Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Тынчтыкка жана биримдикке чакырык


16-майда Бишкекте убактылуу өкмөттү колдогон адамдар элди биримдикке, тынчтыкка үндөп жөө жүрүшкө чыгышты. Бул акцияга чыккандардын басымдуу бөлүгүн жаштар түздү. Алар колдоруна Кыргызстандын туусун, түстүү шарларды көтөрүп, тынчтыкка, биримдикке үндөгөн чакырыктар менен шаар көчөлөрүн аралап басышты.

Жөө жүрүш мэриянын уруксаты менен он төрткө жакын коомдук уюмдар тарабынан өткөрүлдү. Уюштуруучулардын бири Максат Асанбеков акциянын максаты калкты биримдикке үндөө экенин айтты:

- Биздин негизги максат - элди тынчтыкка чакыруу. Жер-жерлерде болуп жаткан ар кандай митинг, акцияларга жол бербөө болуп саналат. Анткени бизге, элибизге тынч жашоо керек. Ошондой эле биз бүгүнкү чогулган жаштар Убактылуу өкмөттүн ишин колдойбуз. Эл Убактылуу өкмөткө убакыт бериши керек.

Жогорку Кенештин алдына бараткандарга жолдон шаар тургундары да кошулуп отуруп, акциянын жүрүшүндө катышуучулардын саны эки миңге жакындады. Жөө жүрүштүн катышуучулары Жогорку Кеңештин алдына жеткенде 7-апрелде окко учкандардын арбагына куран окулуп, аларды бир мүнөт унчукпай туруп эскеришти.

Жөө жүрүштүн катышуучуларынын алдына Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева чыгып сүйлөп, жалпы элди биримдикке чакырып, тынчтык максатындагы жөө жүрүшкө катышкандарга ыраазылыгын билдирди:

- Урматтуу жаштар, биз силер менен сыймыктанабыз. Биз эле эмес, бүт дүйнө эли сыймыктанат. Анткени ыңкылапты жасаган силерсиңер. Биздин өлкөнүн келечегин ойлогон силерсиңер. Аркабызда силер бар, биз эч нерседен коркпойбуз. Убактылуу өкмөттүн ишин колдоп, өлкөдөгү тынчтыкты сактайбыз деп чогулганыңарга чоң рахмат. Алкыш силерге! Даңк силерге!

Жөө жүрүштүн катышуучулары Кыргызстанда кырдаал опурталдуу болгонун, аны ар кандай күчтөр курчутуп жатканын белгилешип, өлкөнүн келечеги үчүн сабырдуулук жана ынтымак керектигин айтып жатышты.

Сабыр: Өз эрким менен чыктым. Элдин биримдиги, тынчтыгы ар бирибизге керек деп ойлойм.

Элмира: Өлкөдөгү болуп жаткан кырдаалды курчутпаш үчүн элди биримдикке чакырып келдик.

Улукбек: Элдин түндүк-түштүккө бөлүнүшүн каалабайбыз. Кыргыз эли байыркы эл. Улуу эл. Биримдикте бололу.

Жөө жүрүштү башынан аягына чейин милиция кызматкерлери коштоп жүрдү. Акция саат экиде аяктап, анын катышуучулары тынч тарап кетишти.

XS
SM
MD
LG