Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

Кыргызстандын гербинин түп нускасында кандай айырма бар?


Кыргызстандын гербинин автору, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Асейин Абдыраев гербдин түп нускасы менен азыр колдонулуп жаткан гербдеги айырмачылыктар тууралуу “Азаттыктын” түз обосунда кеп салып берди.

- Асейин мырза, учурда мамлекеттик символикаларды өзгөртүү тууралуу пикирлер айтылууда. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

- Мен да өткөндө сыналгыдан көрдүм, мен аларга такыр кошула албайм. Себеби алар кармап отурган герб - Кыргызстандын герби эмес. Гербдин өзүнүн түп нускасы азыр Кыргызстан элине жете элек. Мен азыр Нарында жатам, гербди жасаган, ойлоп чыккан адам менмин. Бирок ошону элдин катмарына жеткирүүгө менин күчүм жетпейт. Себеби менде каражат жок, бул мени менен авторлош болгон урматтуу генерал Дубанаевдин иши эле. Ал кишинин 15 жылдан бери мени менен мамилеси жок.

- Гербдин түп нускасы менен азыркы гербдин айырмасы барбы?

- Айырмасы асман менен жердей. Бул менин 40 жылдан ашуун эмгегимдин натыйжасы, Союз учурунда дагы союздук гербдерди көп тарткам. Туура түшүнүңүз, легендарлуу парламенттин 340 депутаты эң биринчи жолу тууну кабыл алып, андан кийин гимнди кабыл алып, эң акыркысында тажрыйбалуу болуп, көздөрү ачылганда кенен карашып анан гербди кабыл алышкан. Бул герб 1-2-3-4, же 100 эмес, бул 1223 гербдин ичинен тандалган герб.

- Демек анда депутаттар кабыл алган герб түп нускасы экен да?

- Ооба.

- Анда эмне үчүн азыр ошол герб түп нускасында жасалбай атат деген суроо туулат?

- Мындай болуп атпайбы, Орусияда, Казакстанда, Өзбекстанда герб бир гана жерден автордун көзөмөлү менен даярдалат экен. Бизде болсо, сүрөтчү эмес, мейли бир окуучу, же дагы бирөө тартып атат, ошентип гербдин түп нускасынын негизги элементтерин окшоштуралбай жатат. Ал эми автор катары менин өзүмдүн колумдан даярдалган гербди салыштырсаңар асман менен жердей деген аныктамам туура чыгат.

- Бул маселе боюнча өкмөткө, маданият министрлигине кайрылдыңызбы?

- Мен мурунку президентке дагы, азыркы президентке дагы ушул маселе боюнча бир нече жолу кат жаздым. Бирок бир да жолу жооп ала алган жокмун.

- Асейин мырза, коңшу мамлекеттин гербдеринин авторлору Эл сүрөтчүсү деген наам алышты. Бүгүнкү күндө кыргыз гербинин автору мамлекеттин, коомчулуктун көңүл чордонунан чыгып калган жокпу?

- Чыгып калды. Мен өзүм институтту Алматыдан бүткөм, ал жакта эң сонун досторум бар. Мен биздин гербди кабыл алганда эле, телефон чалып ал жактагы абалды билдим, силердин гербдин авторуна эмне деген сыйлык ыйгарылды десем, бүт баарын берди го дешти. Ошондон кийин мен биздин бийликтегилерге дагы белги бердим. Анан булар айтты, адегенде Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, анан эки жылдан кийин Эл сүрөтчүсү наамын беребиз деген. Ошол бойдон унутулду да калды. Былтыр урматтуу Курманбек Бакиев бизге, Нарынга жолугушууга келгенде мен кат киргизгем, ошол катка жооп катары сыйлыктар бөлүмүнүн башчысы Нурматовадан кат келген, документтериңизди тез жибериңиз деп, тез жиберсем ошол бойдон жооп да болгон жок, ошол бойдон туруп калдым.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG