Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:25

ЖККУнун оперативдүү тобу Ошко келди


Жамааттык коопсуздук келишиминин баш катчысы Николай Бордюжа түштүк жергесине сапарында өлкөдөгү стабилдүүлүктү калыбына келтирүүдө Кыргыз бийлигине биринчи кезекте кандай жардам керектигин сураштырды. Ошондой эле ЖККУнун ыкчам тобу бүгүнтөн тартып Жалал-Абат жана Ош жергесинде ишке киришкендигин маалымдады.

- Кырдаалды жеринде териштирүү жана аймактагы абалды стабилдештирүү үчүн Кыргыз жумуриятынын бийлиги кандай жардамга муктаждыгын сурап-билүү жана сунуштарды жүзөгө ашыруу максатында учуп келдим. Мени менен Жаматтык коопсуздук келишимине мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү чогуу жүрүшөт. Сапарыбыздын жыйынтыгында ЖККУ мамлекеттеринин президенттерине маалымат бермекчибиз. Анткени, алар Кыргызстандагы соңку кырдаалга кыжаалат экендигин айтып коюуга тийишмин. Ошондуктан, биздин уюмдун ыкчам тобу Ошто жана Жалал-Абатта бүгүнтөн тартып үзгүлтүксүз иштешмекчи, - деди Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун Баш катчысы Николай Бордюжа Ош аба майданына коноору менен.

Бордюжанын ырасташынча, чатакташкан аймактарда иштеген тажрыйбалуу генерал-майор Владимир Бережной жетектеген аталган ыкчам топ Кыргызстандын күч органдарына кошулуп кырдаалды турукташтырууга түздөн-түз көмөктөшүп, ага улай тирешүүлөрдү тыюу чараларын көрмөкчү.

Ушул эле күнү ЖККУюмунун баш катчысы Николай Бордюжа массалык башаламандыктан жапа чеккен район-шаарлардын жана облустардын жетекчилери менен жолугушту. Бул туурасында Убактылуу Өкмөттүн түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков “Азаттыкка” төмөнкүчө маалымдады:

- ЖККУ өкүлдөрүнүн катышуусунда маселелердин тобун аныктадык. Бул жерге өкүлдөрүн жана ыкчам тобун калтырышты. Албетте, мындан ары алар менен тыгыз иштешмекчибиз. Тополоңду уюштургандарды жана өлкөнү дестабилдештирген чагымчыларды табуу эми жеңилге турат деп ойлоймун. ЖККУ тартип коргоочуларды атайын техникалык каражаттар менен камсыздоону ылайык таап олтурат. Мындан тышкары чер араны кайтарууну күчөтүү маселесин дагы талкууладык. Анткени жаңжал чыгарууга кызыкдар сырткы күчтөр дагы жок эмес. Биздин эң башкы мүдөөбүз – жарандардын коопсуздугун толук бойдон камсыздоо. Себеби, мындан ары жанагындай пикир келишпестиктер жана жоруктар Кыргызстанда жүз берүүгө тийиш эмес.

Исмаил Исаков техникалык каражаттардан тышкары жамаатташ өлкөлөрдөн кошумча транспорт, анын ичинде тик учак сурашкандыгын жашырган жок.

Ошол эле учурда жергиликтүү тургундар Өзбекстандан Мекенине кайткан кыргыз жарандарынын арасына экстремистчил жана терррорчул маанайдагы күчтөрдүн кошулуп кириши ыктымалдыгын айтышууда. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Тажиниса Абдурасулова чек ара тилкелерин кыдырып, качкындарга учурагандан кийин ушундай ойго кабылгандыгын ачыктады:

- Бул балам, бул кызым, бул келиним деп паспорттору жок адамдардын барын өткөрүп атат. чек арадан өтүп аткан мезгилде буларды жок дегенде оперативдүү съемка жасап, фамилияларын барын жазып, бармактарын бастырып өткөрсө кыргыз эли үчүн коопсуздук болмок. Алар менен кошо эл душмандары, террористтер келиши мүмкүн. Эртеси күнү тынч жашап аткан элдин ортосунда коркунуч туулат.

Коомдук ишмер Тажиниса Абдурасулова Кыргызстан ар өлкөгө ишенбестен, өз күчү менен ар кандай коркунучтун алдын алууга тийиш деп эсептейт.

Ошентсе да, айрым серепчилер Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдө табигый интеграция болмоюнча, мындай аракеттер аймакты дестабилдештирчү күчтөрдү биргелешип жок кылууга таасир этиши кыйындыгын белгилешүүдө:

- Бул жакшы аракет, колдош керек. Эффективдүүлүгү кандай болот анны азырынча айтыш кыйын. Демек бул жерде тиги же бул мамлекетти жалгыз гана адамдын эрки гана чечип коюп атат. ошондуктан азырынча интеграция болушу да кыйын, биргелешип чек араны коргошу да өтө кыйын. Себеби дискуссия жана ишеним жок, - деди маектешибиз серепчи Санжар Тажиматов.

Ошентип, тараптардын расмий жолугушуулары уланып жаткан чакта Өзбекстандан Кыргызстанга кайткандардын саны арбып бараткандыгы айтылууда. Качкындарды жайгаштыруу маселесин эл аралык уюмдар жана жергиликтүү бийликтер биргелешип чечүү аракетин жасашууда.

XS
SM
MD
LG