Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Т. Тургуналиев: Сабырдуу саясат жарандык согуштан сактайт


Топчубек Тургуналиев 17-марттагы Элдик курутайда сөз сүйлөөдө. Бишкек, 2010-жыл.
Топчубек Тургуналиев 17-марттагы Элдик курутайда сөз сүйлөөдө. Бишкек, 2010-жыл.

Жалал-Абадда кырдаал тынчыбай жатат. Экс-президент К. Бакиевдин жактоочулары соңку күндөрү активдешип, Убактылуу өкмөттү укпай, өздөрүнчө губернатор шайлап алды.

Биздин маектешибиз - убактылуу өкмөттүн мүчөсү Топчубек Тургуналиев Жалал-Абаддагы окуяларга карата ой-пикирин бөлүштү.

- Жалал-Абадда К.Бакиевди колдоочулар бүгүн дагы митинг өткөргөнү жатышат. Алардын убактылуу өкмөттү тааныбай, К.Бакиевди кайра алып келип кызматына коюу керек деген талап коюп жатышат.

- Биринчиден, эң негизгиси К.Бакиев мындан кийин эч качан Кыргызстандын башчысы боло албайт. Ал киши тарыхтан кара сызык менен өзүн-өзү сызып таштады, өзүн-өзү гана эле эмес бүтүндөй урук-туугандарын да сызып таштады. Менин боорум ооруп атат, анын балдарына жана күнөөсүз балдарына, неберелерине. Алардын келечеги кандай болот эми. Ошондуктан Курманбек Бакиевди кайра алып келип ордуна коюш керек дегендер - адашкан адамдар.

Алардын кээ бирлерине тыйын-тыпыр берип алдап атса керек. Андан башка, мен ачык эле айтайын, мурдараак түзүлгөн "ОБОН" деген тажаал аялдардын тобу болгон. Ошолорго дагы кайрылам: канчага чейин ким акча берсе, ошолордун камчысын чаап, кыйкырып жүрөсүңөр, токтотпойсунарбы айланайын, силердин деле бала-чакаңар бар.

Мен айтып коеюн, убактылуу өкмөт ушул күнгө чейин сабырдуулук кылып келатат. Дагы кан төгүлбөсүн өкмөттүн айынан, мылтык сунбайлы эч кимге деп. Анан болбой эле каптап атпайсыңарбы. Эгерде эртең-бүрсүгүнү Кыргызстанды Бакиевдерге окшоп граждандык кагылышуу, граждандык согуштун чегине жеткирип койсоңор анда эмне болот? Жападан жалгыз керемет өлкөбүз бар. Анан элди бөлүп-жарып, көрүнгөн жерге топ-топ кылып туугандарын чогулуп алып, ушул канчага чейин болот. Ошентип анан Кыргызстанды оңдой алабызбы?

- Топчубек мырза, мына ошол талап койгондор айтып атат, К.Бакиев жана анын бир туугандары таза, аны кайра кызматына алып келиш керек деп. Буга кандай карайсыз?

- Акаев эң мыкты, Акаевдин айлана-тегереги жасаган деп мен уккам мурдараак. Ал эми Бакиев өзү, анын балдары таза дегенди... тобо, кечээ күнү эле 14 жарым миллион доллар табылды. Ал Марат Бакиевге, Максим Бакиевге, Бакыт Калыевге тиешелүү экен. Миллиондогон долларларды алар эмне айлыгы менен топтоду беле? Анан кантип таза болот булар? Кыргызстан миллиард деген долларларга тонолду, башка мамлекеттерге өттү. Кыргызстанды толугу менен эл аралык авантюристтердин колуна салып берген Гуревичке окшогондордун, Белокондордун колуна. Анан кантип таза болот? Чектеп айтышпайбы.

- Жалал-Абаддын убактылуу губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов азыр Бишкекте жүрөт дейт. Убактылуу өкмөт Жалал-Абадда тартипке салууну колго албай атабы, эл менен иштешпей атабы?

- Жалал-Абадда Конгантиев, Бакиевдер, өзгөчө Бакиевдин Жанышы ошол жакта качып жүрүптүр деп угуп атам. Мен дагы бир жолу кайрылат элем Жанышка, Конгантиевдерге: токтоткула, тарыхта силерди эч качан кечирбейт, эгерде мындай нерсени уланта берсеңер. Конгантиев, Жаныштар болсо эми милиция тарабындагы бир топторун көкүтүп атат. Мен милиция кызматкерлерине кайрылат элем, ооба силерди көптөн бери бир үй-бүлөлүк кызыкчылыкка пайдаланып келишти, оппозицияга, элге каршы, мындан кийин андай болбойт. Тынч иштегиле. Эгерде жаңылдым, жаздым, тобо кылдым деп алардын азыркы уламдан улам көкүтүп аткан башчылары дагы мен жанылыптырмын деп иштей берсе, аларга эч ким тийбейт. Бирок дагы айтып коеюн, жанагы уюштуруп аткан, уурулукка кошулгандар боюнча, ал башка сөз, эртели-кеч алар жазаланыш керек. Бирок басымдуу милициянын көпчүлүгүнө мен кайрылат элем, токтоткула, алданбагыла.

- Ал эми Жаныш Бакиевди жана алардын айланасындагыларды эмне үчүн ушул кезге чейин кармабай атышат укук коргоо органдары?

- Бир эле себебин айтпадымбы, аларды кармоо үчүн биздин куралдуу күчтөрдөн атайын операция даярдалган. Бирок Жаныштын айлана тегерегинде жүздөгөн автоматчан, куралданган адамдар жүрөт. Баягы күнү мен Сартпай Жайчыбеков менен барсам, тажаал аялдарынын колуна бензин, кислота карматып коюптур. Эми алар эмне кылат, алар элдин арасында баш көтөрүп жүрө алабы, тагдыры эмне болот?

Ошондуктан убактылуу өкмөттүн создуктурган бир эле себеби, дагы кан төгүлбөсүн. Себеби улуу Достоевский айткандай, бул дүйнөнүн бүтүндөй байлыктары адамдын күнөөсүз төгүлгөн бир тамчы канына татыбайт. Ошондуктан биз мындан кийин да Кыргызстанда кан төгүлүшүн каалабайбыз. Ошон үчүн эле турат. Керек болсо азыр баарын күчкө салып койсо болот эле. Бирок мен каршымын буга. Күчкө салбаш керек.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG