Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Нарында митинг: кымбатчылык кыжырга тийди


Эл эртелеп чогула баштады. 24-февраль, 2010-жыл
Эл эртелеп чогула баштады. 24-февраль, 2010-жыл

24-февралда Нарын шаарында жүздөгөн адамдар митингге чыгып, электр наркын кымбаттатууга, электр акысын төлөөгө берилген жеңилдиктерди алып салууга каршылык билдиришти. Митингичилер Президентке, Жогорку Кеңешке кайрылуу кабыл алышып, талаптарды орундатууга 10 күндүк мөөнөт коюшту.

Митингге келген элдин санын уюштуруучулар 2000 адамга жакындады деп боолголосо, бир катар байкоочулар миңдин айланасында деп болжоп айтышты. Жергиликтүү бийлик митингге 300 адам чыкты деген маалымат таратты.

Каршылык акциясына чыккандар экономикалык-социалдык талаптарды көтөрүштү:
Кар калын, сууктун мизи Нарында кайта элек. 24-февраль, 2010-жыл


Талант: - Нарын облусунун губернаторуна нааразымын. Себеби элдин баарын акимчиликтин алдынан РТСке кубалады. Кар белчеден. Элдин көбү келе албай, ылдый жакта турат.

Момуналиева Жыпар: -
Электр энергияга бааны кымбаттатып салды. Тапканыбызды светке төлөп коюп отурабыз, балдарыбыз кийинки күндөрү ачка калып атышат.

Жолдошбек: -
Базарда соода кылам. Бул бийликти жок кылыш керек, түп оту менен кетириш керек, булардын барынан жогу. Бизге нормалдуу мамлекет керек, жакышрак бийлик керек элге кызмат кылган.

75 жаштагы карыя Думанаев Бектен: -
Электр энергиясы кымбаттады, эми кандай жан сактоо болот. Бакиевдин кылганы туура эмес, пенсия жетпейт. Бакиев кетсин.

Айнагүл: -Элдин кыжырына тийишпеси. Эл толкуса жаман болот. И.Исаковду эмнеге камап салды? Жөн жерден камап атат, аны чыгарсын. Нарындыктар алайлыктарга кошулабыз.

А
Кар малтап укугун коргогон эл, 24-февраль, 2010-жыл
тын айтуудан айбыккан жергиликтүү мугалим бул тынч митингге тоскоолдуктар болгондугун билдирди:

-Бүгүнкү күндө бизде коркутуп-үркүтүүлөр болуп атат. Администрация тарабынан эгер бул митингге чыксаңар силер жумуштан бошойсуңар дешти. Бүгүн эле мектепке граждандык коргонуудан кишилер келип, бир сааттай бул жерден жылбайсыңар деп актылар түзүлдү.

-Кысым болду деген маалымат туура эмес, -дейт өз кезегинде Нарын шаарынын вице-мэри Чынара Абдраимакунова. - Анткени ар бир жарандын өз укугу бар. Экинчиден, тарифтер боюнча, 110 кВт саат жеңилдик боюнча буга чейин эле маселелер коюлуп келген.

Тарифтер экономикалык жактан негизделбей туруп, жөн гана механикалык түрдө көбөйтүлгөн. Өздөрүнө өзүлөрү айгак чыгып атышат.
Муса Алыбаев, серепчи
Нарын областындагы элге климаты катаал тоолуу аймакта жашагандыгы үчүн айына 110 киловатт саат электр кубаты бекер берилип келаткан. Жаңы жылдан тарта электр акысы кымбаттаганда жеңилдиктер алынып салынып, бардыгы үчүн бирдей тариф киргизилген. Ошондуктан нарындыктар нааразы болуп электр акысын төлөөгө жеңилдикти кайтарып берүүнү талап кылышууда.

Митинг болуп жаткан маалда Нарын шаарынын негизги көчөсү бир саатча тосулуп турду. Чогулгандар талаптарды аткарууга 10 күндүк мөөнөт чектешип, тарап кетишти.

- Он күндө чечип берсин. 10 күндө жооп келбесе биз бул жерге чогулбайбыз, жөө жүрүш кылабыз. Сойсо сойсун, өлтүрсө өлтүрсүн, атса атып жиберсин,-деп сүйлөндү митингичилердин бири.

XS
SM
MD
LG