Дүйнөдөгү эң узун кыргыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:49 0:00
XS
SM
MD
LG