Өткөн жылы Кыргызстан айыл чарбасынын өнүгүшү 4% чыгары болжолдонгон эле. Жалпы көрсөткүч анын жарымына да жакындаган жок. Быйыл өкмөт кредиттик бирикмелер аркылуу жүздөн ашуун тракторлорду дыйкандар акысын 8 – 10 жылда төлөп беришин милдеттендирип бөлүп берди. 22 миллионго жакын сомду үрөн, 75 миллион сом айыл чарба техникасын сатып алууга бөлүүдө. Мындан тышкары базар баасынан арзан күйүүчү май мамлекеттик резерв аркылуу топтолуп, дыйкандарга бөлүнмөкчү. Буларга кошумча сугат системасын жакшыртуу милдети турат.
- Бюджетте акча каралган. 459 миллион сом акча каралган. Азыр бул акчаны караштырып Каржы министрлиги менен сүйлөшүп караштырып жатабыз,- деп маалымдады 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов парламенттеги “өкмөттүк саатта”.
Андай акча мураптарга бөлүнбөстүгүн ошол эле жыйында Каржы министри Марат Султанов ырастап, айыл чарбасындагы абалды момундай жагдайга салыштырды.
- Жаш балдар, билесиңер го, келип алып "момунча оюнчук алат элем" дейт. Ата-энеси айтат: “Менин чөнтөгүмдө болгону 100 эле сом бар, балам. Ошон үчүн эки оюнчуктун бирөөсүн гана тандап ал”, дейт. Ошон үчүн биз да айтып жатабыз. “Кааласаң, албетте, акча тартыш болбосо 486 миллион сомдун бардыгын берет элек. Бирок, тилекке каршы, 200 эле миллион сом бере алабыз. 200 миллионго эле иш жасагыла”, деп жатабыз. Мурунку жылы 155 миллионго жасашкан.
Айыл чарбасындагы алдагыдай абал толгон-токой себеп-жүйөөлөргө көз каранды. Айыл чарба министри Искендербек Айдаралиевдин айтуусунда, ириде ал табиятка байланыштуу.
- Бир жыл бир жылга барабар болбойт. Ошон үчүн быйыл биздин болжолубуз менен 2% өсүү темпин беребиз, деп турабыз. Эгерде биз 2% өсүү темпин берсек бул дагы чоң жетишкендик болот. Былтыр болсо 0,7% болгон.
Өкмөт үмүт артып олтурган айыл чарбасынын дүң продукт көлөмүн 2% арттыруу эскирген техника, жарыбаган үрөн, айдоо-себүү жумуштары күчөгөндө кымбаттап кетчү күйүүчү-майлоочу майлардын жетишсиздиги шартында ишке ашышы кыйын. Кыйла жылдардан бери айыл чарбасындагы өсүштү 4% деңгээлинде болжолдоп келаткан өкмөт быйылтан тарта анын тең жарымы ишке ашып берсе деле дурус болотту айтууга өттү.
1 миллион ашуун гектир жердин кыйласы жараксызга чыгып, 108 миң гектир жер айдалбай эле калууда. Шаарга жакын айылдардагы дыйкандар жер иштеткенден базарда соода кылганды артык көрүп, көпчүлүгү жер которуп кетүүдө.
Өкмөт жаз жакындаганы айдоо-себүү жумуштарынын эсебин алып, күзгө тарта эгин-тегиндин жыйналышына кызыгып, башка учурда тармактын татаал прооблемаларын жадынан чыгарып салышы көнүмүшкө айланып калганы качан. Ө.Бабанов азырынча жамап-жаскоо менен алектенген аткаруу бийлиги мындан аркы аткарчу иштерин тактап, айыл чарба саясатын жаңылоо зарылдыгын билдирүүдө.
Парламент депутаты Роза Абдыраимова өлкө дыйкандары эң керектүү азыктар менен калкын камсыз кылууга буямасы келбей жатканын айтып, Сары өзөн Чүйдө кант кызылчасын эгүү азайып, эки заводдун бирөөнө араң жетерлик эгин айдалып жатканын мисалга келтирди. Дыйканчылыктын башка түрлөрү боюнча деле абал жакшы эмес.
- Акыркы жылдары техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүүдө өкмөттүн ролу таптакыр эле көрүнбөй калды. Бизнесмендер элди калчап отуруп, анын натыйжасында пахта, тамеки аянттары кескин жоголуп баратат,- деп айтты Р.Абдыраимова.
Кыргызстандын ички дүң продукт көлөмүнүн 40% жакынын айыл чарбасы түзөт. Тармактагы абал тууралуу жыл сайын каадалуу жыйындардын баарында кызуу кеп болуп, өкмөт майда дыйкан чарбаларын кооперативдерге бириктирүү чакырыгынан башка демилге көтөрө элек. Дыйкандарды болсо жаңы түзүмдөргө салынчу салык оорчулугу чочулатат.