Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Мыкты мушкерлер Азия оюндарына катышат


Төрт күндөн бери Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда өлкөнүн бокс боюнча чемпионаты өтүп, мыктылар тандалды. 23-февралда финалдык күч сынашуулар болуп, баш байгенин ээлери аныкталды.

Жеңил салмакта бишкектик Нургазы уулу Самаган менен Асылбек Назаралиев өлкөнүн чемпиондугу үчүн күч сынашып, Асылбек артыкчылык кылып, алтын медаль тагынды.

51 кг. салмакта болсо финалга оштук Мирсаид Кулдашев менен Кумарбек Кочкоров чыкты. Калыстар Мирсаиддин даярдыгына жогору баа беришти.

54 кг. салмакта баш байге үчүн караколдук Медер Мамакеев менен таластык Өмүрбек Малабеков рингге чыгып, күч сынашты.

Жеңиштин бийик сересине көтөрүлгөн ысыккөлдүк Медер Мамакеев быйыл күзүндө Гуанжоудо өтө турган 16-Азия оюндарында өлкө намысын коргой турганын айтып, даярдыкты казактар менен бирге өткөрсөк дурус натыйжа берээр эле деп “Азаттыкка” билдирди:

- Быйылкы чемпионат абдан курч мүнөздө өтүүдө. Атаандаштарым дагы жакшы даярдык менен келиптир. Мына азыркы Өмүрбек менен болгон беттешүүгө күбө болдуңуздар. Өмүрбекке да баа берем, келечекте мыкты бокс чебери болмокчу. Алдыдагы максатым- дүйнө чемпионатында жана күзүндө Кытайдын Гуанжоу шаарында боло турган 16-Азия оюндарында Кыргызстандын намысын сактоо. Ошондой эле 2012-жылы Лондондо өтчү олимпиадалык оюндарга жолдомо жеңип алууга жетишүү .

57 кг. салмакта спорт чеберине талапкер Абдылда уулу Сыргак бул салмакта мыкты делип, далай ирет мөрөй алган спорт чебери, өлкө чемпиону Залкар Бакировду утуп, адистердин көңүлүн бурду.

60 кг. салмакта Афина жана Бээжин олимпиадаларынын катышуучусу канттык Асылбек Таласбаев бул ирет жаштарга кезек берип, мелдешке катышкан жок. Финалдык таймашууда канттык Эрмек Сакенов таластык Нурлан Кобашевди утуп, Эрмек өлкө чемпиону аталды.

64 кг. салмакта өлкөнүн чемпиондугу үчүн Бишкектеги Райкан Алканов спорт клубунун өкүлү Рахим Машрабаев менен спорт чебери Урмат Рыскелдиев күч сынашты. Натыйжада Рахим Урматтын эсин оодара согуп, жеңиштин бийик секисине көтөрүлдү.

69 кг. салмакта эл аралык мелдештерде мөрөй алып, Азия, дүйнө чемпионаттарына катышып, эл аралык чебер аталган Асадулло Баймурадовду караколдук спорт чеберине талапкер Максат Алибаев утуп алганына адистер дагы таңалып турушту.

75 кг. салмакта бишкектик Руслан Карипов менен чолпонаталык Александр Бахровдун ортосунда чемпиондук үчүн күч сынашуу болуп, калыстар Русланга жогору баа беришти.

Кыргызстандын бокс боюнча башкы машыктыруучусу Адыл Бекболотовдун пикиринде акыркы эки-үч жылда өлкөдө бокстун өнүктүрүүгө бир аз шарт түзүлүп, жаштарга көңүл бурула баштады.

- Айтмакчы, спорттун башка түрлөрүнөн Бишкек шаарынын спортчулары артыкчылык кылышса, ал эми бокстан андай эмес. Башка облустардын бокс мектептери да борбордон калышпайт. Төрт күндүк мелдештин жүрүшүндө өзгөчө жалалабаддыктар, кочкорлуктар, канттык спортчулар айырмаланышты. Келечектүү жаштар өсүп келатканы кубандырат.

81 кг. салмактагы боксчулардан чебердигин көрсөткөн оштук Жавлон Усманов менен токмоктук Чыңгыз Борбашев финалга чыгышып, баш байгенин ээси Чыңгыз деп табылды.

91 кг. салмактагы бишкектик Мыктыбек Мамасалиев менен оштук Рашид Аманкулов өлкө чемпиондугу үчүн рингде күч сынашты. Натыйжада калыстар Мыктыбектин даярдыгына, чеберчилигине жогору баа беришти.

Оор салмакта баш байге үчүн бишкектик Данияр Алымжанов менен канттык Кибар Кибаров күч сынашып, үч раундда тең Данияр артыкчылык кылып, 2010-жылкы өлкө чемпиону аталды.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, караколдук устат Тилекмат Энкеев мындай деди:

- Олимпиадалык жана Азиялык оюндарга 4-5 жыл үзбөй даярдык көрүү зарыл. Эл аралык чоң мелдештерге облусттук командалар барбасак, каражаттын жоктугу кендирди кести. Эгерде жаштарга жакшы шарт түзүлсө, азыр деле ийгиликтерге жетүүгө болот.

Быйылкы күч сынашууга өлкөнүн бардык аймагынан 200гө жакын боксчу келип, өз чеберчиликтерин, даярдыктарын сынады.

Быйылкы өлкө чемпионатында жеңип чыккан бокс чеберлеринен тандалма команданын курамы түзүлмөк, ошондуктан бардык облустардын өкүлдөр келишти.

Кыргызстандын бокс федерациясынын вице- президенти, бокс ардагери Райхан Алкановдун айтымында быйылкы эң маанилүү мелдеши- ноябрда Гуанжоудо боло турган 16-Азия оюндары.

Бокс адистери коңшу Казакстан жана Өзбекстандын командалары менен бирге машыгуу, алардан тажрыйба алуу керектигин жана чеберчиликти жогорулатуу үчүн эл аралык мелдештерге көп баруунун зарылдыгын айтышууда.
XS
SM
MD
LG