Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Кандуу окуяда сот менен милициянын жоопкерчилиги барбы?


Тахмина Амантаева тергөө абагында
Тахмина Амантаева тергөө абагында

Өткөн айдын башында 27 жаштагы Тахмина Амантаева “Жылан" деген гезиттин редактору атанган Сейит Мураталиевди бычактап өлтүргөн окуя болгон. 4-декабрда Тахминанын күйөөсү Эркин Айжигитов камактан бошотулду.

Киши өлтүргөнүн мойнуна алып, милицияга өзү келген келин абакта жаткан жеринен "Азаттыкка" окуяны болгонун болгондой ыйлап айтып бергенин буга чейин жарыялаган элек.

Адамды бычактап өлтүргөнүн айтып, милицияга өзү келген Тахмина Амантаеванын камакта отурганынан бир айдын жүзү болду. Аны адвокат Канат Хасанов коргоого алды. Тахмина камалгандан кийин анын күйөөсү Эркин Айжигитов камактан чыкты.

Ленин райондук соту аны бошотуу чечимин кабыл аларда анын аялынын камакка түшкөнүн, эки баласы кароосуз калганын эске алды.

Бул көрүнүш, бир үй-бүлөнүн кароосуз калган чиедей балдары Чыңгыз менен Илгиздин көз жаштан арылтабы? Карапайым үй-бүлөнүн баштан кечирип жаткан трагедиясы, мындай кезектешип түрмөгө түшүү окуясы Кыргызстандагы өлкөдөгү адам укуктарынын кейиштүү абалын көрсөтүп турат. Анткени Тахмина Амантаева күйөөсү Эркин Айжигитовдун камактан чыгара албай, арыз-даты эч кимге өтпөгөндөн кийин акыры барып киши өлтүрүүгө чейин жеткенин мурда баяндаганбыз.

-Жашоодон ушунчалык чүнчүп, кыйналып кеттим. Эки баламды да багышым керек да. Күйөөм болсо тергөө камагында жатат,- деп арыз-арманын айткан “Азаттыкка” Тахмина Амантаева. - Же соту болбойт. Же бошотулбайт. Ага да барышым керек. Акча жок. Айлам мукурап, сотко барам. Мураталиев сотко келбегенден, сот улам жылдырылат. Аны неге сотко алып келалышпайт билбейм. Анан да мени эрмектегенге өттү Мураталиев деген. Ыйлап-сыктап милицияга барып арызданам. Мураталиевдин арызы каралат да, менин арызым каралбайт. Анын себебин да билбейм. Деги бизге окшогон карапайым адамдардын укуктарынын корголушу кыйын бул жерде. Көрсө Мураталиев милициялардын бардыгы менен тааныш экен да. Мени ушинтип кыйнап жатат, десем “не кылалы, бар анда аны менен бол, зордуктады деп арыздан, анан карайбыз” деген сөздөрдү айтышат. Азыр алардын бетине койо албайсың муну. Тескери иш жасаганга көнүп алган алар. Кайра мени күнөөлүү, жаман аял кылып коюшат баары бир.

Ошентип Тахмина Амантаева аны адам өлтүрүүгө түрткөн жагдайлар күтүүсүздөн болгонун айтат. Өзүн кылмыштан алыстатып, актангысы да келбегенин айтат. Кимгедир таарынып, тагдырдын салганына кекенет. Анан да ич ара чырлашуудан сураксыз камакта жаткан күйөөсү Эркин Айжигитовдун мисалынан өзүнүн адам өлтүргөнүн салыштырып, “алдыда азаптуу жаза күтүп турарын билем” дейт.

Анын ал-абалын сураган атасы жок. Өп-чап жетишпеген жашоо. Адам тагдырын, жасалган кылмышты пара менен өлчөгөн соттор акчасы жок Тахминанын тагдырына ырайым кылат деп үмүт артууга да болбойт.

Айтмакчы, Тахмина Амантаева кан жутуп абакка кирип жатканда жолдошу Эркин Айжигитовдун абактан бошотулушун ким кандай түшүнөт? Анын ишин караган Ленин райондук соттун судьясы Таалай Саатов мындай деп жооп берди:

- Бул Эркин Айжигитов деген Мураталиевди урган. Ал тергөөдө далилденген. 4-декабрда карадык. Өзү хулиганчылык боюнча иш козголгон. Ич ара талаш-тартыштан улам чыр чыккан. Бирок тергөө изоляторунда отурган күндөрү эсептелип, айыбына жараша чектелген жазаны өтөдү деп эсептеп, аялынын камалышы, эки баласынын кароосуз калганына байланыштуу сот залынан бошоттук.

Тахмина Амантаева бычактап өлтүргөн Сейит Мураталиев сотко келбей койгондуктан, сот жыйыны ак дебей, же көк дебей токтоп келген. Мураталиевди сотко катыштырууну эч ким камсыздай албаган. Ошол эле учурда сот тарабынан унутта калган Эркин Айжигитов төрт ай зарыгып абакта жаткан. Мураталиев кээде соттон кабар алган киши болуп келип, "керек болсо иш менен таанышуум керек" деп омуроолоп да жүргөн.

Сот аны жайына койгон, камактагы Айжигитовдун адамдык укуктарын ойлоп, анын ишин эртелеп карап чечүүгө эч ким аракет кылбаган. Акыры төбө чачты дүркүрөткөн өлүм окуясынан соң гана Тахмина Амантаеванын жолдошу Эркин Айжигитов камактан бошотулуп жатат. Бул эмне дегендик? Соттордун гумандуулугубу? Же бир үй-бүлөнүн жүгүн көтөргөн эки адам бүт камакка түшкөнүнө боор ачып кеткендикпи?

Эркиндикке чыксам дегенде эки көзү төрт болгон Эркин Айжигитов темир тордон чыкканына сүйүнгөн деле жокмун дейт. Анткени, аялы киши өлтүрүп камакта, эки баласы кайда, кимдин колунда - дайынсыз. Чыгары менен ушундай суук кабар уккан Эркин Айжигитов эси эңгиреп турганда кепке тартууга туура келди:

- Мен бактылуу болчумун, -деп кеп баштады Эркин. - Эки балам бар. Үй-тиричиликке тыккан келинчегим бар эле. Мына үй-бүлөм чачырап, тарап кеттик. Өзүм да ата-энем жок жетиммин. Кандай кылайын, аялымды ушул Мураталиев деген кыйнап койду акча сурай берип. Муну бардыгы эле билет. Ал эмес, Мураталиев каматкан менден башкалар да бар экен, мен отурган жерде. Мураталиев деген милиция кызматкерлеринин жүрөк суусун мынча эмне алган билбейм. Ошондон эле чочулашат да. Себеби мен Мураталиев менен машинасын сатып алып таанышып калгам. Кайдан билдим анын чырлуу экенин. Машинасынын акысын аздан берип жүрүп кутулдум. Анан “машинаңдын акчасынан кутулдум.Эми мага өткөзүп бер” десем эле, ана-мына деп болбойт. Ошентип, жүрүп акыры ортодо чыр чыкты. Ал, түн бир оокумда үйүмө бастырып келип, бирөөлөр менен машинаны кайра тартып алмак болгонун айтты. Мен анан кантип чыдап турам? Эптеп-септеп кутулсам. Уруша кеттик. Анын да колу тийди мага, менин да колум тийди ага дегендей. Ошондо мени милицияга жазып берип койду. Анын арызында эмне жазылса баары боло берет. Ал эми менин үйүмө түн ичинде бастырып келип, чыр чыгарганын тергөөчү караган деле жок. Анын үстүнө жасалма документти түзгөндү билбейбиз да. Бизди териштирген жерлер бар го деп ишенебиз.

Ж. Темирбаева : - Эркин, Тахмина Амантаева сени коргойм деп, ушул абалга туш болгонун айтты. Бирок сени менен деле жакшы жашап кетерине көзү жетпейт экен. Казиного кирип кетип, кыйнады дейт. Ушул туурабы?

- Туура эже. Баары ушул машина боюнча Сейит Мураталиев менен байланышканым себеп болду. Муну менен кайдан да байланыштың, эми жүрө бересиң дешти биздин участкалык милициялар. “Машинанын акчасын кутулбасаң, үстүңөн жазып, ит акмагыңды чыгарам” деп туруп алды да. Ошондон кутулам деген ой менен казиного кирип кетип жатпайымбы. Тескерисинче, казино дегенден алданып, утулуп калдым. Тахмина ошонума аябай капа болуп, “жашабайм” деп айтканы чын. Бирок мен жакшы көрөм. Көп кыйынчылыктар артта калды эле эже. (ыйлап) Балдарымды сагынып, аялымдын тигинтип түрмөгө түшүшү, ушу айламды кетирип турат. Түрмөдөн окудум гезиттен. Азыр кайда барарымды билбей турам. Ошон үчүн Тахминага айтар кебим ушу: Тахмина! Кечир мени. Кудай деген бар эмеспи, бизди угуп турган. Чыда! (үнү каргылдап, көзүнөн жаш агып жатты).

Эркин Айжигитовдун үстүндөгү куфейкеси тамтыгы кетип жыртылган. Төрт ай бою тергөө камагында отуруу оңой эмес. Кантсе да адам жүрөгү чындык деп сого берет. Айжигитовдун түрмөдөн кийинки сырттагы абалын сөз менен элестетип айтып берүү кыйын. Анын адамдардын кайдыгерлигинен, эки жүздүүлүгүнөн кыйналган көкүрөк чыңырыгын чыдап угуу андан да кыйын. Укуксуздукка, адам тагдырына болгон кайдыгерликке жык толгон сырттагы жашоодон көрө тумчуккан абакта өмүр кечирүүнү бекеринен туура көргөн окшойт дейсиң Тахминаны.

Түн жарымда болгон кылмыштуу окуя мындай турсун, чак түштө жасалган кылмышты мойнуна албай, кылтыя басып кеткендер канча. Ага караганда Тахмина Амантаева күбөсү жок эле, шеги жок эле “мени камагыла” деп өзү келип отурбайбы.

Ошентип Тахмина Амантаева учурда Бишкек шаарынын чекесиндеги Нооруз айылында жайгашкан № 50 абак жайына киргизилди. Тергөө ишин Бишкектин Ички иштер башкармалыгы жүргүзүп жатат. Адвокат Канат Хасанов Амантаеваны коргоого алганын билдирди.

- Мен жактоомо алган Тахмина Амантаеванын жасаган кылмышы боюнча угузулган берене бир топ эле оор. Анын себеп жайларын териштирип, жактоочу катары тагылган жаза беренесин башкага алмаштырууга өтүнүч келтирип жатам. Эгерде ал өтүнүчүм колдоо тапса, анда Тахмина Амантаевага жеңилдик болот деп ойлойм. Ал үчүн Амантаеванын адам өлтүрүүгө түрткөн жагдайлар, анын психологиялык абалы баары соттук экспертизадан өтүшү керек. Дегинкиси Амантаева кандай болгон күндө да адам өлтүрдү. Окуя, бычак, кан жана жансыз дене, өзү бул кылмышты тастыктайт. Эми ал окуя кандайча болгон. Амантаева кылмыш жасаганын, өлтүргөнүн танбайт. Мен жактоомо алган күндөн тарта иш жыла баштады.

Жактоочу Канат Хасанов Тахмина Амантаеваны коргоого анын тагдыры тууралуу “Азаттыктын” интернет баракчасындагы үн кошуулар түрткү болгонун да баса белгилеп, жактоочулук милдетти акысыз, соопчулук үчүн өтөп жатканын айтты.

XS
SM
MD
LG