Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:17

Ж. Акенеев: Экспорттук потенциалыбыз өнүкпөй жатат


Коомдук палатанын мүчөсү, экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акеенев "Азаттык" менен өлкөнүн тышкы саясатындагы экономикалык оош-кыйыштар жөнүндө маектешти.

-Жумакадыр мырза, “Ата Мекен” партиясы билдирүү менен чыгып, анда Кыргызстан ветеринардык-санитардык блокадага алынганын айтып, анын далили катары биздин эт, сүттү, картошканы кошуна өлкөлөр өз базарына киргизбей жатканын атады. Сизде кандай маалымат бар?

- Бар андай маалымат. Чындап келгенде биз экспорттук потенциалыбызды өнүктүрө албай жатабыз. Мындайча айтканда бүгүнкү күнү чыгарган продукциябыздын 30 пайызын биз өзүбүз колдонобуз, 70 пайызын импорттойбуз. Бирок ошол экспорттук потенциалды көтөрүш үчүн сөзсүз түрдө тышкы саясатта бир топ орчунду маселелерди чечишибиз керек.

Казакстан биздин продукциябызды өзүнүн базарына алып кирип атат, бирок биздин дыйкандар түздөн-түз алып барып саталбай, ортомчулар, ошол эле биздин чек аранын тегерегинде абдан арзан баа менен алып, Алматыга алып барып, 2-3 эсе кымбат сатып атат. Муну сөзсүз түрдө мамлекеттик деңгээлде чечиш керек. Себеби ар бир дыйкан өзүнүн продукциясын чек арадан чыгара албайт.

- "Ата Мекен" ошондой эле Россия, Казакстан жана Беларусь түзгөн бирдиктүү экономикалык аймактын же Бажы биримдигинин ишке кирүүсү менен Кыргызстан аркылуу кытай товарларын реэкспорт кылуу кыскарат дейт. Мунун далили катары Казакстандын азыркы мезгилде чек арасын бекемдеп, Кытайдын контранбандалык товарларын Кыргызстандан өткөрбөй коюу чараларын көрүп жатканын атаган. Бул ишке ашса андан Кыргызстан канчалык зыян тартат?

- Биз эч нерсесине карабай колдон келишинче Бажы союзуна кирүүгө аракет кылышыбыз керек. Биз Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү болгондон кийин ага үч мамлекет кире элек, алар сөзсүз түрдө өз чек арасын жабат. Бизге Кытай тараптан, алар да Дүйнөлүк Соода уюмунун мүчөсү болгондон кийин, жеңил шарт менен товарлар кирет. Алар Кытайдын товарларына өзүнүн рыногу толуп кетпеши үчүн, мен ойлойм, сөзсүз түрдө жабууга аракет кылышат.

Ошондуктан ошолордун арты менен жалаң эле Кытай товары үчүн эмес, биздин да өндүргөн товар үчүн өтө катуу мамиле жасалбаш үчүн, мен ойлойм, мамлекеттик деңгээлде сөзсүз түрдө Орусия, Казакстан, (эми Белорусия менен биздин анча деле тышкы соода катышыбыз жок) менен алаканы күчөтүүгө сөзсүз түрдө ар түрдүү чара көрүшү керек мамлекетибиз.

-Кыргыз-орус мамилесинин салкындап калганын дипломаттар да жашырбай калды. Анын себеби катары орус тарап Кыргызстан Москвадан алган 450 млн. долларды максаттуу жумшабаганы айтылууда. Сизде кандай көз караш?

- Мен муну түздөн түз Орусия тарап жак Ганси менен байланыштырбагандан кийин, ортодо Ганси турат деп айта албайм. Орусия менен Кыргызстандын ортосунда, биз көрүп атабыз, сүйлөшүүлөр жүргөн расмий түрүндө. Орусия жактан айтылган - Камбар-Ата-1ге акча бөлүнөт ушул жылы, мурунку алынган милдеттенмелердин баары ишке ашырылат, Орусиянын дагы бир базасы түштүк жакта жайгашат деп.

Эми мунун баарын эки айдын ичинде көрө жатарбыз. Биз Орусия менен эч кандай мамилебизди бузбашыбыз керек. Себеби биздин тышкы саясатыбыз келечекте Казакстан, Орусия, КМШ мамлекеттери менен болот.

-450 млн. доллар боюнча негиз барбы ушундай сөз айтканга?

- Мен Коомдук палатанын мүчөсүнөн тышкары, Кыргызстандын Өнүгүү фондусунун байкоочу мүчөсүмүн, биз жыйын өткөрдүк. Жакынкы күндөрдө чогулуп каражаттар кайсы жакка кандай жумшалып атат деген маалымат алабыз деген оюбуз бар. Бүгүнкү күндө болгону Камбар-Атага 100 млн., анан 4 долбоорго мынча-мынча акча өткөргөнүн гана билебиз, ошону алгандан кийин мен айтууга даяр болом.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG