Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

"Туура эмес багыт, туруктуу эмес саясат"


Ынтымак курултайынын алдында “Ак шумкар” партиясы пикет өткөрбөйт. Пикет ордуна Бишкек мэриясынын алдында партия активисттери курултай делегаттарына жолугуп, өздөрүнүн талаптарын гана тапшырышмакчы. Бул жөнүндө бүгүн "Азаттыкка" таңкы уктуруу маалында партиянын лидери Темир Сариев билдирди.

-Темир мырза, пикетке чыгууну белгилегенсиздер, сиз кечээ күндөрү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү өткөрдүңүз эле. Алар тараптан кандай жооп болуп жатат?

- Бул пикет эмес, бул жолугушуу деп атаганбыз. Анткени бийлик дагы айла-амалын таап, пикетти, же митингдерди өткөрбөөнүн жолдорун издеп атат. Бизди дагы алар сотко берип, сот тыюу салган. Бирок жолугушууга мыйзам боюнча эч ким тыюу сала албайт. Ошон үчүн “Ак шумкар” партиясынын мүчөлөрү, бизди колдогон адамдар, дегеле бүгүнкү саясатка каршы болуп аткан адамдар, ушул жерге келип, делегаттарга өзүбүздүн талаптарыбызды коюп жана кайрылуубузду беребиз деп турабыз.

Кечээ күнү мен Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы менен сүйлөштүм, аларга айттым, мыйзам чегинде болгула, мыйзамдан чыкпагыла, адам укуктарын сыйлагыла деп. Ошондой эле Нариман Түлөев менен дагы сүйлөштүм. Ал сүйлөшүүлөрдө эгерде ошончолук эле болсоңор, мэриянын астында чогулбайсыңарбы деген. Андан кийин кайра чалып, "жок, чоңдор мага уруксат бербей койду, биз силерди келтире албайт экенбиз, бардык жерди тособуз" деп атат. Биз өзүбүздүн аракетибизди көрүп атабыз, мэрия өзүнүн аракетин көрүп атат.

-Жолугушуу болгондо сиздер кагаз түрүндөгү өзүңүздөрдүн талаптарды курултайдын делегаттарына тапшырууга аракет жасайсыздар да?

- Ооба, бизде жанагы силер айтып кеткен 5 талап бар, андан башка делегаттарга кайрылуу бар. Биздин экономиканын флагманы болгон "Түндүкэлектрону" жана "Кыргызтелекомду" эмне үчүн сатып атат, ошолорду цифра менен көргөзгөнбүз, анын кирешелүү жактарын. Орусиядан келген кредиттер эмне үчүн туура эмес колдонулуп атат, алар эмне үчүн эл аралык аферисттердин колуна түшүп калды. Негизги биздин партнер Орусия бүгүн абдан кыр салып турабайбы, бизге сын салып, анткени ишеним жок болуп калды. Бийликке бир гана кыргызстандык адамдар эмес, биздин сырткы өнөктөштөрүбүз, негизги стратегиялык партнерлорубуз дагы ишенбей калып атат.

- Казакстандын Кыргызстандагы ГЭС куруу боюнча позициясы, азыр товарларды өткөрбөй коюп жатышы дагы ушул маселеге байланыштуу деп эсептейсизби?

- Ооба, бажылык бирикмеге кирип атышпайбы үч мамлекет. Азыр дагы биз биле элекпиз, бирок Чалдовар жагын зым менен тособуз деп атышат. Ал эми бул жагын дагы тоссо, 1-июлдан баштап бажылык бирикмеге кирип кетип калса, анда Кыргызстанга өтө оор болуп калат. Товары 90 пайыз сыртка кетип аткан Дордойубуз баары жабылат, жумушсуздук пайда болот, абдан чоң нааразылыктар болуп кетет. Булардын бардыгы тең биздин туруктуу эмес саясатыбыздан, багытыбызды туура эмес алып алып алгандан болуп атат.

-Курултайга кайрылсак, сиздер жолугушуу учурунда тапшыра турган талаптарды Элдик курултайда талкууга алып чыгууга делегаттар батынат деп ойлойсузбу?

- Биз 17-марттагы курултайга дагы чыгарганбыз, жети талаптын беш талабы кирген. 17-мартта жети талап коюлган. Ал эми бүгүн жөн эле таратып койбой, биз бир топ делегаттар менен дагы иштештик, алардын колуна дагы бердик. Кудай буюрса алар дагы бүгүн учурдан пайдаланып ошол жерден конкреттүү маселелерди коюп, ушуларды киргизгиле күн тартибине деп айтат.

Биз жалпы делегаттарга Кыргызстандын булуң-бурчунан келип аткандан кийин, аларга дагы кандайдыр бир өзүбүздүн үнүбүздү жеткиребиз деген аракетти кылабыз. Айтып коюш керек, биз бир гана “Ак шумкар” партиясы эмес, дагы башка саясий партиялар, бей өкмөт уюмдары, кайдыгер эмес адамдар келип атышат. Кечээтен бери уюштуруу иштерин көрдүк. Бүгүн кудай буюрса ошонун жыйынтыгын көрөбүз деп турабыз.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG