Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:24

Теңиртоолуктар түштүктө гумжардам жөнөтүүдө


Нарын шаары
Нарын шаары

Нарын облусунун элинин атынан биринчи керектелүүчү товарлар, медикаменттер жүктөлгөн алты автоунаадан турган кербен Ошко жана Жалабадка сапарга чыгууга даяр болду. Тоолуу областтын калкы бейкүнөө кан төгүүнү уюштургандарды айыптап, касташкан тараптарды тополоңду токтотууга чакырууда.

Элмира эже өзүнүн улуту өзбек болгону менен Нарында туулуп өскөн, ак талаалык кыргыздардын келини. Атасы намангандык өзбек, союз учурунда Нарынга келип отурукташып калган боюнча кеткен эмес:

- Мени өзбексиң дешмек тургай, кыргыз келиндеринен да жакшы көрөт кайындарым",-деген Элмира карама-каршылык улуттар ортосунда болбойт, каршылык жаман адамдар арасында болот деген ишенимде.

Нарын шаарынын аскер комиссары Жылдызбек Шайкидинов запастагы аскер адамдары түштүккө тынчтык орнотуу үчүн барууга даяр экендиктерин билдирип кайрылып жаткандыгын белгилейт:

- Запастагылар барат деп декрет чыкпады беле. Бизде так көрсөтмө жок, анда тапшырма аткаруу үчүн деп эле турбайбы. Бул жакка бирин-экин келип атышат.

Нарын облусунун элинин атынан ар кандай керектүү товарлар, медикаменттер жүктөлгөн авто кербен түштүккө карай бет алууга даяр болуп калганын "Азаттыкка" облус губернаторунун милдетин аткаруучу Адыл Эсенбеков билдирди:

- Облуста жашап жаткан өзбек туугандарды биздин эле туугандар деп эсептейбиз. Өзбек улутундагы аталарыбыз жалпы кыргыз элине кайрылышты. Жагдай жакшы эле. Туз, топурагы бизде болгону менен бардык эл менен достошкон, тамырлашкан, куда-сөөк күткөн. Бешинчи күндөн бери радиодон айттырып атабыз, оштук туугандарга жардам берүү боюнча гуманитардык жардам бергиле деп. Мэрия, облустук жетекчилери бардыгы биригип азыр КАМАЗдарга азык-түлүктү чогултуп атабыз. Бүгүн кечинде кудай буюрса жөнөп калат. Нарын облусунун атынан 6 КАМАЗ жөнөтүп атабыз.
XS
SM
MD
LG