Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Жалал-Абадда кырдаал опурталдуу


Жалал-Абадда президент К. Бакиевдин колдоочулары 13-апрелде митинг өткөрүп, Бишкекте болгон кан төгүүлөр үчүн оппозицияны сындап чыгышты. Митингге К.Бакиев да катышып, Ак үй алдында болгон окуяны эл аралык комиссия иликтеп, айыбын далилдесе, эл алдында жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдирди.

Облбийлик алдында өткөн митингге көз каранды эмес байкоочулардын болжолунда 4, 5 - 5 миңге жакын адам катышты. Алар “К. Бакиев бүгүн Кыргызстанда!”, Элге окту К. Бакиев эмес, оппозиция атты!” деген кыргыз- орус тилдеринде жазылган тасмаларды кармап турушту. Нааразылык акциясын президент К. Бакиевдин колдоочулары уюштурушту. Анда сүйлөгөндөр К. Бакиевдин 2005 – жылдан бери жүргүзгөн ички-тышкы жана экономикалык саясатын колдоо менен 7- апрелде Ак үй алдында болгон кан төгүү үчүн оппозицияны айыпташты.

Сузак районунан Тургунбай карыя өлкөнүн бардык аймактарындагы достору менен аксакалдарга кайрылып, элди бөлүнүп- жарылбоого жана күзөтчүлөрдү К. Бакиевди бекем кайтарууга, эгер убактылуу өкмөт кол тийбестигинен ажыраткан президентти кармоо аракеттери көрүлчү болсо, аны айылы менен коргоого чакырды. Мурдагы ички иштер министри М. Конгантиевдин айдоочусу болгон баласы Таласта кордук тартканы үчүн утурумдук өкмөттүн мүчөсү Б. Шерниязовдон өч алуу үчүн өлүмгө башын сайганын митингчилер алдында жашырган жок:

- Ошол туугандардын кайгысын бөлүшөм. Бардык кыргыз элине жаман болду. Тилекмат аке, Моют акенин урпактары калыс сүйлөгөндөр ушулар. Нарындык туугандар, Чүйдөгү досторум калыс карагыла.

Баткен облусунан келип, митингде сөз алган Шарипа Кадыралиева жол жана электр кубаты жагынан Тажикстан менен Өзбекстанга көз каранды болгон элеттик аймактын турмушун К. Бакиевдин бийлиги кыйла жеңилдеткенин мисалга тартты. Элди ынтымакка чакырган аял бийликтин кемчилигин эмне өз убагында айтпайт деп, оппозицияга нааразы болду. Сүйлөгөн ондогон адамдар сыяктуу ушутаптагы убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө ишеним жок экендигин билдирди.

Митингде президентти жактагандарга сөз берилди. Ага каршы сүйлөмөк болгон Аким Жолчуев аттуу жигиттин колунан микрофонду К. Бакиевдин жактоочулары жулуп алышып, аны трибунадан кууп түшүрүштү. Элден окчун бөлүнгөн Аким президентти жалалабаддыктардын баары эле колдобой тургандыгын артынан сая түшкөн К. Бакиевдин жактоочуларынан качып баратып, шаша – буша айтууга үлгүрдү:

-Жалалабаддыктар мындан ары Бакиевдин саясатын жактабайт. Биз анын саясатын беш жыл көрдүк. Жаңы бийлик эл турмушун өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берип жатат.

Бишкекте болгон кан төгүүдөн К.Бакиев туура жыйынтык чыгарып, элдин тынчтыгын ойлоосу керек. Көз каранды эмес байкоочу Жанна Саралаева үчүн митинг бир жактуу туюлду:

-Бул өтүп аткан митинг өтө туура эмес иш болуп атат. Бир жагдай эле болуп жалаң Бакиев тараптар сүйлөп, Бакиевдин талабын гана колдоп атышат. Биз тарапты уккула деген адамды башынан, колунан сүйрөп ары жака түшүрүп ташташты.

Президент К. Бакиев митинг өтүп жаткан облбийлик алдындагы аянтка куралдуу 5- 6 адамдын жана ондой автоунааннын коштоосунда келди. Ал УТРК тарабынан бир жактуу маалыматтар таркатылганын белгилеп, президент менен Жогорку Кеңештин, Конституциялык соттун, өкмөттүн башчысы менен Ак үйгө кол салуу болсо, буйругу жок ок атуу жөнүндө мыйзам бар экенин эстетти.

Өз күнөөсү катары куралдуу төңкөрүш даярдалып жаткандыгы тууралуу коопсуздук кызматынан да маалымат келбегенин атап өттү. Анын айтымында үй- бүлөлөрүнө да коркутуп- үркүтүүлөр жасалып жаткандыктан, жансакчыларына үйлөрүнө кайтууга уруксат берилген. Өзүн убактылуу өкмөт деп жарыялаган оппозиция демократ болбой, калыстыктан тайганын кепке тартты. Ал президенттик ишмердүүлүгүн кантип улантаары тууралу калк алдында бүгүн айткан жок.

“Азаттыкка” кечээ курган маегинде президент 77 пайыз шайлоочу добуш берген кызматтан кетпей тургандыгы жана өз ишмердүүлүгүн Жалал-Абад менен Ош шаарындагы резиденциясында жүргүзө бере тургандыгын билдирген болчу:

- Баарын тактап, анализдеп, териштиргенден кийин айтсын, урматтуу Курманбек мырза бул сиздин күнөөңүз десе мен элим астында жооп бергенге даярмын туугандар. Кечээки күнгө чейин убактылуу өкмөт деп өздөрүн шайлап алган биздин өкмөт мүчөлөрү бүт маалыматты бир жактан берип, ошол жерде болгон кандуу окуянын бардыгын менин мойнума жүктөштү. Эгерде булар чыныгы демократ болсо, эмне үчүн Кыргызстандын телекомпаниясынан бир жактуу маалыматты берет. Менден сурап атпайбы кээ бири, сиз кандай деп ойлойсуз урматтуу президент, сиздин күнөөңүз барбы деп. Менин күнөөм бар. Менин күнөөм эмнеде? Ушунун алдын ала билбегенимде. Коопсуздук коомитетинде мындай маалымат жок болгон. Курал менен кан төгүп, бийлик алам деген эч кимдин ою жок эле.

Жалал-Абаддагы опурталдуу кырдаал облустун убактылуу башчысын да ойлонтууда. Асан Шакиров үчүн бүгүнкү күндө өлкө тынчтыгы олуттуу. Улуттар аралык мамиле көзөмөлдө турганын белгилеген облус башчысы А. Шакиров нечен адам октон курман болгон кезде президент К. Бакиев өз укугун сот аркылуу коргоп алуусу зарылдыгын “Азаттыкка” берген жообунда айтты:

- Курманбек Салиевич акыл-эсин табыш керек. Азыр 80ден ашык адам өлгөндөн кийин бул жерге келип, Ош, Жалал-Абатты түштүк- түндүк кылып Кыргызстанды экиге бөлбөстөн, өзүнүн укугун сотто акташ керек. Азыр Жалал-Абат менен Ош облусун бөлүп кое турган болсо, анда Кыргызстандын келечеги жок деп ойлойм. Азыр түштүк менен түндүк эмес биздин башка душмандарыбыз да жетишет. Ошондуктан К.Бакиев эсине келиш керек.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG