Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Балдардын тарбиясын кантип бекемдөө керек?


Таласта коомчулук өкүлдөрү өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук токтобой күчөп атканына бушайман болууда.

Бакай-Ата районуна караштуу Оро айылындагы Жумадил Тойчубеков атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Нурак Садабаев мектеп рекетчилигинин азабынан ушул жылдын июль айында кайтыш болду. Баланын ата-энеси бул каргашалуу окуяны коомчулукка алып чыккандан тарта облустук, райондук деңгээлде ар кандай жыйындар, акциялар өткөрүлүп, балдар арасындагы кылмыштуулук проблемасын чечүүнүн ар кандай жолдору талкууланууда.

Бирок бир катар адистер жыйын, акциялардын саны эле көп болуп, аталган көйгөйдү чечүү жолдору, таасирлүү сунуштар айтылбай жатканын белгилешүүдө. Талас шаарындагы №1- орто мектебинин директору Самара Жарманбетова бул көйгөйдүн баары жалаң эле мектептен чечилбейт, балдардын тартиби үчүн ата- энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу керек дейт:

-Бул жерде ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатууну чоң проблема катары көтөрүш керек. №1 мектепте балдар же чоң атасынын колунда же таятасынын колунда жүрүшөт. Тартип бузган балдарды чакырып алып, ата-энең кайда деп сурасак, Россияда же башка жакта деп жооп беришет.

Талас районундагы Өмүралиев айылынын тургуну Бахидин Черикчиев бул жерде маселени чечүүнүн жолун мектептерде диний баалуулуктарга тарбиялаган ыйман сабактарын киргизүүдөн көрөт:

-Кеп бул жерде көчөдө азан чакырып, намаз окуу жөнүндө эмес. Бул балдарды ыйман жолуна салат. Рэкет болбойт, адеп-ахлак уялайт. Эгер дин сабагын толук шарият менен жүргүзө турган болсок, балдардын жүрөгү таза болуп, башкалар менен жакшы ниетте, жакшы мамиледе болот.

Мектептеги рэкетчилик көрүнүштөрү тууралу коомчулук арасында укук коргоо кызматкерлеринин дарегине да айтылган дооматтар да толтура. Коомчулук менен бирге активдүү иш алпаруу жагынан тартип коргоо органдары айдама адаттан, илең-салаңдыктан, “жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын” деген жаап-жашырмай өнөкөттөн арыла элек.

Бирок балдарды караган милиция инспекторлору өз кезегинде жоопкерчиликти коомчулуктун өзүнө жүктөшүүдө.

-Мектепке барып, лекция окуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз, эгер факты болсо, ата-энесин чакырып, протокол жазып, тийиштүү чара көрөбүз. А бирок бизге өздөрү кайрылышпайт, - дейт Талас шаарынын ички иштер бөлүмүнүн балдар инспекциясынын инспектору Нурдин Курманкулов.

Талас шаарындагы №7- орто мектебинин 7- классынын окуучусу Кубан Укушев мектепте рэкетчилик кылып, өзүнөн кичүү балдарды коркутуп акча алып жүргөнүн жашырбайт. А бирок өзү да жогорку класстын окуучуларына да жем боло калып жүрөт. Анын пикиринде, рэкетчилик көрүнүштөрүн таптакыр жоюу кыйын, бирок азайтса болот.

Балдар арасындагы кылмыштуулук проблемасы тууралуу көптөгөн жыйындарды акцияларды өткөзүүгө өз салымын кошкон “Айкөл” бейөкмөт уюмунун волонтеру Аймира Жумашеванын пикиринде, бул жерде проблеманын көбү эле балдардын бекер жүргөндүгүнөн чыгып жатат:

- Чыгармачыл кызыктуу ийримдерди көбөйтүп, балдарды ошол жакка көбүрөөк тартуу керектир балким. Бирөө ырга барсын, бирөө бийге барсын, бирөө сүрөт тартканды үйрөнсүн. Балдарды ушундай пайдалуу иштер менен алаксытыш керек да.

Өспүрүмдөр арасындагы тартип бузуулар көбүнчө уруп-сабоо, тоноо, коркутуу жана башка түрдө болот. Ушундай ээнбаштык кылгандыгы үчүн бүгүнкү учурда облуста милициянын каттоосуна алынган 45 бала бар. Алардын эң көбү 18 бала Кара-Буура районунда.

XS
SM
MD
LG