Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Т. Акун: Майда-барат кемчиликтер үчүн референдумду каралабаш керек


Референдумдун жүрүшүнө Акыйкатчы институтунан 90дон ашуун байкоочу көз салып турду. Алар референдумдун таза өткөнүн айтып жатышат. Бирок айрым саясатчылар референдум жыйынтыктарынын тууралыгынан шек санап, бул жерде бурмалоо бар деген билдирүү жасашты.Акыйкатчы Турсунбек Акун ушундай сын билдирүүлөргө карата жообун айтып, аларды негизсиз деп белгиледи.

-Айрым саясатчылар референдум жыйынтыктарынын тууралыгынан шек санап, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн сынга алып жатышат. Сиз буга кандай карайсыз?

- Мисалы, Өмүрбек Субаналиев референдумга документи жок эле келип добуш беришти дейт. Андан тышкары бир шайлоочу 3-4 жолу кирди, андан башка административдик ресурстар колдонду, ошон үчүн референдумду жараксыз деп эсептеш керек дейт. Мен биринчиден айтаарым, биз бардык жерге байкоочуларды койдук, 97 участокто, айрыкча Бишкек шаарын бүт камсыз кылдык. Мына ошондо бир да адам документи жок келгенин көргөн жокпуз Бишкек шаарынан.

Бизден тышкары «Таза шайлоо», Бейөкмөт уюмдар коалициясынын өкүлдөрүнөн дагы эч ким көргөн жок мындай көрүнүштү. Андан тышкары карусель болду дейт. Маркировка болбодубу, ошонун негизинде бир адам экинчи жолу кире албайт да. Мисалы, Нарында 3-4 жолу киргенге аракет кылгандарды биздин балдар чыгарып салды, анткени колунан билинип калат экен. Андан тышкары автобустар менен ташыды деген дооматтар болду. Автобустар менен Ошто ташууга мажбур болушту. Анткени өзбек махаляларында кыргыздар бар экен. Ал жерден өзбектер чыккандан коркобуз дегенинен атайын автобустар менен барып ташыды, жардам бердик.

Мадумаров деген мырза айтып атат, Бишкекте биздин байкоочулар болду, 60 участокто эл болгон жок дейт. Бул уят, кудайды караса болбойбу. Биз ар бир участокко койдук, Бишкектин ар бир участогунда эл көп болду. Бул жолу эл жүрөгү менен келишти, анткени стабилдүүлүк болсун деп келди.

Бир гана жерде «Биримдик Кыргызстандын» байкоочуларын көрдүк, «Ата журттун» байкоочуларын бир да жерден көргөн жокпуз. Айтканда дагы байкап айтыш керек. Булардын максаты - кандай болсо дагы Убактылуу өкмөттү жаман көрсөтүү.

- Референдум учурунда майда кемчиликтер болду деп атат, кайсы кемчиликтер тууралуу сөз болуп жатат?

- Мисалы, Ошто Ломоносов участкасында бир адам үч паспорт көтөрүп алып келиптир, үй-бүлө мүчөлөрүм келалбайт, коркуп атат деп. Абрамова деген төрайымы ошол үчөөнө уруксат берип койгон. Биз акт түзүп, шайлоо комиссиядан өткөрдүк. Нарында дагы 2-3 жерде ушундай учурлар болду. Бирок булар референдумдун жыйынтыгына эч кандай таасирин бербейт.

Бир эле шайлоо комиссиянын мүчөсү үч кызматты аткаргандар болду. Алар маркировканы кылат, андан тышкары бюллетенди каттайт анан берет. Ушундайлар көп. Анан ушуну менен эле шайлоону каралай берген болбойт да.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG