Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

А. Сманбаев: Шайлоочулардын укугун коргойлу


"Үч үчүн” коомдук уюмдун жетекчиси Аскарбек Сманбаев Шайлоо Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгеси менен Убактылуу өкмөткө кайрылды.

- Аскарбек мырза жакында эле Шайлоо кодексин өзгөртүү сунушу менен Убактылуу өкмөт башчы Роза Отунбаевага кайрылдыңыздар. Шайлоо Кодексин өзгөртүүгө эмне муктаждыктар түрткү болду?

- Жарандар, шайлоочулар ички миграция боюнча же кокусунан турмуш боюнча шайлоо күнү же шайлоонун алдында тизмеде турган жеринен кетип калса, шайлоо укугунан ажырап калып атат.

Экинчи, өткөн шайлоолордун тажрыйбасында көргөндөй массалык түрдө көп сандагы бюллетендерди алдын-ала бир партиянын, же бир кандидаттын пайдасына белгилеп алып туруп, анан массалык түрдө салып ийген чатактар чыгып аткан.

Ошондой эле бир шайлоочу комиссиянын жардамы менен кайра-кайра кирип алып, келбей калган шайлоочунун ордуна кол коюп алып, добуш берген учурлар болгон да. Ушуларды чектөө боюнча сунуш болду.

-Сиздердин кайрылууда мигранттардын шайлоого катышуу укугу тууралуу да маселе козголгон эле. Ушул маселеге токтоло кетсеңиз?

- Бул маселе көптөн бери эле болуп келген. Бирок азыр уюлдук байланыш пайда болгонуна жараша жана ошондой эле компьютердик пайдалануу менен иш жүргүзүү пайда болгондуктан биздин сунушту оңой эле ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алдык. Мисалы, мен бир жолу айылга шашылыш түрдө барып калып, шайлоо укугунан ажырап калдым.

Ошондой эле көп жылдан бери, мына чаткалдыктарды билем, Чаткалдан келип Бишкекте иштеп атышат. Муну ички миграция десек болот. Бул бечаралар шайлоо укугунан ажырап калышты. Себеби мурда иштеп аткан Шайлоо Кодекси буларга эч кандай мүмкүнчүлүк берген эмес. Азыр ошол мүмкүнчүлүктү бере турган жолдорду биз көрсөтүп сунуш кылдык.

- Шайлоо Кодексин өзгөртүү сунушуңузга Убактылуу өкмөттөн жооп ала алдыңызбы?

- Убактылуу өкмөттүн мага жооп бере турган азырынча чамасы жок болсо керек. Бирок БШКнын кээ бир мүчөлөрүнө кайрылсак, бизди тез эле кабыл алышып, бир жарым сааттай толук отуруп алып кенен-кесир талкуулашты. Ар кандай татаал суроолорду берип, ушундай ойго келишти окшойт, бул керек экен деп. Бизди колдойбуз, биз ушуну талап кылабыз, кодексти иштеп чыга баштаганда келип бериңиз деп суранышты. Биз сөзсүз барабыз максатыбыз ошол болгондон кийин.

- БШК демекчи, анын курамынын түзүлүшүнө бир топ карама-каршы пикирлер айтылды. Сиздин көз карашыңызда БШК көз карандысыз түзүлдү деп ойлойсузбу?

- Жылдан-жылга, күндөн-күнгө эгерде биз жанагыдай карама каршылыктарды, бурмалоолорду, таптакыр уятсыздыктарды азайткан сайын шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн мааниси, кайдан келгени азая баштайт. Бирок азырынча дагы ишеним бар. Себеби бийликте шайлоо таза, ачык өтсө экен деген умтулуу болуп атат го деп ойлойм мен.

Себеби чатактын баары ошондон чыгып атпадыбы. Андай-мындай болуш керек эле деп үстүнкү талаптарды коюп алса, анан менин оюм боюнча, партиялардын, ар кандай көз карандысыз уюмдардын өкүлдөрү келсе, бири-бирин контролдоп, бири-бирин текшерип, атаандаштыкты көрсөтүп, ал жерден одоно бузганга, кынтык бузганга дагы мүмкүңчүлүк бербейт го деп ойлойм.

Мен БШКнын мүчөлөрүн бирин да тааныбайт экемин, булардын кандай саясий тарыхы бар экенин да билбейт экемин. Бирок жанагыдай кырдаал, бири-бирин менен атаандаштык, бири-бирин контролдоо менен баардыгы ордунда болот го деп ойлойм.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG