Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:33

К. Абдымен: Каршылык маанайдын географиясы кеңейиши мүмкүн


Исаковдун жактоочуларынын каршылык акциясы уланууда
Исаковдун жактоочуларынын каршылык акциясы уланууда

Саясат талдоочу Кубан Абдымендин баамында, Исмаил Исаковдун жактоочулары өткөрүп жаткан нааразылык акциялар чоң тополоңго алып келет деп айтыш абдан кыйын. Бирок ошол эле мезгилде К.Ташиевдин жактоочулары жана башка саясатчылар, топтор чыгышы мүмкүн. Эгерде алар биргелешүү жолуна түшсө, анда коомдук стабилдүүлүк бузула тургандай кырдаал түзүлүшү ыктымал.

- Бүгүн мурунку коргоо министри Исмаил Исаковго байланыштуу сот чечим чыгарат деп жатат. Чечим 7-декабрда эле чыгат деп атышты эле, бирок жылып калды. Чечим чагаруунун кечендеп жатышында саясий себеп болушу мүмкүнбү?

- Менин оюмча Исмаил Исаковдун үстүнөн жүргүзүлүп аткан сот, бул жалгыз эле бир кишинин үстүнөн болуп аткан сот эмес. Мындай көрүнүштөр азыр Кыргызстанда бир топ эле көбөйүп жатканы баарына малым. Ал эми соттун чечимин чыгаруунун уламдан-улам жылып аткан себеби бир караган кишиге түшүнүксүз болгону менен, чындап келгенде анын артында бир топ жүйөлүү себептер бар.

Анткени И.Исаков оппозициянын ичиндеги көрүнүктүү, таасирдүү ишмерлердин бири экени белгилүү. Экинчиден, соңку окуялар азыркы жаңы бийликтин өз ичиндеги карама-каршылыктар бар экендигисин көрсөтүп атат. Ошондуктан бир адамдын бийликтин бардыгын өз колуна алгандан кийин, талашып аткан экинчи топтон алыстап, аларды четтете тургандай иш кылып аткандыгысы көрүнүп турат. Ошондуктан бул иш боюнча жыйынтык бүгүн-эртең чыгат деп айтуу абдан кыйын.

- Бүгүн Алайда Исмаил Исаковду коргоо комитети нааразылык акция баштаганы жатат. Бул акциялар массалык нааразылык акциялардын толкунга айланып кетпейби?

- Бул бир эле кишинин тегерегиндеги нааразылык акциялар чоң тополоңго алып келет деп айтыш абдан кыйын. Бирок ошол эле мезгилде К.Ташиевдин дагы жактоочулары чыгышы мүмкүн, башка дагы көп топтордун чыга турган мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде алар координациялап биргелешүү жолуна түшсө, анда албетте коомдук стабилдүүлүккө коркунуч туудура тургандай жагы бар.

- Балыкчыда, Петровкада сот болуп жатат. Бүгүн Аликбек Жекшенкуловдун иши каралат. Азыркы оппозициянын өзүнүн соттолуп жаткан тарапкерлерин коргоп алуу дарамети жок калды деп айтылып жатат. Сиз буга кошуласызбы?

- Эгерде биз чындап эле демократиялык өлкөдө, мыйзамдуулукту сактаган мамлекетте жашасак, анда албетте мынчалык катуу айтылган сөздөргө баш ийсек болот эле. Себеби алардын жүйөлүү айткан сөздөрдүн бардыгы өтүмдүү боло тургандай жакка ообосо, анда албетте оппозициянын жактоочуларынын сөздөрүн уга тургандай болмок эмес.

Бирок, тилекке каршы, азыр биздин сот системабыз жүйөлүү себептерди укпай эле, өз чечимин чыгарып, өзү каалагандай жакка бурмалап, өзү каалаган жыйынтыктарды чыгарып атпайбы. Ошондуктан азыр айтылып аткан сөздөрдүн баары менимче туура эмес, эгерде соттолуп аткан оппозициядагы саясатчылардын артында турган юристтердин айткан сөздөрүн уга тургандай жакшы сот болсо, анда албетте алар азыркыдай абалда болбойт эле.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG