Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:31

Т. Балтабаев: Бакиев шоруңарды курутат деп айтпадык беле


"Ата Мекен" партиясынын төрагасынын орун басары Ташболот Балтабаевдин баамында, өкмөт келечекте өзүнөн жоопкерчиликти алып салуу жана энергетикалык ишканаларды жеке менчикке сатуу үчүн бүгүн отун-сууга тарифтерди көтөрүүгө барып жатат.

- Ташболот Балтабаевич, отун-сууга тарифтердин көтөрүлүшүнө саясий өңүттөн карап көрсөк. Эмне үчүн президенттик шайлоонун алдында ушул маселе айтылган жок да, президенттик шайлоо бүтөрү менен тез аранын ичинде ушундай кымбаттатууга өтүп атат?

- Биз аны президенттик шайлоонун алдында эле айтканбыз, азыр Бакиев өтүп алса, кийин шоруңарды курутат деп. Ал түшүнүктүү эле нерсе болчу, Бакиевдин шашылганын бир себеби да ушул болчу. Электр энергия, газ жана башка жылуулук, суу, канализация - баары кымбаттайт.

Мурда кызмат көрсөтүп жүргөн мамлекеттик ишканалар, андайлар көп да, мына ысык суу, муздак суу, канализация ж.б. ушунун баары мамлекеттин колунда болгон. Мамлекет өзүнүн бир тарифи менен иштеген. Азыр мамлекет сатып жиберейин десе, башкалар албай атат, сен биринчи мындай тарифти жаса, анан мен алам деп атат. Мына азыр кээ бирөөнү эки эсе, кээ бирөөнү беш эсе көтөрүп атпайбы, бул башталышы гана.

Ошонун баарын көтөрүп туруп, анан булар сатат. Бул биринчи этаптагы кыргыздын шорунун куруганы. Экинчи этабы, архив үчүн жазып койсоңор болот, жеке менчиктер колуна алгандан кийин болот.

Бакиев бул Акаев анча-мынча жасайым дегенин жөн эле оодарып салып атпайбы. Мунун баарында эки кызыкчылык бар: биринчи кызыкчылык - жеке кызыкчылык. Ар бир жеке менчикке сатканда өзүнүн "откаты" болуш керек.

Экинчиси, жоопкерчилик жоголот мамлекеттен. Бакиев айтат, акмак Ашмат менен Ташмат, Ваня менен Саня ушинтип атпайбы, мен эмес бул дейт. Мына эмне үчүн ушундай болуп атат.

XS
SM
MD
LG