Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:20

Улугу жоктун туругу жок


“Форум” гезити журналист Жылдыз Мусабекованын “Казан” деп аталган макаласы менен жаңы санын ачты. "Назар" гезити БЭКтин мындан үч күн мурда Бишкекте болуп өткөн жыйын катышуучуларынын калкка кайрылуусун басып чыкты.

Жылдыз Мусабекованын “Казан” деп аталган макаласында Акаевдан мурастап алган бийликтин ушу тапта эли, жери үчүн жасап жаткан ишин, саясатын сынга алган. ...Ошентсе да Бакиев үчүн али кеч эместигин, жамачылай берип тамтыгы кеткен Конституцияны калыбына келтирсе, Исаков, Жекшенкулов, Петровка, Аксы окуясына байланыштуу иштерди кайрадан калыс караса, 23-мартта боло турган курултайда кемчиликтерин моюнга алып, элден кечирим сураса эл кечирет эле деген ойду айткан.

“Оппозиционерлер, Отунбаевага карап тизилгиле!” деген ат менен жарыяланган Баратбай Аракеевдин макаласы оппозициянын ишмердүүлүгүнө арналды. Автор: “Ошентип эл дале болсо оппозициядан үмүттөнүп, күндөн күнгө кутуруп бараткан бийликтин тизгинин тарттырабы деп күтүп жатпайбы. Анткени элдин ишене турганы жалгыз оппозиция, андан башка күч жок” деп жазуу менен, оппозициянын көзүрү көп экенин, алар: Башмыйзамдын элдин талабына каршы улум-улам оңдоло бергенин, электр энергиясынын кымбатташын, мамлекеттик байлыктын баарын президент эне сүтү оозунан кетелек уулуна кармата бергенин, элдин байлыгынын баарынын кыкка турбаган акчага сатылышын, жер-суулардын сатылышын, кымбатчылык менен коррупцияны, кылмышытуулукту ж.б. айтор бийликтин түбүнө жетчү нерселер “иттин кара капталынан көп” экендигин кеп кылган.

“Назар” гезити БЭКтин мындан үч күн мурда Бишкекте болуп өткөн жыйын катышуучуларынын калкка кайрылуусун: “Ардактуу Мекендештер! Кыргызстан калкынын ар-намысынын тепселишине, кыргыз тили менен маданиятынын жок кылынып жатышына, улут сыймыгы болгон “Манас” эпосуна карата укугубуздун кытай тарапка ооп кетип жатышына, Каркыра, Жетим Тоо, Аксай, Арпа сыяктуу ыйык жерлерибиздин четинен сатылып жатышына макулсузбу?” деген сөздөр менен басып чыкты.

Генерал Исмаил Исаковго жасалган сот бийлигинин аракетин талдоого алган “Азаттыктын” кабарчысы Бекташ Шамшиевдин макаласы “Революция өз балдарын аябайт” деген ат менен “Азаттык” үналгысынан көчүрүлүп жарыяланган.

Саясатчы Жыпар Жекшеев кыргыз жергесине келген эгемендиктин баштапкы жылдарын, Кыргызстандагы алгачкы демократиялык кыймылдын жасаган иштерин эскерсе, атактуу Сүймөнкул Чокморовдун бир тууган агасы Сүйөркул Чокморовдун эскерүүсү: “Сүймөнкулга тургузулчу эстеликти Намырбек агам көрбөсө да, мен көрүп калсам экен” деп аталат.

Гезит кабарчысы Зулпукар Сапанов БЭКтин штаб-башчысы Азимбек Бекназаров менен маек курду. Уруучулдук тууралуу суроого Азимбек мырза “уруучул эмес улутчул” экенин белгилеп, ошол эле убакта өзү чыккан саруу уруусуна токтолуп, саруулардын канында эркиндик, курчтук, чынчылдык, байлык менен бийликке кул болбоочулук, патриоттуулук, калыстык деген асыл касиеттер бар экенин белгилөө менен кыргыз тарыхында деги эле саруудан саткын чыкпаганын мисалга алган.

“Ачык саясат” гезити бүгүнкү санын стратегиялык маанидеги “Кыргызтелеком” менен “Түндүкэлектронун” арзыбаган баага сатылышын, деги эле бийликтин ушул багыттагы кадамдарын талдоого алган саясый илимдердин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбаевдин макаласы менен ачты.

Журналист Машакбай Рахманкуловдун макаласы “Алтын куш” жомогу качан аяктайт?” деп аталып, оппозицияныне аракетин кеп кылган.

Бул санга генерал Исмаил Исаковдун апасы, 86 жаштагы Анипа Маматыса кызынын: “Башынды жерге салба, садага болоюн! Бийик көтөргүн! Душманыңа тике карагын! Сени ушундай темир торго салган душманың бүгүн, бүгүнү болбой эртең, эртең болбосо бүрсүгүнү сен олтурган темир торго түшүп калышка Алла Таала да, Кудай да колдоор!” деген сөздөрү менен кабарчыларга куруп берген маектешүүсүн сунуш кылды.

Бул санда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуусучу, убагында кан кечип келген Токталиев Усубалы аксакалды Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына карата бериле турган үйдөн анын уулу Акин Токталиев Аскар Акаевдин адвокаты болгондугу үчүн бийлик тизмеден чийип салгандыгын айтып бергени да басылып чыкты.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев “Ачык саясаттын” кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып:” Россиянын айтканына бийлик макул болбосо, Аксарай төңкөрүшүн жасаттырып коюшу ыктымал” деп айтты.

-Ооганстандагы туруксуздуктун бизге зыяны тиеби?

- Пакистан менен Индиянын ортосунда Жамму- Кашмир боюнча чоң чатак бар. Оооганстанда талибандар бийликке келсе Индия-Пакистан чыры күчөйт. Экөө тең ядролук держава.. Кудай сактасын, жакын турган бизге залакасы чоң.

-Ынтымак Курултайына көз карашыңыз?

- Курултайды чакыруунун саясый максаты бар. Бийлик өзүнүн мыйзамдуу экенин бекемдеш керек болуп жатат. Бирок Курултай Конституцияда жок орган, демек анын жоопкерчилиги да, аппараты да жок.

Президенттин башкаруу реформасы тууралуу ой жүгүрткөн сяасат иликтөөчү:

-Реформанын болгону туура, бирок ал ойлонулбай, ирээтсиз жасалып жатат. Реформалардын натыйжасын эки чоң мисалдан билсек болот. Горбачевдун реформасы килейген Союзду кулатты. Ал эми Дэн Сяопиндин реформасы Кытайды 30 жылдын ичинде гүлдөгөн өлкөгө айлантты,-деди.

Орус-кыргыз алакаларына токтолуп:

-Россиянын айтканыа бийлик макул болбосо Американын мисалында Аксарай төңкөрүшүн жасаттырып коюшу ыктымал. Мен Кыргызстандын аймагындагы базалар, аскердик сыноочу полигондор жөнүндө мыйзам кабыл алып, ошолордун мөөнөтүн, акысын белгилегиле деп сунуш кылгам. Америка Ооганстанга байланыштуу базасын бизде аргасыз кармап турат. Ошону пайдаланып калалбай, чыгарабыз деп атып, бир топ жаман көрүнүп алдык. Эми булар биз менен мамилеси жакшы болбой калганын туюп, башка жай издеп жатат. Себеби, Кыргызстан Россиянын айтканынан чыгалбай турган мамлекет экен деген ойго келди. Ишенимдүүрөөк деп Казакстанга ооп жатат.

АКШ президентинин өкүлүнүн келип-кетиши тууралуу Орозбек Молдалиев, Ричард Холбрик мырзанын “Борбор Азия коопсуздугуна коркунуч туудуруучулардын алдында “Аль Каида турат” деп айтканын чечмелеп, муну туура кабыл алуу керектигин, бул сөз коркутуу үчүн айтылбаганын, Америкалык өкүл маалымат алмашуу үчүн келип кеткенине токтолгон.
XS
SM
MD
LG