Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

И. Исаков: Бакиев бийлик үчүн баарына даяр экен


Бүгүн 24.kg маалымат агенттиги президент Курманбек Бакиевдин калкка билдирүүсүн жарыялады. Билдирүүдө президент кызматын тапшырбаганын билдирип, кан төгүлгөн окуялар үчүн, талап-тоноолор үчүн оппозицияны айыптаган. Президенттин билдирүүсу боюнча утурумдук өкмөттүн өкүлү Исмаил Исаков бир катар суроолор менен кайрылдык.

- Курманбек Салиевич өзүнүн бийлигин сактап калыш үчүн, кыргыз элин кордогон саясатын, репрессиялык саясатын, элди жакырчылыкка алып бара турган саясатын, үй-бүлөлүк саясатын сактап калыш үчүн 70тен ашык адамды набыт кылды. Мындай кыргыз тарыхында президент болгон эмес. бБл эмнени билдирет? Бул бийлик үчүн бардык нерсени элине каршы жасаганга барат деген нерсени билдирет.

Албетте, ушундан кийин мен мындай деп жооп берет элем. Ар бир облустарда элдер өздөрү элдик бийликти орнотушту, элдик губернаторлорду шайлашты, элдик акимдерди шайлашты. Бирок өзүнүн элден уурдаган акчаларына кээ бир элементтерди пайдаланып, ошолорго берип, минтип-тигинтип койсоңор болот деп акыбалды кичине начарлатканга албетте аракетти жасайт.

Бирок мен ойлойм Кыргызстандын эли акылдуу эл. Ал түшүнгөнүнөн ок атып аткандарга тикеден тике карап, өзүңөр жанында турдуңар, өтүп кетип атышты аркы дүйнөгө. Мен ойлойм, ушундай эл эч качан артка кайтканга кадам шилтебейт.

- Президент кандай аракеттерди көрүш керек эле сиздин оюңузча?

Президент ошону жасагандын ордуна элдик курултай конституциялык норма, муну өткөргүлө, өткөргөндөн кийин бардык оппозицияны чакырып, мейли сунушуңарды айткыла, мындай сунуш кылган экен, мен ага барайын, мындай сунуш кылган экен буга мен барбайм, себеби мындай-тигиндей деп, тегерек үстөлдө отуруп сүйлөшсө мындай кырдаал чыкпайт эле.

Күнөө оппозицияда эмес бүгүн, күнөө президентте. Ошол президент "элин өлтүргөн, элин аткан" деген жүк Курманбек Бакиевдин мойнуна жүктөлүп кала берди.

- К.Бакиев өлкөдө учурда тополоң, талап-тоноочулук болуп атат, буга толугу менен оппозиция өкүлдөрү жооп бериш керек дейт. Негизи эле утурумдук өкмөт өлкөдөгү коопсуздукту кармоо үчүн кандай аракеттерди жасап атат, 100 пайыз коопсуздук болот деп ишенсе болобу жөнөкөй калк?

- Мен жанагыга дагы кошумча айтып коер элем. Ошол Ак үйдүн тегерегине барган элдерди жөн аткан жок, снайперлер менен атып атышты, атайын даярдалган жигиттер менен, буларды атайын ушундай провокацияга даярдаган. Коопсуздукту 100 пайыз сактап бералат деп азыркы күндө айта албайм, бирок убактылуу өкмөт колунан келген бардык аракеттерди жасайт, күндөн күнгө азайтып, акырында толук токтотконго.

- Негизи чагымчылар бар дегенге кошуласызбы, кандайдыр бир үчүнчү күчтөр элди козутуп атат дегенге?

- Үчүнчү күчтөр жок, өздөрүнүн эле жигиттери, акчага алданган атуулдар, мүмкүн. Ошондуктан бул жерде үчүнчү күч жок.

XS
SM
MD
LG