Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:07

Беловодскиде жети адам ачкачылык акциясын баштады


Петровкадагы башаламандыкты уюштурду деп шектелип камакка алынган “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Булекбаев жана укук коргоочу Сапар Аргынбаевды бошотуу талабы менен бүгүн Москва районунун борбору Беловодскиде жети адам ачкачылык акциясын баштады.

Беловодск айылына чогулган С. Аргынбаев менен Эркин Булекбаевдин жакындары бүгүн кечтен баштап мөөнөтсүз ачкачылык акциясын баштады.

Уулгелди Аргынбаева:

- Сапар менин уулум. Биз мөөнөтсүз ачкачылыкты баштадык. Биздин мындан башка жолубуз жок. Уулумду ак жерден камап коюшту.

Баялы Сакулов:

- Учурда ачкачылык акчиясын жети адам кармап жатат, бирок дагы кошулам дегендер бар. Азыр акциянын катышуучуларын тактап, анан акимият менен райондук ооруканага атайын кайрылуу кылабыз. Ал эми бүгүн кечке бизди тегеректеп тартип коргоо кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик жүрүшөт. Булар бизден бир нерсе таппай эле турушат. Себеби бийлик мыйзам менен курчанып алышты, эч бир жерге акция уюштурбаш керек деп. Биз болсо нааразылык акциясын минтип жеке турак үйдүн короосунда өткөрүп жатабыз.

Район акими Кубанычбек Сыйданов, “нааразылык акциясына чыккандарга жергиликтүү бийлик эч кандай тоскоолдук кылбайт, алар үйүнүн короосунда акцияларын өткөрө берсин, биз эмне демек элек”,- деген пикирин “Азаттыкка” берген маеги учурунда айткан.

Ага карабай бүгүн 17:30 чамасында ачкачылык акциясынын катышуучулары олтура турган боз үй кайрадан чечтирилди. Акциянын катышуучуларынын айтымына караганда боз үйдүн ээсин жергиликтүү бийлик кысымга алгандыктан, ал боз үйдү алып кетүүгө аргасыз болгон. Бирок ачкачылык акциясы токтогон жок.

XS
SM
MD
LG