Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:34

Бокс: кыргызстандыктар Миландагы дүйнө мелдешинде


Миланда өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык 8 жигиттин алтоо жеңилип, экөөнүн кийинки беттешүүлөргө жолу ачылды.

Учурда бокс күйөрмандары Миланда өтүп жаткан дүйнө биринчилигине кулак түрүп турган учур. Кыргызстандык бокс күйөрмандарына беттешүүлөрдүн жыйынтыктарын айта кетели.

Эң жеңил салмактарда үмүт жандырган токмоктук Азат Үсөналиев менен таластык Өмүрбек Малабеков алгачкы аттандаштарынан жеңилүү ызасын тартып, жаштык кылып коюшту.

Ал эми 57 кг. салмактагы токмоктук Аскарбек Калпаков кызыл маке кийип, швед Хассан Башир күч сынашып, 9:6 эсебинде Хассанга утулуп калды.

Ошондой эле 60 кг. салмакта оштук Абдилай Анарбай уулу дүйнө чемпионатынын биринчи күч сынашуусунда портокиркалык Жозе Педразага туш болуп, Абдилай 10:4 эсебинде утулуп калды.

Дүйнөлүк таймашууда 64 кг. салмакта Кыргызстандын намысын коргоп жаткан бишкектик Канат Сыдыкбековдун жолу болуп, биринчи беттешүүдө польшалык Мичель Леговксини 4:3 эсебинде жеңип алган эле. Канат 4-сентябрдын кечинде казакстандык Рустам Сваеев менен таймашууга чыгып, 20:6 эсебинде Рустамга алдырып койду.

Чүчүкулак кармоодо 69 кг. салмакта бишкектик Асадулло Баймурадов биринчи беттешүүсүн порторикалык Кристиан Пежуро менен өткөрүп, Кристианды 12:3 эсебинде Ассадулло утуп алды. Кыргызстандык бокс күйөрмандарынын үмүтүн жандырып турган Ассадулло Баймурадов чейрек финалга чыгуу үчүн түштүк кореялык Ман Юнг Жун менен күч сынашканы турат.

75 кг салмакта бишкектик Руслан Кариповду бокс адистери даярдыгы жакшы, тажрыйбасы дурус деп баалашкан. Бирок Руслан дагы үмүттү актай албай франциялык Матео Баудерликюго 16:8 эсебинде утулуп калып, мелдештен чыгып калды.

Миландагы дүйнө чемпионатында 91 кг. салмактагы токмоктук Ащи Рамазанга чүчүкулак кармоодо оңдой берди болгон. Ал экинчи айлампага түшүп, 6-сентябрда маракколук Мохамед Аржауой менен беттешкени даярдык көрүүдө.

Мурдакы дүйнөлүк үч чемпионатка калыс болуп келген бокс боюнча Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Мамыт Акеровдун пикиринде, мурда дүйнөлүк таймашууларда бир салмакта 32 мушкер күч сынашса, бул ирет Миланда бир салмакта 64 жигит мөрөй талашып, беттешүүлөр курч мүнөздө өтүүдө.

- Дүйнө чемпионатында бир-эки беттешүүнү утуу деле биз үчүн ийгилик, жылыш болуп эсептелет. Сегиз жигиттен алтоо утулуп, экөө гана калды. Бирок бул эки жигит деле күйөрмандарды кубантып, байгелүү орунга жетүүсү кыйын. Ассадулло менен Рамазандын эл аралык рингдеги тажрыйбасы жетишпейт. Дүйнө чемпионатына катышып, бир аз тажрыйба токтоп, чеберчиликтери жогорулап келсе болгону.

Дүйнө чемпионатына катышып жаткан кыргызстандык сегиз мушкерден алтоо жеңилип, 69 кг. Ассадулло Баймурадов жана 91 кг. салмактагы Рамазан Ащи гана калды.

Кыргызстандын бокс федерациясынын президенти Абдибакыт Халмурзаевдин айтымында, Италиядагы дүйнөлүк чемпионат кыргызстандык жаш жигиттерди сындан өткөрүп, эмдиги жылы Гуанжодо боло турган 16-Азия оюндарына жана 2012-жылкы Лондон олимпиадасына даярдык көрүүнүн башаты болду.

1904-жылдан бери бокс Олимпиялык оюндардын программасына кабыл алынган. 1920-жылы Эл аралык бокс федерациясы түзүлгөн. Ал эми 1974-жылдан бери эки жылда бир жолу бокстан дүйнөнүн чемпионаты өткөрүлүп келүүдө.

Бокс боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, АКШдагы кесипкөй боксчу Алмаз Райымкуловдун устаты Кален Асановдун пикиринде эгемендүүлүккө ээ болгону Кыргызстан бир нече дүйнө чемпионатына катышканы менен байгелүү орунга жетелек.

-Эгемендүү өлкө болгону кыргызстандык булгаары мээлей чеберлери Нурбек Касенов, Тилеберди уулу Абыл, Алексей Катулевский, Вячеслав Визильтер, Асылбек Таласбаев, Тилек Сапарбек уулу жана башкалар дүйнө чемпионаттарына катышкан. Бирок кыргызстандыктар ийгиликке жетишип, мөрөй алышкан эмес. Себеби бокска өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбай, машыктыруучуларга шарт түзүлбөй жатат.

1-cентябрдан 6-сентябрда чейин Миланда мыктыларды иргеп алуу таймашуулары улантылды. Эми 7-сентябрдан 9- сентябрга чейин чейрек финалдык күч сынашуулар өткөрүлөт. 11-сентябрда жарым финалдык беттешүүлөр болуп, баш байге, дүйнө чемпиондугу үчүн рингдеги таймашуулар 12- сентябрга белгиленген.

Миландагы бокс боюнча дүйнө чемпионатынын рингдеги күч сынашуулары 12-сентябрда жыйынтыкталат.
XS
SM
MD
LG