Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Өзбек бийлиги кыргыз көрүстөнгө сөөк коюуга тыюу салды


Чек араларды бөлүштүрүү убагында Араван районундагы Байтопу жана Жар-Кыштак айылдарына караштуу көрүстөндөр Өзбекстанга өтүп кеткен. Анысы аз келгенсип коңшу өлкө бул аймактагы жападан жалгыз чек ара бекетин быйыл 27-августтан бери жөнсүз жаап таштаган. Жергиликтүү калк өлгөндөрдүн сөөгүн Аравандын ар айылына жашырышууда.

Байтопу кыштагында төрт миңдей киши жашайт. Калктын басымдуу бөлүгү дыйканчылык менен тиричилик кылат. Айыл башы Абдырасул Султанов ата-балалардын, туугандардын сөөктөрү жаткан жерге барчу жол тосулуп калды деп тызылдайт:

- Мобул зым тосмонун наркы тарабы биздин айылга тиешелүү. Ал жерде ата-бабаларыбыздын, туугандарыбыздын мүрзөлөрү бар. Кечээ бир кошунам көз жуумп, өзбек бийлигине акыркысы деп жалдырап атып сөөгүн араң жашырып кайттык. Мындан кийинки тагдырыбыз кантет? Бизди жергиликтүү чоңдор ойлобойт окшойт. Айла куругунда Кыргыз Өкмөтүнө да кайрылдык. А коңшу мамлекеттик чек арачылары «Биз Ташкендин тапшырмасын гана аткарабыз! Негизги маселе ошол жактан чечилет» деп олтурушат.

Маектешибиздин белгилешинче, аталган көйгөйдү райондун жана облустун мурунку-кийинки жетекчилиги абдан жакшы билишет. Тилекке каршы, алар маселени жогорку жактарга кабыргасынан койбостон, жөн эле кат жүзүндө кайрылуу менен гана чектелип келатышат.

Ушул эле айылдын тургуну Шералы Нуганиевдин айтуусуна караганда, Өзбекстан ушул жылдын 27-августунан бул жердеги Кара-Багыш чек ара бекетин бир тараптуу жапкандан бери эки өлкөнүн эли катташуусу кыйла кыйындады. Болбосо илгертен кыз алып, уул үйлөп, кыйышпас кандаш-урукка айланган жергиликтүү жашоочулар тоскоолдуксуз эле алакалашып турган.

- Документ сураганы курусун. Эптеп тилин таап, кичине акча, мисалы, 150 сом өзбек чек арачыларынын колуна карматпасаң, эзели өткөрүшпөйт. Күндө ушундай турмуш. Катташпасаң, карым-катыш үзүлүп калышынан чочулайт экенсиң. Улам мөөр басылып, паспортторубуз деле толуп бүткөлү калды. Айла жок, жаңылашка туура келет. Ал дагы өзүнчө чыгым, -деп муңканды Шералы Нуганиев.

Береги Жар-Кыштактын калкы эки жарым миңди чамалайт. Айылдын башчысы Жолдошали ажы Ражапов жердештерине жолугуп, эртең акимге кайсыл маселени жеткирүү жагын сүйлөшүп турган жеринде микрофон сундук.

-Жыйырма кожолугубуз Өзбекстанга чалкеш жайланышкан. Ал жакта көптөн бери жарык жок. Мындан тышкары коңшу өлкөдөн эки жүздөн ашык келин алганбыз. Алар – Кыргызстандын жарандары, бирок паспорт бериле элек. Жамандык-жакшылыкта туугандарына баралбай булар да санаада. Ошондой эле биз дагы байтопулуктарга окшоп өлгөндөрдүн сөөгүн Өзбекстандагы өзүбүздүн көрүстөнгө кое албай, Кыргызстандын ар бейитине ташып мукурадык. Мына ушул президент Каримовго бир өтүнүч: мейли, чек ара кыла берсин, бирок жолду ачып койсун! Бакиев да жөн жатпай Өзбекстанга барып сүйлөшсүн,- деди Жолдошали ажы Ражапов айылдаштарынын атынан.

Араван райондук акимчилигинин аппарат жетекчиси Махаматрабо Дадажанов Байтопу жана Жар-Кыштак айылдарынын көйгөйү бийликке маалым экендигин айтып, маселе мамлекеттер аралык макулдашуулардын деңгээлинде чечиле тургандыгына ишендирди.
Түштүк чек ара көзөмөл отрядынын зардалы Анарбай Келдибаев Аравандагы жападан жалгыз Кара-Багыш чек ара бекети Өзбекстан тараптан белгисиз мөөнөткө жабылгандыгын, учурда аны калыбына келтирүү максатында эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын «Азаттыкка» билдирди.

XS
SM
MD
LG