Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Роза Отунбаева - өткөөл мезгилдин президенти


Убактылуу өкмөт "Өткөөл мезгилдин президенти" жөнүндөгү Декретти кабыл алды. Аталган документке ылайык, жаңы Конституциянын негизинде жаңы президент шайланганга чейин Кыргызстанда өткөөл мезгилдин президенти кызматы киргизилет. Өткөөл мезгилде Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаевага президенттин ыйгарым укуктары берилет. Өткөөл мезгилдин президентинин кызмат мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабры болуп жазылды.

Декреттин жоболору боюнча өткөөл мезгилдин президенти эч бир партиянын катарында болбойт, 2011-жылы президенттик шайлоого катышпайт, эч бир саясий күчкө жан тартпайт, калыс жана бейтарап позициядан туруп парламенттик жана президенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылууга милдеттүү.

Өткөөл мезгилдин президентине Жогорку Кеңештин жаңы курамы шайланып ишин баштамайынча президенттин милдетин аткаруу жүктөлөт. Ал ошондой эле Жогорку Кеңештин жаңы курамы биринчи жыйынын баштаган күндөн тартып дагы президенттин милдетин аткарууну улантат. Жаңы өкмөт куралып ишин баштамайынча премьер-министрдин дагы милдетин аткарып турат.

Өткөөл мезгилдин президенти эч кандай партияда болууга тийиш эмес, эч бир партияга жан тартпайт, саясий бейтарап турумду ээлеши керек жана парламенттик жана президенттик шайлоолордун таза жана акыйкат өтүшүн камсыз кылууга милдеттүү.

Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Текебаев Өмүрбек аталган Декрет кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирди деп билдирди. Анын айтымында, эми аны референдумда эл колдоп берсе, бул өткөөл мезгилдеги президентти легитимдүү деп эл аралык деңгээлде тааныганга негиз болуп берет.

Эми референдумга аталган Декрет бүтүндөй чыгабы же Роза Отунбаевага өткөөл мезгилдин президентинин ыйгарым укуктарын берүү жөнүндөгү маселе гана коюлабы, бул боюнча түшүндүрмө бериле элек.

XS
SM
MD
LG