Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Т. Сариев: Мамлекет акчасы жеке кызыкчылыкка жем болот деп кооптоном


Борбордук өнүктүрүү агенттигинин түзүлүшүндөгү оош-кыйыштар жөнүндө "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев ой-пикир бөлүшөт.

-Темир мырза, Борбордук өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси Максим Бакиев орун басарлары менен маалымат жыйынында жарыялаган иш пландарына сиздин пикириңиз кандай?

- Негизги төрт багытты айтышты. Бул төрт багыт тең бүгүнкү күндө абдан оор болуп, кандайдыр бир мамлекеттик деңгээлде чечүүнү талап кылып турган багыттар. Алар жаңы эмес. Алар Американы ачкан жок. Буга чейин деле бир топ ишкер адамдар ипотекалык турак жай тургузуу, ага мамлекеттик көмөк көргөзүүнү айтып келишкен. Жакшы жолдорун дагы айтып келишкен.

Айыл чарбасын кайра иштетүү боюнча деле мурун айтылып келген нерселер. Ал эми микрокредиттик компанияны түзөм, айыл жергесине жетебиз дегенин туура түшүнсө болот. Бирок атайын түзүлгөн Айыл банкы бар. Президент өзү айткан айыл банкы ар бир айылга жетет деп. Эми чынын айтыш керек, ошолорду да туура алса болмок.

Бирок булар таптакыр жаңыча кылабыз, жаңы программа жарыялайбыз деп атат. Эми биз мындай ишине ийгилик гана каалай алабыз. Анткени бул маселелерди мамлекет көптөн бери эле көтөрүп келаткан, кээ бири чечилип келатат, кээ бири чечилбей келатат, кээ бир жерде берилген акчалар талап-тонолуп кетип аткан. Эми кандай чечилет муну убакыт көрсөтөт.

Экинчиси, азыр Өнүктүрүү фондусу дагы өзгөрөт деп атышпайбы, мыйзамды өзгөртүп, азыр анын башына Чудиновду барат деп атышат. Мурун болсо Өнүгүү фондунун жетекчиси премьер-министр болчу өзүнүн ээлеген кызматы аркылуу. Азыр болсо булар Борбордук агенттиктин башчылыгына алып барабыз деп атышат. Ошондо Өнүгүү фондусу Борбордук агенттиктин астында туруп калат экен.

Эгерде алар көзөмөлдөн кетип калса, эң негизгиси парламенттик көзөмөлдөн кетип калып атышпайбы. Бизге келип аткан инвестициялар бекер келген эмес. Бул мамлекетке алып келинип аткан карыз акчалар. Ушулар канчалык эффективдүү иштейт, аларды ким көзөмөлдөп турат? Анан бул долбоорлорду ким тандап алат, алардын негизги жыйынтыктары кандай болот, алар кимдин астына отчет берип турат, булардын баары тең азыр айтылбай жатат.

Мени кооптондурганы - ошол Борбордук агенттиктин багыттары боюнча биз көп нерселердин баарын тең, ошол ишкер адамдар менен, жеке ишканалар менен, банктар менен иштейбиз, ал банктар негизги партнер болуп калат деп айтып атышат. Бул жерде эгерде ачык- айкындык болбосо, кандайдыр бир такталган эрежелер болбосо, көп акчалар жеке кызыкчылык үчүн иштеп кетет деген дагы чоң маселе болуп калат.

- Темир мырза, айрым эксперттер Борбордук өнүктүрүү агенттигинин түзүлүшү менен өкмөткө параллель өкмөт пайда болду деп жатышат. Буга сиздин көз карашыңыз?

- Президент жарыялагандан кийин көп эксперттер айтышты. Биз деле ошого кошулабыз. Анткени президент түздөн-түз өзүнө баш ийген бир топ чоң мамлекеттик органдарды түзүп алды. Ал ачык-айкын эле болуп турат. Күн өткөн сайын алар өздөрүнүн багыттарын жарыялаган сайын түшүнүктүү болуп турат.

Анткени булар көп нерсени өкмөттөн алып, биз өзүбүзчө чечебиз, өзүбүзчө кылабыз деп атат. Ал эми өкмөткө жанагы айтылып келген эле социалдык маселелер, акча жыйноону, арык тазалоону, мусорду жыйноону калтырып атышат.

Ал эми жанагы паралелдүү өкмөт болуп калды деген кооптонуунун дагы кандайдыр бир жөнү бар. Анткени карап көрсө, булар бир топ өкмөттүн функцияларын алып атат. Ал эми Конституцияда ачыктан-ачык жазылып турат, мамлекетте аткаруу бийлигинин эң бийик бутагы бул өкмөт деп.

Өкмөт коллегиалдуу орган, ал эми булар болсо бир кишинин башында, бир кишинин башкаруусунда турган органдар болуп атат. Мына бул жерден мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртабыз деп бир топ нерселерди жоюп алып атабыз. Муну эске алышыбыз керек.

XS
SM
MD
LG