Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:27

Шайлоо алдындагы биригүүлөр жана билдирүүлөр


“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев мурдагы бийликтин күчтөрү жаңыдан түзүлгөн төрт-беш партиянын алдына биригишкендигин белгилеп, реваншисттик күчтөр парламенттик шайлоодо кандай гана жол менен болбосун, чыр-чатак чыгарып болсо дагы бийликке келүүнү көздөп жатышат

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев маалымат жыйынында “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата-Журт”, “Республика” жана “Ар-Намыс” сыяктуу партияларга мурдагы Бакиевчил режимдин негизги оюнчулары жана “Ак Жол” партиясынын мүчөлөрү кирип жатышкандыгына токтолду. Өмүрбек Текебаев аталган саясий күчтөр шайлоодо бийликти кайтарып алуу үчүн кандай жол менен болсо да көбүрөөк добуш топтоого жан үрөп, эгер тоскоолдук болсо жаңжал чыгарууга чейин барышарын эскертти:

- Кээ бир саясий күчтөр чын эле өлкөдө кырдаалдын татаалданышын, чатактын болушун каалап жатышат. Анткени алар ошондой экстремисттик-радикалисттик маанайларды пайдаланышып, электорат алганга кызыкдар. Алар баарыбызга белгилүү. Алар регионализмдин туусун жамынгандар, алар реваншизмдин туусун жамынгандар. Негизинен алардын баардыгы эле “Ак Жол” партиясынын активдүү мүчөлөрү жана аларды колдоп жүргөн адамдар. Бүгүн алар беш партияга бөлүнүп, беш колонна менен реванш алганга аракет кылып жатышат.

Камчыбек Ташиев
Анткен менен мындай мүнөздөгү саясий билдирүүнү “Ата Мекен” партиясынын атаандаштары шайлоо алдындагы жоопкерчиликсиз жоосун катары айыптап чыгышты. “Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы Садыр Жапаров бүгүнкү саясий партиялардын бардыгын эле бакиевчил күчтөр деп атоого болбойт деп эсептейт:

- Акаевдик, бакиевдик деп бөлө турган болсок, анда Кыргызстандын жарымын – беш миллион болсо эки жарым миллионун чыгарып жибериш керек. Сен акаевчисиң, сен бакиевчисиң деп. Бирок булардын арасынан караш керек да. Ким таза эл үчүн иштеди деп. Мисалы биздин партиянын катарындагы Камчыбек Ташиев. Ал Ошол Жалал-Абаддын Сузагынан. Президент Бакиев каерден болсо, ошол жерден болот. Алыт ай мурун Бакиевдик режим күч болуп турган учурда, эшигин тарс жаап чыгып кетип калган мисалы. Ошону кантип эми Бакиевчил десе туура болот?

Ошол эле учурда Садыр Жапаров парламенттик шайлоодо кайсы бир саясий күчтөр атайылап чыр-чатак чыгарууга кызыкдар дегенге да макул эмес. “Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы шайлоонун коопсуздугу, аны таза, так жана адилетүү өткөрүүдөн көз каранды деген ойдо:

-Эгерде таза шайлоо өтө турган болсо, анда эч ким көчөгө чыкпайт. Буга биз партия толук ишенебиз. Эгерде кечээ күнкү референдумду өткөргөндөй, баякы ташып элдерди, урналарды алып барып, пачкалап бюллеттендерди уруп, мурдагы Акаев менен Бакиев жасагандай эле Убактылуу Өкмөт жасады. Эгерде ошондой кыла турган болсо сөзсүз түрдө көзү менен көрүп турган эл кантип чыдап турат. Ошон үчүн таза шайлоо өткөзүш керек.

Канткен күндө да парламенттик шайлоо чыр-чатактар менен коштолоорун божомолдошкон серепчилер аны коопсуз жагдайда өткөрүүнүн шарттарын саясий күчтөр алдын-ала келишип алышы керектигин сунушташат. Талдоочу Орозбек Молдалиев Кыргызстандагы дээрлик бир катар саясий күчтөргө долуланып, өздөрүнүн кескин шарттарын коюу өнөкөтү мүнөздүү экендигин белгиледи:

- Себеби дегенде бир нерсе болсо эле мен “баланча жерди тостура койом”, “мынча адамым чыгат, мына араң кармап турам”, “эл аябай нааразы болуп жатат” депчи. Эл деп ошол өздөрүнүн ошол кылмыштуу топторун айтып жатышат. Кээде карапайым элди пайдаланышат. Анан өздөрүнүн куралдуу топтору бар. Ошолорду багып атышат. Алар бирин-бири ушундай жол менен коргоп жатышат. Алар бул саясий күчтөргө жумуш кылып бере турган учур келип атпайбы. Ошон үчүн тарап кеткен курал жарактарды алыш керек. Уюшкан кылмыш топторунун адамдарын кармап, түрмөгө олтургуза тургандарын олтургузуш зарыл.

Буга чейин “Эл аралык толеранттулук үчүн” коомдук фонддунун чыр-чатактарды алдын алуу программасы 7-апрелден бери элдин колуна өтө көп курал-жарак тарап кеткендиктен улам, парламенттик шайлоону өткөрүү кооптуу жагдайларга алып келиши мүмкүн деген тынчсыздануусун тараткан.

XS
SM
MD
LG