Бүгүн ошол эле себеп менен соттук отурум эки саатка кечигип башталды. Шейшемби күнү дагы адвокаттар А. Типеров жана А. Бекназаровдун келбей калгандыгына байланыштуу соттук териштирүү 11- мартка жылдырылган. Ал эми биз адвокаттар менен байланышкан учурда А. Типеров мындан ары Э. Бөлөкбаевди коргоодон баш тартам деген жообун берген эле. Бирок кечээ ал сотко келип, кайрадан адвокаттык ишин улантаарын төмөндөгүдөй айтып берди.
- Азимбек Бекназаров менин адвокаттык ишиме байланыштуу кемчилик издеген туура эмес пикирлерди жолдоду. Анын бул мамилеси адвокаттык этикага туура келбейт. Ошондуктан мен адвокаттык ишимен баш тартам дегем. Бирок Э. Бөлөкбаевдин туургандары суранышты, мен кайра ишимди уланта берем.
Ал эми 11 айдан бери камакта олтурган укук коргоочу Сапар Аргынбаев: "бир кездерде сот төрагасы өзү атайылап соттук териштирүүнү создуктуруп келген, ошол себептен бүгүнкү күндө шашылыш чечим чыгарам деген аракети ишке ашпай жатат. Адвокаттар болсо жумасына үч ирет сотко келип кетип жаткандан тажашты",- деп белгилейт.
Соттун жүрүшүнө башынан бери байкоо жүргүзүп жүргөн Садовое айылдык кеңештин депутаты Б. Саркулов болсо муну алдыда боло турган саясий иш чаралар менен байланыштырат.
- Алдыда боло турган курултайларга байланыштуу оппозиция өкүлдөрү менен катар адвокаттар да кандайдыр бир нерсени күтүп жатышкандай.
Бирок адвокат А. Бекназаров адвокаттардын сотко келбей калышында эч кандай саясий себеп жок экенин “Азаттыкка” мындайча билдирет:
- Адвокаттардын дагы өзүнчө иштери бар. Бул сот кааласа сотту жылдырып, кааласа баштап жүрө берсе, анан биз эмне кылышыбыз керек. Ушунча узак аралыкка келип, кетип жүрөбүз. Бирок адвокаттарга күнөө коюу туура эмес, алар бирин- бири толуктап эле келе жатышат.
Петровка чатагына байланышкан соттук териштирүүдө көрсөтмө берген күбөлөр дээрлик азайып калды. Учурда камактагылар өздөрү көрсөтмө беришүүдө. Соттук териштирүү 12- мартта улантылат. Ал эми келерки жумада кылмыш ишине тиешеси бар аудио материалдар уктурула тургандыгы күтүлүүдө.