Бирок акция токтогон жок. 28- май күнү Москва районунун дагы бир оппозициячыл лидерлеринин бири Уран Рыскулов камакка алынды. Бул окуя ачкачылык кармагандардын кыжырдануусун күчөтүп, бийликтин биздин талаптарга берген тескери жообу катары бааланууда.
Баялы Саркулов (Москва районунун тургуну):
- Сапар Аргынбаевдин жакын адамы болгон коомдук коргоочу Уран Рыскуловдун камакка алынышы, ачкачылык акциясынын катышуучуларына өтө оор тийди. Бир катар саясатчылар жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү акцияны токтотуу жөнүндө кеңештерин берип жатышат. Бирок бийлик алардын талабын угуп койгонго жарабай, тескерисинче дагы бир адамын камакка алганы аларды ого берет кыжырдантууда. Алар аягына чыгабыз деп көшөрүп жатышат.
Дарыгерлердин айтымына караганда, акция катышуучуларынын көпчүлүгүнүн кан басымы түшүп, абалдары начарлай баштады. Кечээ бирөө ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтоткон. Ал эми акция катышуучулары, “бул аралыкта биздин абалыбызды билүү үчүн жергиликтүү бийлик бир да ирээт келип койбоду, тескерисинче аким өзү абалыбызды сурап кайрылгандарга катуу эскертүү берип келтирбей жатат”, деп нааразыланышат.
Бирок Москва районунун акими Кубанычбек Сыйдановдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда ачкачылык кармагандардан жергиликтүү бийлик күмөн саноодо.
- Алар Э. Бөлөкбаевдин Беловодск айылындагы үйүнүн короосуна чатыр тигип алып ачкачылык акциясын өткөрүп жатышат. Эч кимди киргизишпейт. Кечээ үч- төртү шаарга жана үйүнө кетип калган экен. Кечкисин эмне кылып атышат кайдан билебиз?
Белгилей кетсек, оппозициячыл саясатчы Эркин Бөлөкбаев жана Чүйдөгү “Болуш” бирикмесинин жетекчиси Сапар Аргынбаев Петровка айылындагы башаламандыктын уюштуруучулары катары шектелип, үстүбүздөгү жылдын 26- 27- апрель күндөрү камакка алынышкан. Ал эми кечээ Сапар Аргынбаевдин ишенимдүү адамы болгон, жергиликтүү лидерлердин бири Уран Рыскулов дагы Петровкадагы башамандыкты уюштуруучулардын бири катары шектелип камакка алынды.