Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Ошто Отунбаеванын келишин талап кылышууда


Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн кеңсесинин алдына жүздөгөн кишилер нааразылык билдирип чыгышты. Алар улуттук коопсуздук кызматы Ош тополоңуна шектүү деп кармап кеткен айыл тургуну Абдулла Жолдошевди бошотууну жана элет калкына карата зордук-зомбулукту токтотууну, ошондой эле президент Роза Отунбаеванын келип жолугушуусун талап кылып жатышат.

- Кызыл-Кыштактан жетимиш чакты баланы жөнсүз кармап кетишти.

- Алардын бирине дагы тийишпесин!

- Балдарыбызды түрмөдөн бошотмоюнча, тарабайбыз!

Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн кеңсесинин алдында чогулган жүздөгөн кишилер ушундай талаптарын кыйкырып жатышты.

Аталган айылда элдин чогулган себебин Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Шарабидин Капаров мындайча түшүндүрдү:

- Эшикте турган жүзгө чукул адамдын жыйналган себеби, кечээ күнү улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү алардын бир баласын кармап кетишиптир. Ошол жигитти үйүнө кайтарасыңар деген ультиматум коюп жатышат. Органдын кишилери тутканына караганда, анын кайсыдыр бир ишке катыштыгы болсо керек да.

Ал эми аталган кыштактын тургуну Махамаджан Жолдошев 37 жаштагы уулунун кармалышын төмөнкүчө баян этти.

- Мен кечээ талаада саман пресстеп жаткан элем. Кечке маал мага уулум Абдулланы улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери кармап кетишти деп кабарлашты. Артынан барсак, бизди киргизишкен жок. Мен Ош окуясы күндөрү уулдарымды башаламандыкка таптакыр аралыштырбадым. Анын ичинде Абдулланы жаман жоруктарга катыштырбадым. Тополоңдон үч күндөн кийин мен баарын талаага алып чыгып кеттим. Мына эл күбө. Ошондон бери дыйканчылык кылып талаaдамын. Азыр Абдулланы бошотушун бийликтен талап кылып жатабыз! - деди Махамаджан Жолдошев.

Аны аты-жөнүн атабаган аял коштоду: - “Мына бул жаман жорук жасаптыр. Ошондуктан, кармадык” деп бирөө-жарымын күбө тартышпайбы. Жөн эле машинага салып кетишүүдө. Ошон үчүн ызылдап атабыз. Бейкүнөө балдарды эзип бүтүштү го...

Ошол эле учурда дагы бир келин кепти улады: - Кармалгандардан акча талап кылып, каражат колуна тийгенде кое берип жатышат. Эң кембагалдардан миң доллар сурап атышат.

Ал ортодо кызыл-кыштактык Алмахан Курбанова жердештеринин суроо-талабын жар салды:

- Ушунча чоң Кыргызстан кичинекей Ошту эптей албаганы таңкалыштуу. Референдумда тынчтык орносун, Конституция баштаган мыйзамдар жаңылансын деп колдодук, туурабы? Ажеп эмес тынчысак дедик. Тынчыган жок. Эми Роза Отунбаева деле бизге окшогон аялзаты. Ал эне катары бизге жолугуп, дартыбызды эшитишин талап кылабыз!

Оштогу «Акыйкат сот - чындык» укук коргоо борборунун башчысы Равшан Гапиров тышкы күчтөрдүн жардамысыз өлкөдө тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу мүмкүн эместигин ачыктады:

- Жаман жолго баспаган, мыйзамды бузбаган адамдарды үйүнөн чакырып барып, уруп-коркутуп, а түгүл кыйноого салып, анан акча талап кылып жатышат. Бул бирин-серин факты эмес. Мага күнү-түнү тындырбай телефон чалгандар толтура. Эми ушуга окшогон нерселер мамлекетибиздин тынчтыгын бузуп, Өкмөттүн беделин ылдыйлатып, ага карата ишенимди улам азайтып жатат. Менин пикиримче, ушул тапта Кыргыз президенти өзүнө гана түздөн-түз баш ийе турган аскер күчтөрүнүн жардамын Орусия башчысынан токтоосуз түрдө сурашы зарыл. Ошондо гана түштүк жергесинде тартип үч күндө орнотулаарына бөркүмдөй ишенем.

Митингичилерге жооп каткан Кызыл-Кыштак округунун коменданты, полковник Курсант Камчиев жергиликтүү чекисттер аны менен макулдашпастан күмөндүү жигиттерди кармап кетишкендигине, учурда укук коргоо органдары менен сүйлөшүү жүрүп жаткандыгына токтолду.

- Жогорку жактагылар менен баланын атасынын көзүнчө сүйлөштүм. Ал (Абдулла Жолдошев - редакция) силердин проблемаңар эмес. Анын үстүнө минтип топтолгонго таптакыр акыңар жок! Эгерде тилди албастан нааразылыкты уланта берсеңер, анда башка чараларды көрөбүз! – деди Кызыл-Кыштак округунун коменданты, полковник Курсант Камчиев.

Чырга айланган маселенин тегерегинде Ош аймактык улуттук коопсуздук комитетине кайрылганыбызда, аталган кызматтын өкүлдөрү июндагы окуяга катыштыгы бар деп шектелген кызыл-кыштактык жигит көптүн бири катары кармалгандыгын айтып, башка маалымат берүүдөн баш тартышты.
XS
SM
MD
LG