Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Тариф саясаты: Бүгүн эрте, эртең кеч


Энергетикалык ишканалардын жетекчилери электр кубатына тарифтерди көтөрүүнү энергетика тармагынын эскирген жабдууларын жаңыртуу үчүн зарыл экенин белгилешүүдө.

«Түндүкэлектр» ишканасынын жабдыктарынын 72 пайызы эскирип, аны жаңылоого 260 млн. доллар каражат керектигин аталган ишканынын жетекчиси Талант Раимжанов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Совет биримдиги учурунда электр түйүндөрү ар бир кардарга 1,5 киловатт пайдаланууга эсептелип курулган болсо, бүгүнкү күндө 7-8 киловаттан туура келип, электр түйүнүндө 4 миң авария катталган. Өткөн жылы 3,5 миң авария катталган.

- Эгерде электрге тарифтерди жогорулатып, акча каражатын көбөйтпөсө эскирген жабдыктар тез иштен чыгып, жарыктын өчүшү, жоготуулар көбөйөт. Бүгүнкү күндө электр кубатына жоготуулар 25 пайызды түзүп, кызматкерлерге жоопкерчилик күчөтүлдү,-дейт Т.Раимжанов.

Талант Раимжанов белгилегендей буга чейин «Түндүк электр» акционердик коому менен Бишкек ТЭЦи бир пакет менен сатыкка коюлуп, аларды сатып алганга кардарлар чыккан эмес. Анын айтымында, эгерде акчалуу компаниялар келип «Түндүкэлектр» ишканасын сатып ала турган болсо, өкмөт аларга өзүнүн талабын коет.

-Өкмөт өзүнүн талабын коет. Мынча акчаны коесуң, мынча акча төлөйсүң деп. Мисалы бир жылдын ичинде биз 350 миллион акча сурап жатсак, өкмөт аларга 600 миллион сом сал, ушул компаниянын бузулган тетиктерин, бузулуп жаткан цехтерин оңдойсуң деп талап коет. Мындайча айтканда акчасы бар кишилер келсе бөлүштүрүүчү компанияны бере бериш керек, -деди Талант Раимжанов

Ал эми «Ата Мекен» партиясынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн төрагасы Райкан Төлөгөнов болсо электр станцияларындагы жабдыктардын эскирип жарактан чыгып баратканына карапайым эл эмес, учурунда бөлүнгөн каражаттарды туура эмес пайдаланган жетекчилер күнөөлүү деп эсептейт. Анткени электр станцияларындагы жабдыктарды жылыга жаңыртуу үчүн атайын миллиондогон акча каражаттары өкмөттөн бөлүнүп турчу экен.

Анын айтымында, өлкө жарандарынын кызыкчылыгын эсепке албай бийлик электрге тарифтерди көтөрүп, «Түндүкэлектр» ишканасын элдин эсебинен жаңыртып туруп, башка бир жеке адамдарга сатканы турат.

-Азыр электрге тарифти көтөрүп жатканы, булар бөлүштүрүү компанияларын сатканы калды. Ошол бөлүштүрүү компанияларын сатканда анын баасын көтөрүш керек болуп жатат. Башкача айтканда, ошону алабыз дегендер азыр, «бүгүн электрге бааны көтөрүп бергиле? Силер көтөрүп бербесеңер биз өзүбүз көтөрө албайбыз. Биз көтөрсөк эл бизди тебелеп кетет» деген сүйлөшүү бар да бул жерде. Ошон үчүн бааларды көтөрүп «оңдош керек, антиш керек, минтиш керек» дешип жок шылтоолорду айтып, элдин башын айланытып жатышат да. Жаңы бааларды бизге таңуулап жатышат. Негизинен бул «Түндүкэлектр» ишканасын сатууга даярданып жаткан нерсе.

Райкан Төлөгөнов белгилегендей, электр кубатын бөлүштүрүүчү компаниялар өлкөдөгү стратегиялык обьект болуп эсептелгендиктен, алардын кыймыл аракеттери ар бир кыргызстандык атуулдардын социалдык акыбалына таасирин тийгизип турган нерсе болуп эсептелет.

- Эгерде отун-сууга бааны эки эсе көбөйтүп койсо, 40 пайызы жакыр, 40 пайызы кедей жашаган Кыргызстандын элинин 80 пайызы электр менен жылуулукка төлөмдөрдү төлөй албай калышат,-дейт Р.Төлөгөнов.

Буга байланыштуу «Ата Мекен» партиясы элди өз укуктарын коргоого жана социалдык-экономикалык талаптар менен массалык акция өткөрүүгө чакырык таштаган болчу.

Энергетика министрлигинин алдындагы ТЭКти жөнгө салуу башкармалыгынын мамлекеттик департаментинин директору Эркин Абдыкалыков болсо тарифти көтөрүү маселесин саясатка аралаштырууга болбостугун айтты.

-Тарифти көтөрүүгө байланыштуу саясат менен экономиканы, өзүбүздүн турмуш-тиричилигибизди аралаштырбас керек деп айтат элем. Бул жерде биз экономикалык тармактарды сактап калалы деген максатта ушундай аракеттер көрүлүүдө. Тарифтерди көтөрүүнү киргизип жатабыз. Эгерде биз бул маселени бүгүн киргизбесек, эртең кеч болуп калат.

Эркин Абдыкалыков ошондой эле электр кубатына жана жылуулукка тарифти азыр көтөрбөсө энергетикалык коопсуздукка олуттуу коркунуч тууларын белгиледи.

XS
SM
MD
LG