Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Түштүк кайда кетип баратат?


“Назар” гезити генерал Исмаил Исаковдун сотуна байланыштуу макалалардын топтомуна окурман назарын бурду. “Форум” гезити “Москва Бишкекке финансылык жактан жардам кылмакчы болгон убадасын токтотуп турат” деген макаланы орус тилинде жарыя кылды. “Азыркы бийликти 2014-жылкы президенттик шайлоого чейин күтүш керекпи? Же мөөнөтүнөн мурда кетириш керекпи?” Мына ушундай суроо менен бүгүн жарык көргөн “Пресс kg” гезити айрым атуулдарга собол салды.

"Агым" гезити журналист Нуркан Керимбаевдин “Чегара азабы же ала допучандардын айбаттуу саясаты” аттуу макаласына окурман көңүлүн бурду. “Кыргызстан саясатчылар ассоциациясы Эларалык өнүгүү жана саясат агенттигинин колдоосу менен өлкөнүн түштүгүндөгү абал туурасында доклад даярдаганын кабарлаган автор кокус кыргыз бийлиги региондордун өнүгүшүнө көңүл бурбаса Кыргызстан жакынкы эле 10-15 жылда өлкөнүн түштүк аймагынан кол жууп калышы мүмкүндүгү бекер айтылбаганын өткөн жумада Ошко барганда ишенгенин баяндаган.

Журналист Оштогу кафе-ресторандардын 50-60 пайызынын кожоюндары өзбек улутундагылар экенин, Өзгөндүк Убайдилла Абдуллаев былтыр 2-июнда жоготкон атын издеп жүрүп чегарага эки чакырымдай жетпей токтогонун, бирок ошол жерге өзбек чгарачылары пайда болуп, колуна дароо кишен салып, эч нерсе түшүндүрбөй алып барып абакка олтургузганын, сабаганын, 45 күн болгондо араң 200 миң сомдой акча коротуп, “Ауди -100” автомашинасынан ажырап, араң тирүү кайтканын мисалга алган.

Расмий маалыматтар боюнча сыртта жүргөн Кыргызстандыктардын саны 800 миң адам болсо, анын 600 миңи түштүк аймагынан кеткен кыргыздар экенин, акыркы 5 жылда Орусиянын жарандыгын алгандардын саны 100 миңге жеткендигин, демек түштүктүн 80-90 миңдей кулуну Ата Мекенинен биротоло безип, бөлөк өлкөнүн атуулу болуп кетти дегенди билдирерин жазды журналист.

“Назар” гезити генерал Исмаил Исаковдун сотуна байланыштуу макалалардын топтомуна окурман назарын бурду. Андагы башкы макаала – “Такталбаган маалыматтар, шашылган судья, кыжырданган эл” деп аталат. “Ар-Намыс партиясынын координатору Бөдөш Мамырова буга карата оюн “Жогор жактан басым болгону ачык эле билинип жатат” десе, “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы Ракыя Жусупова: “Бийлик элдин күчү менен бийликке жетип, кайра ошол эле элге душмандык кылып жатат. Бул бийлик Акаевдан эки эсе ашып түштү. Элди эл дебей калды. Ири объекттерди мындай кой, мамлекеттин өзүн сатканга даяр болуп калды” деп айтты.

“Ачык саясат” гезити аркылуу баяндамачы Сабыр Муканбетов 93-жылдагы Конституция кандайча бузулганын, анын себептерин талдоого алган. Гезит ошону менен бирге эле белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев менен “Акжолчу” депутат Бегалы Наргозуевдин уландысы кийинки санга калтырылган беттешүүсүнүн 1-бөлүгүн сунуш кылды. Эркин журналист Үсөн Касыбековдун макаласы “Элдин жонунан кайыш тилген тариф” деп аталып, “Электр менен жылуулукка олчойгон эсеп ар бир үйгө келе баштады. Аны төлөө байлардын эле колунан келбесе негизги массанын алы жетери кыйын. Акырындап олтуруп, мындай кымбатчылык эмитен эле келечегине күмөн туудуруп жаткан бийликке элдин ишениминин өчүшүн биротоло шарттайт” деп жазды.

Улуу Биримдик улутчул-демократиялык партиянын төрагасы Эмил Каптагаев интервью берип, өткөн жылы аны күч менен алып кетишип, башына мүшөк кийгизип, колун таңып туруп сабап, талаага таштап кетишкенин, бирок милицияга кабарлабаганын, андан кийин телефон чалгандар: “эгерде кайра эле бийликтеги үйбүлөгө карата өз оюмду ачык айта баштасам, ата-энемди, балдарымды өлтүрүп сала тургандыктарын билдирип коркута башташты. Ошондо басма сөз аркылуу билдирүү таратып, эгерде мага же менин жакын адамдарыма карата террордук кыянат иш жасалса аны уюштургандар Бакиевдер гана боло турганын ачык айткан элем” деп айтты.

Эмил мырза бийлик өткөргөнү жаткан Ынтымак Курултайын “дүжүрлөрдүн жыйыны” деп баалады.

“Форум” гезити “Москва Бишкекке финансылык жактан жардам кылмакчы болгон убадасын токтотуп турат” деген макаланы орус тилинде жарыя кылды. Бишкектеги орус элчилигинин катчысы Виталий Скринник кыргыз аткаминерлери буга дейре Орусия берген 450 млн. долларды дайындалган жаккка жумшабастан башкаларга кредит бере турган фонд түзүүгө жумшаганына Кремлдин ичи чыкпай калганын айтканын кабарлаган. Ал эми “Нарынгидроэнергокурулуш” компаниясынын төрагасы Альберт Абазбековдун айтымында Камбар Ата-1 ГЭСинин 2-жана 3- генараторлорун орнотууну финасылоо тууралуу маселе али чечиле элек, бул боюнча азыр Кыргызстанда жүргөн кытай адистери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Абазбековдун оюнча Камбар Ата-1 ГЭСинин иши 2011-жылдын апрелинде башталат. Уушул айда же мартта анын курулушун талкууга алган кыргыз-орус өкмөт аралык сессия болмокчу.

Анткен менен саясый серепчилердин айтуусунда Москванын 1,7 миллиард долларысыз бул ГЭС жөн эле кагаздагы сөз бойдон калмакчы.

“Кыргыз туусу” гезити президент Курманбек Бакиевдин кечээ Бишкектин № 82 балдар бакчасынын ачылышынан кийин журналисттердин суроолоруна берген жообун, ошол жолугушуунун жүрүшүн баяндаган макаласын сунуш кылган. Президент: “Тарифтерди көтөрбөй, оппозициянын сынын укпай деле койсо болмок. Бирок бул балдарыбыздын, неберелерибиздин, жалпы өлкөбүздүн келечеги үчүн кылган кыянатчылык болуп калмак. Бир нече жылдан кийин техногендик кыйроого учурарыбыз айкын болчу. Менимче тарифтерди көтөрүү жоопкерчиликтүү, туура чечим болгон” деп, тарифтердин кымбаттоосун баса белгилеген.

Гезит андан ары К. Бакиевдин жылуулукка болгон тарифтердин кезектеги кымбатташына байланыштуу Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар борбордук агенттигине аталган тарифтерди аудиттен өткөрүүгө тапшырма берилгенин, дал ушул аудиттин жыйынтыгына жараша тарифтерди көтөрүүнүн 2-этабы болор-болбосу чечилерин, балким бааны жогорулатуунун 2-этабы болбой калышы мүмкүндүгүн айтканын маалымдады.

“Азыркы бийликти 2014-жылкы президенттик шайлоого чейин күтүш керекпи? Же мөөнөтүнөн мурда кетириш керекпи?” Мына ушундай суроо менен бүгүн жарык көргөн “Пресс kg” гезити айрым атуулдарга собол салды.

Коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов: - Өткөнгө кайрылсак ушундай чакырык менен 2005-жылдын 24-мартында төңкөрүш жасап, Акаевдин 6 ай мөөнөтү калганына карабай куудук. Эми анын жыйынтыгын жалпы эл көрүп олтурат. Накта итке минип, мурундан суу ага турган кез алдыда. Каарман төңкөрүшчүлөрдүн бири Мелис Эшимканов эки күн мурда теледен чыгып Максим Бакиевди жаны калбай мактады. Кечеги демократтар - бүгүнкү арзыматтар.

Окумуштуу Кусеин Исаев: - Эгерде оппозиция интеллектуалдуу түрдө бийликтин каталарын далилдеп берсе эл оппозицияга ооп кетет. Электр энергиясын тендерсиз сатып жаткандыгы үчүн эл көтөрүлүшү мүмкүн.

Бишкек шаардык аскер сотунун төрагасы Чубак Абышкаев: - Жок, мен сиздин сурооңузга жооп бере албайм.

Куудул Келдибек Ниязов: - Мен куудул катары эл-жерди көп кыдырам. Кайсыл жерге барбайын баарын сатып аткан бийликти эле сөккөн эл. Бакиевден үмүтүбүз үзүлдү дейт. Бийлик ушул багытын өзгөртпөй кете берсе 2014-жылдагы шайлоону күткөндө эмне? Карапайым эл эптеп чыдап атат, жарыларына аз калды.

Аталган гезит муну менен бирге эле Кыргыз-орус алакалары салкындай түшкөнүн баяндаган “Азаттыктын” кабарчысынын Маскөөдөгү “Регнум” кабар агенттигинин башкы редактору Модест Колеров менен болгон маегин көчүрүп баскан. Ушул эле санда Бакиевдер тууралуу башка дагы макалаларга орун берилген.
XS
SM
MD
LG