Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Күнөөсүз күнөөлүүлөр


Жамгырчиева Гүлмира - үч баланын энеси
Жамгырчиева Гүлмира - үч баланын энеси

Балыкчыда шайлоодо чыккан жаңжалдан улам үч балалуу аял менен 24 жаштагы кыз эч күнөөсү жок болсо да, бир айга жакын убакыт камакта отурушат. Алар А. Атамбаевдин шайлоо штабында иштешкен, көчө акцияларына чыккан эмес.

Камактагы Гульмира менен Жаркындын туугандары.
Оппозициядан президенттикке экс талапкер болгон А.Атамбаевдин тарапташтары 23-июль күнү шайлоонун акыйкат өтүшүн талап кылып, Балыкчы шаардык мэриясынын алдына келгенде, бир топторун милиция кармап кеткен эле. Бирок милиция кармап кеткен Гүлмира Жамгырчиева менен Жаркын Асанова ал жердеги нааразылыкка чыкпаганын жакындары ырастады.

Жаркын Асанованын энеси Зина Орозбекова.
-Менин кызым Жаркын Атамбаевдин штабында кагаздар менен эле иштечү. Ал митингге чыкпай офисте отурса эле милициялар кагаздарын аңтарып, өзүн кошо салып кетиптир. Биз таппай 3 күн издеди. Милицияга келсек андай кыз камакта жок деп коюшкан. Качан гана ичинде отургандардын туугандары аркылуу билсек, 23-дө күнү эле камаган экен. 26-августта кийимдерин, тамак-аш алып алып кайра милицияга келсек Каракол сизосуна которулду дешти.Ошентип, ыйлап калып калдым... 1984-жылы 24-ноябрда төрөлгөн. Көкүрөк күчүгүм, кенже кызым,- дейт Жаркындын энеси Зина Орозбекова.

25 жашка чыга элек Жаркын Асанова медициналык орто окуу жайды аяктап, жумуш ордун таппагандан өз адистиги менен иштеген эмес. Компютерде иштеп, корей тилин өздөштүргөндөн кийин Атамбаевдин Балыкчы шаарындагы штабына жумушка орношкон.Турмуш кура элек.

Ал эми жашы элүүлөргө чамалап калган, үч баланын энеси Гүлмира Жамгырчиева Балыкчы шаарындагы №3 шайлоо участкасында А.Атамбаевдин ишенимдүү өкүлү болгон. Ал добуш уурдалып атканы боюнча акт түзүп, №3 шайлоо комиссиясынын төрагасы Замир Абдыкеримовго кайрылганда, аны милицияга салып бергенин камалардан мурда "Азаттыкка" айтканы бар.

-Ал милицияны чакырып, буйрук берди эле, 2 милиция колумду толгоп машинага салды. Мына көгала жерлеримди экспертизадан өткөрттүм.

- Эмне негиз менен сизге күч колдонду?

- Ордуңан турбай бир жерге отур дейт. Байкоочуларды комиссия менен шайлоо баракчасын салган урнадан алыс жайгаштырып коюптур. Басып барып карамайынча каалаганын жасап атышты.

Гүлмира Жамгырчиеваны күч органдары шайлоого тоскоолдук келтирип атасың деген кине менен саат 10дон баштап прокуратурадан сурактан өткөргүчө түш оогон. Бул аралыкта башка участоктордо да шайлоо бурмаланып атканы дайын болуп, жарандар Балыкчы шаар мэриясынын алдына нааразылыкка чыккан. Бул учурда Жамгырчиева суракта отургандыктан ошол боюнча камакта калган. Демек ал Балыкчы окуясында алгачкы камалган активист.

Жамгырчиеванын сиңдиси Гүлай анын үй-бүлөсүнө бушайман:

- Эми үй- бүлөсү э мне болот?! Улуу кызы турмушта, кичүүсү энеси камалган убакта Бишкекте ооруканада эле, жакында сентябрда башынан операция болот. Турмуш деп кичине иштеп жүрдү эле эми кесилип кетеби? Жолдошу да эптеп эле жүрөт.

Жамгырчиеванын жолдошу Кубат Балыкчы шаарында такси айдап тирлик кылып атканын айтты. Гүлмира айым буга чейин автотранспорт, корей ишканаларында иштеп кетиптир. Жумушсуз жүргөндө А.Атамбевдин ишенимдүү өкүлү болуп иштөөгө макул болгон.

Энеси 27 күндөн бери камакта жатканына кичүү кызы Дилана өзгөчө кейип жатат:

- Апам Балыкчыга которулганда кирип чыккам. Абалы оор эле экен. Жүрөгү ооруп, ийне сайып веналары жарылыптыр. Башы да. Дубинка менен сабады деп өзү айтты. Бир эле жука кофтасы менен кетиптир, кийимдерин берсек аны да убагында албаптыр.

Шайлоонун арты менен камакта жаткандардын абалы, алардын саны боюнча так маалымат берилбей атат. Айрым булактар боюнча камактагылардын көрсөтмөлөрүнө жараша дагы адамдар камакка алынганы айтылууда.

Бирок алардын жакындары менен жактоочулары ашыкча маалымат берүүдөн чочулап атат. “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун төрайымы Т.Исмаилова бул ишти коомчулукка дайыма ачыктап турган жактоочу иштей турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG